Menu

СДПКчы Ирина Карамушкина ушак тараткандыгы үчүн соттун чечими менен Өмүрбек Бабановго 250 000 сом төлөп берет

Бөлүшүү:

Доогер Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын 2015-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындар залында айткан: «Заключенная Адина Турдубаева полагает, что сгниет в тюрьме, пока Омурбек Бабанов ходит по земле. «Я была у нее, видела ее ужасное состояние. Она вся в трубочках, на препаратах. Тогда она говорила, что ее строительный бизнес отобрал Омурбек Бабанов и ее не отпустят, пока она не умрет. Почему глава Центра по предупреждению пыток не разбирается с такими вопросами?» – деген маалыматы чындыкка дал келбегендигине байланыштуу Свердлов райондук сотуна абийирине, ар-намысына шек келтирилип, ишкердик беделин коргоо максатында арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма-сөз кызматы билдирди.

Доогер Өмүрбек Бабанов моралдык чыгашасы үчүн жоопкер Ирина Карамушкинадан 5 000 000 (беш миллион) сом жана сотко катышкан мыйзамдуу өкүлүнүн чыгымы үчүн  62 150 сом өндүрүлуп беруусүн талап кылган.

2015-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен Өмүрбек Бабановдун Ирина Карамушкинага карата ар намысын коргоо боюнча доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2015-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындар залында жоопкер Ирина Карамушкина тарабынан таратылган:«Заключенная Адина Турдубаева полагает, что сгниет в тюрьме, пока Омурбек Бабанов ходит по земле. «Я была у нее, видела ее ужасное состояние. Она вся в трубочках, на препаратах. Тогда она говорила, что ее строительный бизнес отобрал Омурбек Бабанов и ее не отпустят, пока она не умрет. Почему глава Центра по предупреждению пыток не разбирается с такими вопросами?» маалыматы чындыкка дал келбейт деп, Карамушкина И.Ю. буга чейин жарыялаган «АКИpress» маалымат агенттиги менен «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-порталында төгүндөгөн маалымат жарыялоого милдеттендирилди.

Төгүндөөчү маалымат чечим күчүнө кирген убактан соң, эки жуманын аралыгында жарыяланууга тийиш.

Ирина Карамушкинадан Өмүрбек Бабановдун пайдасына 250 000 (эки жүз элүү миң) сом өндүрүлсүн, ал эми юридикалык кызмат көрсөтүү чыгымдары үчүн 30 000 сом төлөнүп берилсин деп чечим чыгарган. Калган учурлар боюнча доо арыз канааттандырылган эмес.

Жогорудагы чечим боюнча 2016-жылдын 9-мартына карата Бишкек шаардык сотуна бир да тараптан арыз келип түшкөн жок.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: