Бүгүн тажик парламентинин депутаттары Кылмыш жана Укук бузуулар тууралуу кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карашат.
Ага ылайык мыйзамсыз акча алмаштыруу үчүн жарандар 9 жылга чейин камалып кетиши мүмкүн.
Буга чейин Тажикстандын Улуттук банкы чет элдик валюта менен жүргүзүлгөн мыйзамсыз операциялар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштаган. Мыйзам долбоорлордун максаты – улуттук валютанын кунун сактап калуу.
Тажик президенти өкмөттүн жыйынында белгилегендей, улуттук валютанын жасалма нарксызданышына кызыктар адамдар бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ