Menu

Турусбек Абдылдаев, медицина илимдеринин доктору, профессор: “Онкология тармагына бөлүнгөн 3 млд. сомдун бири да дарегине жетпей келет”

Бөлүшүү:

— Бейөкмөт уюмдар жакында онкология жаатын башкарып, рак ооруларын дарылоого киришеби?

Айрым бейөкмөт уюмдар интерент, ММКлар аркылуу 2015-жылдын статистикасы боюнча Кыргызстанда рак илдетине кабылгандардын 60 пайызы каза болот, химиятерапияны алуу үчүн миң доллардан жогору сумма сарпталат жана рак илдетине кабылгандар морфинге муктаж деген такталбаган маалыматтарды таратып, онкологиялык илдетке кабылган бейтаптардын үрөйүн учурууда.”Мы за Кыргызстан без рака” аттуу бейөкмөт уюмдун аталышына маани бере турган болсок, бул бейөкмөт уюм кандай жол менен Кыргызстандагы рак оорусу менен ооруган бейтаптарды рактан арылта алат? Мүмкүн рак менен ооруган бейтаптарды Кыргызстандан сырткары чыгарып арылтабы? Кандайча бул бейөкмөт уюм Кыргызстанда ракты жогото алат? Мына ушундай маалыматтардын негизинде Бишкектеги онкологиялык оорукананын химиотерапия бөлүмүнүн  башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор  Турусбек АБДЫЛДАЕВге кайрылганыбызда төмөндөгүдөй маалыматтарды берди.

“Бейөкмөт уюмдар мындай адамдын үрөйүн учурган маалыматтарды кайдан алганы белгисиз, бирок жеке мен жетектеген химиотерапия бөлүмү 2015-жылдын статистикасы боюнча жалпы 1 270 бейтапты кабыл алган. Мурда бул бөлүм 80 орундуу эле, реформанын негизинде 40 орундуу болуп кыскарып калган. Ошол 40 орундуу бейтапканага 1 300дөн жогору бейтап дарыланып, кезек күтүшөт, андан сырткары 5 орундук күндүзгү амбулатордук бөлүм аркылуу 2 882 бейтап химиотерапия алган. Химиотерапия бөлүмү бир жылда 1 270 ( жалпы 4 152) бейтапты кабыл алып, аларга көмөк көрсөткөнү бул чоң көрсөткүч, анткени борбор калаада 5 000ден ашуун рактын ар кандай илдети менен жабыр тарткан бейтаптар бар. Башкача айтканда бул бөлүм ар бир үчүнчү  бейтапты кабыл алган. Кайрылган бейтаптардын 2015-жылы 3 адамы гана каза болгон бул 0,23 гана пайызды түзгөн. Ал эми бейөкмөт уюмдар “60 пайыз адам каза болот” деген маалыматты каяктан алган белгисиз?…

Химиотерапия бөлүмүндө көбүнчө аялдар эмчек рагы, жатын моюнчасынын рагы менен ал эми эркектер өпкө, ашказан рагы менен кайрылышат. Мамлекет тарабынан бул бөлүмгө алты жылдан бери дары-дармекке бир да тыйын бөлүнбөгөндүктөн ар бир бейтап өз чөнтөгүнөн дары-дармек сатып алууга муктаж. Химиотерапиянын бир дарылоо курсуна болжол менен 2 500-15 000 сомдун тегерегинде дары-дармек сарпталат. Мындай курсту 6 жолу алышы мүмкүн бейтаптын дартына жараша болот. Дарыланып жаткан бейтап ар бир курстан соң 21 күн эс алып, кайрадан кайталоо зарыл. Бейөкмөт уюмдар рак менен ооругандар морфинге муктаж деген маалыматтарды тараткан экен. Алардын түшүнүгүндө рак илдетине кабылгандын баары эле морфинге муктаж болуп наркоман болуп калабы? Бул туура эмес, биз ага жеткирбегенге аракет кылабыз. Ошолорду албаш үчүн дары менен дарылай турган бир топ жолу бар. Мисалы менин бөлүмүмө кайрылган 1 270 бейтаптын ашып кетсе төртөө кыска убакытка морфин (0,4 пайызы) алат, андан соң ошол абалдан чыгып кеткенге жардам беребиз. Ал эми бир промедол, морфин 37-100 сомго чейин турат. Ошол эле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү  рак оорусун паллитивдик гана жол, анын ичинде морфин менен гана дарылоого мүмкүн экендигин тынбай реклама кылып жатышат. Химиотерапия, эндокринотерапия, таргенттик терапия деген ыкмалар такыр эле интернет, гезит жада калса парламенттик трибуналардан айтылбай келет. Бул өтө эле коркунучтуу, туура эмес тенденция десем жаңылышпайм. Эмне эми ушул бейөкмөт уюмдар жакын арада онкология жаатын башкарып, рак ооруларын дарылоого киришет деген кепби? Тезирээк өкмөт жана парламент муну колго албаса жакында бул чоң көйгөйгө айланып калышы толук мүмкүн”.

 Өкмөт колго албаса, анда бул жерде дарылангандар кол топтоп алып Ак үйдүн алдына чыгабыз

Турусбек АБДЫЛДАЕВ мамлекет тарабынан онкология тармагына 3 млрд. сом бөлүнөт деген акчанын бири да бул бөлүмгө жетпей келгенин билдирди. Анын ичинен болжол менен 440 млн. сом атайы онкология  бөлүмүнө бөлүнөт экен. Тилекке каршы алты жылдан бери химиотерапия бөлүмүндө шприц, вата, спирттен башка бир дагы бейтаптарга керектүү дары-дармекттер жок. Эгерде 440млн. сомдун  40 млн. сому гана химия-терапия бөлүмүнө бөлүнсө, бул бөлүмдө дарыланган бейтаптарга бир топ жардам болот деген пикирин айтып кейиди. Андан соң бул бөлүмдө дарыланып жаткан бейтаптардын көйгөйүн уктук. Бейтаптар өкмөт тарабынан ракка кабылгандарга эч кандай жардам көрсөтүлбөй өздөрүн мамлекеттин өгөй балдарындай сезгендерин айтышып нааразычылыгын билдиришти.

жанылЖаңыл ТУРДУБЕКОВА, бейтап, 54 жашта:“Өкмөт чара колдонбосо, онкологиялык бейтаптар Ак үйдүн алдына чыгабыз”

— 2011-жылдан бери бери рак илдети менен жабыр тартып келем. Эки жолу операция болдум. Балыкчы шаарынан оорунун айынан ушул жерге келип жатып химиотерапия алам. Ар бир курс дарыланууга 15 миң сомдон акча керек, мындай курсту 4-5 жолу кайталаганга туура келет. Ар бир химия алганда чач, кирпик, каш түшөт, көздүн көрүшү начарлайт. Негизи убакытты өткөрбөй убагында акча таап келип дарылануу зарыл. Айрым учурда бейтаптар эптеп дары-дармегине түгүл, жада калса бир сындырым нан сатып алганга акчалары жоктор кездешет. Бул бөлүмгө кайрылгандарга жетекчилиги колдон келген жардамын берет. Бирок, мамлекет тарабынан онкологиялык дарт менен жабыр тарткандарга эч кандай жардам жок. Эмне себептен бизге окшогон бейтаптарга жардам көрсөтүлбөйт, акча бөлүнбөйт? Өкмөт, качан гана элдер Ак үйдүн алдына көтөрүлүп чыкканда гана элдин көйгөйүн карайт окшойт. Эгерде онкологиялык дарт менен жабыр тарткандарга дары-дармектерине жардам көрсөтүп Өкмөт колго албаса, анда бул жерде дарылангандар кол топтоп алып Ак үйдүн алдына чыгабыз.

адилаханАдиляхан АРЗЫКУЛОВА, бейтап: “Инвалид балам бар, жардамдашкан адамым жок”

— Атайын Ош шаарынан келем. Ал жакта онкологиялык бөлүм бар, бирок дары-дармек кымбат. Бул жерде 4000 сомго алган дары ал жакта 8 000 сом турат ошондуктан ушул жерге келип дарыланып кайра 21 күн эс алып кайра келүүгө туура келет. Самолет менен барып келем, жол кире 5 000 сом. Жолдошуман айрылып калгам, инвалид балам бар, жардамдашкан адамым жок.

Учурда рак менен ооруган бейтаптын көбү социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр. Ансызда жашоодон үмүтүн үзгөн бейтаптарга Өкмөт дары-дармегинен жардам кылып, көңүл бурса кана. Биздин мындан аркы изилдөөбүз маегибиз, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Саламаттык сактоо министрлиги менен болмокчу.

(уландысы бар)

Перизат КАДЕНОВА

Булак: “Эл деми”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: