Menu

Нарында кымыз жасоочу аппарат ойлоп табышты

Бөлүшүү:

Назира Касымбекова Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин физика мугалими болуп үч жылдан бери эмгектенет. Кымыз жасоочу аппаратын “жайлоо шартында кымызды күч коротпой жасооч” деп атаган.

“Бул апараттын кандай иштээрин бир жылдан бери текшерип келгемин, эми жасап чыктык. Анан бул куралга биз “жайлоо шартында кымызды күч коротпой жасооч” деп ат койдук”,-дейт Касымбекова.

Аппарат күндүн, суунун же болбосо шамалдын энергиясы, андан сырткары генератор менен да иштөөгө ылайыкталып жасалган. Мындай аппаратты ойлоп жасагандыгынын себебин, жайлоодо кымызды кол менен чалып убакыт коротуп отурбай, ошол каражаттын жардамы менен бат жана оңой эле кымыз жасоого болот деп айтып берди Назира Касымбекова.

Идея Назира Касымбековага таандык болгону менен ага бул аппаратты жасоодо ошол эле мектептин математика мугалими Медина Молдалиева жана 11-классынын окуучусу Акай Орозкожо уулу да жардам беришкен.

 

Булак: “Багыт.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: