Бишкек шаарында 10-март күнү түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болушу күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарында 10-март күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° жылуу болушу күтүлөт.
10-март күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактардын авто жолдорунда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
11-март күнү түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
12-март күнү түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын көпчүлүк аймактарда күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын авто жолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
13-14-март күнү мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ