Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жашоочулары айыл борборуна чогулуп, Узун-Акмат алтын кенин иштетүүгө каршылыгын билдиришти. Бул жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Миргазы Өзүбеков маалымдады.
– Узун-Акмат-1 дарыясынын жээгиндеги Корей участогунан казылуучу алтын кен менен бирге урандын запасы жатат. Эгерде кен ишке түшсө, уран калдыктары ачылып, айылдын тургундарынын өмүрү коркунучка кептелет. Узаган аптада компаниянын техникаларын өткөрбөстөн артына кайтарганбыз, – деди Миргазы Өзүбеков.
Баса, өткөн аптада чогулгандар менен Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов кездешип, алардын талаптарын акырына дейре тыңдаган. Район башчысынын айтымында, каршы тараптар менен бирге мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылгандар да бар, ошондуктан, жергиликтүү калк арасында ушул тапта түшүндүрүү иштери күчөтүлдү.
Уюштуруучулардын эсебинде, нааразычылык акциясына 1500дей киши чогулду. Ал эми район бийлиги ЗООден ашуун адам гана топтолгондугун айтууда. Митингдин соңунда чогулгандар 5-март күнү Кыргыз Өкмөтүнүн тиешелүү мүчөлөрү келип эл менен бетме-бет жолугушуусун талап кылып тарашкан.
Баса, Токтогул районунун Кара-Күңгей айылына жакын жайгашкан алтын кенин иштетүүгө “Спектр” компаниясы 2009- жылы уруксат алган. Бул компаниядан “Кассана Минерале” лицензиясын сатып алган. Акыркы маалыматтарга таянсак, кенге уруксат берилген жер 18 гектарды түзөт, анда 69 килограмм гана алтын запасы бар.
Булак: “Майдан.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ