Menu

Улуттук Гвардиянын Оштогу бөлүгүнүн аскерин токмоктошконбу?

Бөлүшүү:

Төлөгөн Абдимитал уулу – Улуттук гвардиянын Ош шаарында жайланышкан 703-аскердик бөлүгүнүн жоокери. Ал кызматы аяктаарына үч ай калганда буту сынып ооруканага  түштү. Ага бул кейипти аталган аскердик бөлүктүн старшинасы Довран Юлдашев кийгизген. Бул жөнүндө сабалган жоокер өзү жар салды.

Катардагы жоокер Төлөгөн Абдимитал уулунун айтымында, ошол күнү маанайы жакшы болгон старшина тамашалап жоокерди бутуна тепкен. Бирок, дал ушунун кесепетинен уулу ушундай абалга тушукканына жоокердин апасы дегеле ишенбейт.

Анын оюнча, уулуна зордук-зомбулук дагы жасалган. Ушул тапта жапа чеккен жоокер жашырып эч нерсени ачык айтпай жатат.

Ошентсе да, катардагы жоокер Төлөгөн Абдимитал уулу окуяны аскер бөлугунүн  билдирбөөгө» далбаса жасоодо. Бирок,  анын алгач аксап басканын көргөн командири жоокерди дарыгерлерге жибергенде гана буту сынганы тастыкталган. Анан ооруканага корогон чыгымды бүт старшина көтөрөт. А жараланган жоо­кердин абалынан аскер бөлүндөгүлөр күн сайын кабар алып турушат.

Соңку сатта бул фактынын негизинде Ош гарнизондук аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Алгачкы сурак маалында жабырлануучу “жөн гана жыгылдым” деп айтып, кийин гана старшина тепкенин моюндап олтурат. Ал эми айыпталып жаткан старшина Давран Юлдашевдин үстүнөн кызматтык иликтөө иштери жүрүүдө. Факт боюнча атайын экспертизанын жыйынтыгы дагы көп талашка чекит коймокчу. Ошонун негизинде гана старшианын жоругуна юридикалык баа берилип, айыпкерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүлөт.

 

Булак: “Багыт.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: