Menu

Эмне үчүн террордук актылар Түркияда?

Бөлүшүү:

Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин дүйнөдө жаңы система орношту. Кошуналары менен чыры бүтпөгүдөй жаңы, чырдуу чек аралар белгиленип мамлекеттер курулду. Көз карандысыздык белгиси деп желектүү да болушту.

Ошентип, буга чейин алсыз мамлекеттерди өз чеңгелинде кармап келгендер, колониялык башкаруу деген системаны жоготту.

Аларга чынында эле эркиндик бердиби?

Жок, эч кайсы алсыз мамлекетке эркиндик берилген жок. Болгону өздөрүн эми “көз карандысызбыз” деп эсептеген мамлекеттер пайда болду. Анан “көз карандысыз” өлкөлөр баардык байлыктарын өз эрки менен ири державалардын колуна өткөрүп берүүгө мажбурланган жаңы система курулду.

Кыргызстанды деле алып карайлы. Кайсы тармагыбыз ири державаларга көз каранды эмес? Стратегиялык мааниси бар көпчүлүк тармактарыбыз тушалган.

Ири күчтөр түзгөн жаңы системанын эл аралык коомчулукта жүргүзө турган иштерин мыйзамдуу кылып көрсөтүү үчүн кээ бир укуктук мүмкүнчүлүктөр керек болчу. Ал үчүн алгач Бириккен Улуттар Уюму курулду.

Азыр бул уюмдун системасын карайлы…

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ

Дүйнөдөгү 190 мамлекеттин 189 у бир чечим кабыл алып, бирок 5 ири мамлекеттин (АКШ, Орусия, Кытай, Франция, Англия) бирөө эле ага каршы чыкса, бул чечимдин эл аралык мааниси жок.

Палестинадагы Израилдин кыргындарын токтотуу үчүн БУУ чечим чыгарды. Бирок, жалгыз Америка вето койгон үчүн чечим укуктук жактан жараксыз болуп келет.

Ошондой эле дагы бир мисал. Сирияда миллиондогон эл-жеринен безген качкындарды пайда кылып, 300 миңдей адамдын өмүрүн алган согушту токтотууга Орусия каршы. Орусиянын ветосу болгон үчүн Сирияда азырга чейин азапта.

Тескерисинче алып карайлы…

Бириккен Улуттар Уюму Иран тууралуу эмбарго чечимин чыгарса баардык мамлекеттер аны колдоого милдеттүү. Эгер чечимге кайсы мамлекет каршы чыкса, ал өлкөгө да аскердик же экономикалык эмбарго киргизилет.

Демек, бул 5 ири мамлекеттин 1 инин кызыкчылыктарына туура келбеген кандайдыр бир чечимдин эл аралык мааниси да жок.

Ушундай система канчалык адилеттүү?

Демек, Бириккен Улуттар Уюму бул беш мамлекеттин дүйнөнү каалаганындай калчоосуна эч кимдин каршы чыкпашын камсыздоо үчүн түзүлгөн.

Адам Укуктары боюнча Европа Соту

Адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо деген максатты көздөшөөрү айтылат.

Кайсы адамдардын укугун коргоду?

Европа Адам Укуктары Соту бүгүнкүгө чейин батыштын жасаган эч бир кылмышына жаза берген эмес. Бул сот империялык күчтөргө каршы чыккан кыймылдарды басып туруу үчүн укуктун атына жамынып, адамдарды жалдап, кыйратуу, атүгүл жазаландыруу үчүн курулган.

Эл аралык Кылмыш соту

Эл аралык Кылмыш соту; адамдардын жасаган күнөөлөрүн изилдөө, керек учурда жазалоо үчүн курулгандыгы айтылат.

Кимдерди жазаландырды?

Бүгүнгө чейин ошол эле батыштын кызыкчылыгына туура келбегендерди, же алардын максаттарына кызмат кылбагандарды гана жазаландырды.

Палестина, Алжир, Руанда, Ливия, Түштүк Америка, Босния сыяктуу өлкөлөрдө империалист мамлекеттердин олчойгон кылмыштары дээрлик айыпсыз деп табылды.

Ал эми Эл аралык Жаза соту күнөөлүү деп тапкан кишиге бир мисал келтирейин…

Судандын түштүгүндө христиандар жашаган аймакта нефть бар болчу. Нефтиге ээлик кылуу үчүн батыш террордук аракеттерди колдоп, өлкөдө башаламандык жаратты. Өлкө башындагы Өмер Бешир өз өлкөсүнүн коопсуздугун камсыздоо аракети үчүн террорист деп жарыяланды. Эл аралык Жаза соту; аны кармалган жерден камоо чечимин чыгарды. Ошентип Түштүк Судан деген көз карандысыз өз алдынча өлкө пайда болду. Нефтини да колго алышты. Проблема жоголду.

Бирок, алар Дарфур аймагына да ээлик кылууну көздөшүүдө. Террордук аракеттер уланууда.

БУУНУН АЙЫЛ-ЧАРБА ЖАНА АЗЫК-ТҮЛҮК УЮМУ

БУУнун айыл чарба жана азык-түлүк уюмуна келсек. Дүйнөдөгү айыл чарба багытындагы жерлерди изилдөө, баалоо, ар бир адамга жетишээрлик айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү камсыздоо деген ыйык максатта түзүлгөн деп болжолдойбуз.

Бирок, ал уюм түзүлгөн күндөн бери , буга чейин жетиштүү эле болуп келген айыл чарбасы күндөн-күнгө жакырланууда. Айрыкча, өз жерлерин империялык мамлекеттерге тарттырып койгондордой эле, өзүндө жер аянты бар адамдар деле, урук жана жер семирткич менен камсыздандыруу боюнча да ошол мамлекеттерге көз каранды болуп калды.

Кантип?

Уюм акыркы технологиялар менен иштелип чыккан жер семирткич жана жогорку сапаттагы, мол түшүмдүү уруктарды иштеп чыгып сатат. Ошентип мурунку колдонулуп келген, түшүмү аз уруктар жоголо баштайт. Бирок, жаңы уруктун данынан жаңы уруктук өндүрүү мүмкүндүгү жок. Эмки жылы кайра эле урук сатып алууга мажбур болушат.

Эгер ал уюм саткан урукту албасаң, эчтеке өндүрө да албайсың.

Ал эми жер семирткичтери аркылуу жерди да ууландырышат. Наркоман адам сыяктуу эле топурак да алар өндүргөн дары менен гана түшүм берип калат. Болбосо жок.

Дыйкандар урукка жана жер семирткичке көп чыгым болуп атып, түшүмдөн пайда көрө албай калышат. Ошентип жерлерин сатып башташат. Аларды батыштык компаниялар алышат. Ошол эле дыйкандар мурдагы өздөрүнүн эгин аянтчасында империалисттердин арзан жумушчу күчүнө айланышат.

Ойлоп көрүңүздөрчү, дүйнөдөгү ачкачылык эң көп болгон өлкө Сомали менен Эфиопия. Ошол эле учурда, дүйнөнүн эң берекелүү эгин талаалары Сомали менен Эфиопияда.

Азыр ачкачылык дүйнөдө болуп көрбөгөндөй көп. Ошентип, ачка калган коомду көзөмөлдөө, колго алуу дагы да арзанга түшөт, колдонуу да жеңил.

Азырынча Кыргызстан Орусиянын көзөмөлүндө. Бирок, айыл чарбасынын башаты болгон суунун мекени Кыргызстан үчүн да кооптонгонго негиз бар. Урук жана жер семирткич маселесинин учу Кыргызстанга азырынча жете элек деп үмүт кылам.

“Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду” (ЮНИСЕФ)

Курулуу максаты балдарды коргоо болгону менен, иш жүзүндө империалисттик мамлекеттердин жумушчу күчүнө болгон муктаждыгын камсыздоо үчүн жаштайынан мээси жана денеси кулдаштырылган адамдарды өстүрүү үчүн иштөөдө. Бүгүн дүйнөдө согушчул балдар, сексуалдык кулчулуктагы балдар, жашы жете элек жумушчу балдар, наркоман балдар тарыхтын эч бир доорунда болуп көрбөгөндөй көп.

Ачык мисал Вьетнам…

Америка Вьетнамды кыйраткандан кийин, жетим балдарды топтоду. Аларды чоӊойтуп, кийинки согуш ачкан өлкөлөрүндө бекер аскер күчү катары колдонду.

Негизинен БУУнун Балдар фонду батыш күчтөрү үчүн ылайыктуу шарттарды даярдап беришет, маалымат топтошот.

Бир таанышымдын окуясын айтып берейин. Кызыл Крестте иштейт. Милдети Европадагы мусулман үй-бүлөлөрдүн балдарына камкордук кылуу, жардам берүү.

Бирок, көшөгө артында талап кылынган нерселер коркунучтуу..

Гумандуулук деген атка жамынып; үй-бүлөлөрдөгү социалдык, диний, тарбиялык негиздер боюнча маалымат топтоп, кийинчерээк ушул маалыматтар аркылуу ылайыктуу үй-бүлөлөрдүн балдарын тартып алуу максаттары бар. Үй-бүлөдө зордук-зомбулукка туш болууда, баланы жетиштүү камсыздандыра албай жатышат деген сыяктуу бир топ шылтоолору бар. Батыштыктар балалуу болушпайт да көбүнчө. Анан ал уюм балдарды христиан, атеист, гомосексуал үй-бүлөлөргө асырап алууга беришет.

Дагы бир жагдай; азыр согуш тынчыбаган, азып-тозгон Орто Чыгыш өлкөлөрүнүн балдары батыштагы секс базарынын, кул базарынын товарлары катары колдонулууда.

Акча менен, күч менен балдар батышка ташылууда.

Түштүк Америкадагы наркотик өндүрүүдөгү жана аны дүйнөдө сатуудагы жаш балдардын колдонулуусу өзүнчө кенен тема.

Албетте, БУУ булардын баарын билип турат, атүгүл анын көзөмөлү менен болуп жатат.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму;

Адамдардын саламаттыгы, жугуштуу оорулардын алдын алуу деген сыяктуу бир топ ыйык милдеттери бар экенин билебиз. Бирок, биз эмне иштерди жүргүзгөнүнө карайбыз…

Бул уюм жер жүзүндө эң ыплас иштерди жасайт. Өнүккөн өлкөлөрдүн ири финансылык булагы болгон фармацевтика сектору аркылуу акча табууну көздөйт. Дары сатып алууну камсыздаган шарттарды пайда кылат. Далил келтире кетсек:

“Дүйнө жүзү Эбола тууралуу чындыкты билүүгө тийиш. Бул вирус Кызыл Крест уюму аркылуу белгиленген 4 өлкөгө гана алынып келинген жана анын көздөгөн максаттары бар. Ал ооруга чалдыккандардын баары аталган уюмдан медициналык жардам алып жана вирустун алдын алууга ийне сайынгандар. Ошол себептен Либерия жана Нигерияда Кызыл Крест уюму куугунтукталууда”,- деген Батыш Африкадагы Гананын тургуну Нана Кваме.

Байкасаңыз, дүйнөдө бир жаңы оорунун түрү биринчи жолу дайыма өнүкпөгөн өлкөлөрдө пайда болот. Бул уюм өз лабораторияларында иштеп чыккан жаңы ооруну дүйнөдөгү артта калган өлкөлөрдө эксперимент катары сынап көрүшөт. Кийинчерээк аны айыктыруу үчүн өз дарыларын сатышат. Бул үчүн саламаттыкты сактоо боюнча 50 жыл мурдагы статистиканы жана азыркы статистикаларды салыштырып көрүңүздөр.

Ооба, Түркия эмне үчүн террордук чабуулдардын ордосуна айланды?

Бир канча себеби болушу мүмкүн. Бирок, эң чоң себеби, Режеп Тайип Эрдогандын “Дүйнө бештен чоң” деген сөзү. Түркия лидери бул системанын жоголушу керектигин билдирди. Ошол күндөн бери Түркия террордон да, проблемадан да кутула албай келет.

Бүгүнгө чейин дайыма өздөрүн атаандаш көрсөтүп келген Америка менен Орусия; алардын системасына каршы чыккан Түркияны кыйратуу үчүн биригишти. Өз ара бир топ багыт боюнча конфликттери бар экенине карабай, баардык батышчыл мамлекеттерди да жанына алышты.

Бирок, Түркия кол куушуруп аларды карап отурбайт. Дүйнөдөгү кысымга алынган, эзилген баардык өлкөлөрдүн адамча жашоого жетиши үчүн колунан келген күрөшүн жүргүзмөкчү.

Албетте, эки тараптагы күчтөрдүн айырмасы абдан чоң. Бир адамга жүз адам дегендей.

Тарыхтагы эң узак мезгил дүйнөнү башкарган империянын мураскорлору бул согуштан да жеңиш менен чыгат деп ишенели. Себеби, алар тажрыйбасында мындан кыйын жагдайларды да жолго коюп келген.

Эми Түркиянын жанында ким болоор экен? Балким, башка мусулман мамлекеттери жанында болсо Түркиянын курмандыгы дагы да азыраак болоор беле?

Анкарадагы жардырылган бомбаларга келсек, аны жасады деп ар кайсы тараптан шектенүүнүн кереги жок. Бул жардырууну уюштурган террордук топторду колдогондор ошол эле Бириккен Улуттар Уюмунун беш “маанилүү” мүчөсү.

Гиза Маматкулова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: