Бул жөнүндө өлкөнүн билим берүү жана илим министри Элвира Сариева редакциябызга сүйүнчүлөдү.
– Быйыл Кыргызстан аймагында 100 мектепти куруу пландалган. Мунун ичинде боз үйдө жана бирөөлөрдүн турак жайларында билим алып жатышкан Кара-Суу районундагы Кожокелең айылынын Султан Ибраимов атындагы орто мектебинин окуучулары дагы жаңы окуу жылында заманбап билим уясына ээ болушат, – деди Элвира Сариева.
Белгилей кетчү жагдай: Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылындагы Султан Ибраимов атындагы орто мектептин окуучулары соңку тапта боз үйдө билим алып жатышкан. Акыркы саттарда гана алар айылдыктардын бош турак жайларгына көчүрүлдү.
Бул мектеп былтыр авариялык абалга, кептелип, курулушу башталган. Тилекке каршы, каражат жоктугунан токтотулган.
Ошондуктан, кулаганы турган мектепте окуучулардын окуусуна тиешелүү уюмдар тыюуу салышкандан кийин гана балдар окуусун боз үйлөрдө, бирөөлөрдүн жеке турак жайларында улантып келатышат.
Алишер Токсонбаев
Булак: “Майдан.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ