Өткөн жылдын 8-декабрында Токмок шаарынын тургуну Чуй-Токмок адвокатурасынын башчысы, 1984-жылы туулган Рахат Абдрахманованын Land cruzer улгусундегу мамлекеттик белгиси S 6777АЕ автоунаасын сыртынан тааныш адамдар “Биздин автоунаабыз бузулуп калды. Сиз машинаңызды берип туруңуз? Бир жерге барып келе калалы?”- деп сурашып, ошол минип кетишкен бойдон изин суутушкан.
Бул боюнча Токмок шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 166-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. “Автоунаасын Баткен тарапка алып келип сатышат экен”- деген кабарды эшиткен Рахат Абдрахманова түз эле Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Ашым Тагаевге келип кайрылган.
Ашым Тагаев Тажик республикасынын Согдий облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын генерал-майору Шариф Назаров менен телефон аркылуу байланышкан. Ошентип эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында, Рахат Абдрахманованын автоунаасы эки айдан кийин, тактап айтканда, 2016-жылдын 23-февраль күнү кечке жуук Кыргызстан аймагына жеткирилип, Баткенде ээсине кайтарылды.
– Мен эми Тажик Республикасына кирип кеткен автоунаамды кайтарып ала албайм го деп такыр түңүлгөнмүн. Баткен милиционерлери өз милдеттерин так аткараарына дагы бир ирет ынандым. Мындан тышкары эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин ортосунда дагыле ынтымак күч экениндигине көзүм жетти, – дейт жоголгон машинасы кайра колуна тийген Рахат Абдрахманова.
Булак: “Майдан.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ