Menu

Ак үйдөгү ормондордун опузасы

Бөлүшүү:

Мамлекеттик мекемеде же окуу жайларында иштеп  жүрүп “Агымга” кабар жазып, ой-пикирин билдирген адамдарды Акүйдун  идеологиясын тейлеген “жасоолдор” телефон аркылуу коркутуп, киши жиберип, “ээн ооз” гезитке экинчи жазбас кылып үшүн алып турган мисалдар Акаев президенттиктен кетерге аз калган жылдары аябай көп болгон. Ошол кезде “Кыргыз республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” мыйзам элдик талкууга коюлуп, талкууга биз да катышып, окурмандардын ой-пикирлерин жарыялап турдук. Кезектеги “Бомбейкатка” (“Агым”, 13-декабрь, 2002-жыл, 1-бет) КМУда мага философиядан сабак берген Темир Эсенгелдиев агайымдын макаласынын атын “Ормон оюна келгенин кылат болбойлу” деп коюп туруп басып жибердим. Макала төмөнкүдөй эле:
“Акаев президенттиктен кеткенден кийин коргомокчу болгон ошол Конституциянын 53-статьясынын 1-пунктуна киргизилген толуктоо төмөнкүдөй болчу: “Экс-президент колтийбестик жана иммунитет укугуна ээ болот. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүргүзүү мезгилинде жасаган аракеттери, ошондой эле ошол мезгилде айткан пикирлери үчүн кандайдыр бир куугунтуктоого алынышы же жоопкерчилик тартышы мүмкүн эмес”.
Буга каршы болгон агайым минтип жазып келиптир. “Бул боюнча кичине ой толгоп көрсөк, Кыргызстандын Президенти он эки жыл ичиндеги жасаган ар кандай оң жана терс аракеттери үчүн эл алдында да, мыйзам алдында да, тарых алдында да эч качан жооп бербейт, ал турсун талкуулоого, сындоого да, анализге да алынбайт. Демек, Президент да жана келечекте иштей турган Президенттер да илгери-кийин эч нерседен чочулап коркпой, оюна келгенин жасай берсе (монарх сымал) боло берет деген корутунду чыгып жатпайбы.
Бул жерден мен төмөнкүдөй кайчы пикиримди айткым келет: “Иштеп турган Президент өз учурунда эле эл алдында жооп берет жана керек болсо жоопко (жазага) да тартылат”. Бул сөз жүзүндө, мыйзам жүзүндө туура. Ал эми иш жүзүндөє болсо андай эмес. Эстеп көрөлүчү: иштеп турган президенттерден жоопко тартылганы азырынча жокко эсе. Тартылса Латын Америкасы менен Африканын айрым өлкөлөрүндөй көтөрүлүш, кан төгүү, төнкөрүш жолу менен тартылып келет.
Ошондуктан, талкууга алынган тексттен “…Ал Кыргыз Республикасынын…” деген сөздөрдөн тартып, “…мүмкүн эмес” деген сөздөр менен бүткөн сүйлөмдү Конституциядан алып салууну сунуш кылам.
Менимче Кыргызстанда Конституциялык Сот артыкбаш болуп турат. Анткени ал, биринчиден, Жогорку Сотту туюндурат, аны кайталайт жана ага альтернатива. Жогорку Сот–Жогорку мыйзамдан келип чыгат жана аны жетекчиликке алат, жогорку мыйзамыбыз болсо–Конституция. Демек, экөө тең жогорку мыйзамдын соту. Конституциялык сот кээде “конституциялык эмес” чечим кабыл алганы факт. Мисалга президенттик мөөнөттү узартканын келтирсек болот. Ошону менен ал эл алдындагы кадыр-баркынан такыр ажырап калды. Конституциялык сот түзүлгөндөн бери өзүнө чыгымдалып жаткан мамлекеттик арбын каражаттарды толук актабай, жакырчылыкта “жатып ичер” сыяктанып, өзүнүн жетиштүү составы менен жыл бою ашып кетсе араң беш иш карайт экен. Жогоркулардан улам Конституциялык сотту сот системасынан кыскартып койсо болмок.
Темир Эсенгелдиев, философия илиминин кандидаты, доцент
“Агым” жарык көрдү да эртең  менен элге тарап кетти. Түштөн кийин агайым:
-Шайлообек, Акүйдөн  менин ректорума “Эсенгелдиевди бошотуп салгыла” деп телефон согуптур. Ректор менин кафедра башчыма: “Бошотолу, “Агымга” барып иштесин” дейт. Башчым мага: “Жумуштан кетмек болдуң” дейт. Мен актандым: “Текстте Ормон деген сөз жок болчу, гезит кошуп жазып коюптур” деп. Ал кеңеш берди: “Гезит кайра жазсын, эмне үчүн кошконун, ошондо балким аман каласың” деп. Эми мени “Агымга” кызматка алгын, ректорум иштен айдаганы жатат. Ал аз келгенсип, бир жаш жигит “Агымды” көтөрүп алып кафедра башчыма: “Мен деген Ормондун чөбөрөсү болом. Эсенгелдиев деген силерде иштейт экен. Мага таап бериңиз, Ормонду оозанган неменин оозунан кан келтирип коеюн” деп жулунуп келиптир. “Ал бүгүн иштебейт, күтө тур, мен өзүм  кабар берем, гезит оң доп жазмай болду” деп кабинетинен араң чыгарыптыр. Каяктагы Ормонду кошо койдуң эле?”, – деп ыйламсырап телефон чалды.
Агайдын абалы кыйын экенин дароо түшүндүм. Анан “Агымдын” кийинки эле санына (“Агым”, 20-декабрь, 2002-жыл), гезиттин 1-бетине “Ормондон от чыгарбагыла” деген ат менен: “Ак үйдүн идеологиясын башкаргандар дароо ректорго телефон согуп, Ормонго тиш салган баатырдын тишин чагыш керек дегендей кыязда ишарат кылса керек, ошентип күнөөсүз жерден Темир Эсенгелдиевдин жанын эки кыла башташты. Ормондон олуттуу фигура жасап жаткандарга айтарыбыз, бул макаланын аталган заголовкасына Эсенгелдиевдин эч кандай тиешеси жок. Аны окутуучу эмес, редакция өзү койгон. Басма сөз мыйзамына ылайык келген каттарга кандай рубрика, кандай заголовка коерун ар бир редакция өзү чечет. Андай эле Ормонду сүт менен жуугусу келгендер болсо, анда Калыгул олуянын, Белек Солтоноев баштаган кыргыз тарыхчыларынын китептерин кайда катасыңар?” деп каяша жазып жарыяладым.
Гезит чыккандан эки күндөн  кийин агайым кайра чалып, иштен кетпей калганын, Ак үйдөн куугун токтогонун айтып, ыраазылыгын билдирди. Менин да көңүлүм тынчый түштү.
Эми ал кезде мындай окуялар аябайле арбын болгон. Агайым азыр Агрардык университеттин профессору.
 
Шайлообек Дүйшеев
Булак: «Багыт.кж»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: