Menu

Эльнура Кулуева, “Кыргыз тилектештиги” коомдук бирикменин негиздөөчүсүнүн бири: “Элечек кут, жаратмандык алып келе турган символ…”

Бөлүшүү:

– Элнура айым, кечээ жакында “ Ак элечекчен айым-2016” долбоорун улуттук деңгээде өткөрдүңүздөр. Бул долбоордун максатына токтолуп өтсөңүз?

ак элечек– Жалпыга маалым, 2016-жыл Президенттин жарлыгы менен “Тарых жана Маданият” жылы болуп белгиленди. Ушундай чоң даталар белгиленүүчү жылы, элдин маданиятка, тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, улуттук, салттык кыргыздын баалуулуктарын даңазалап, элдин руханий жан дүйнөсүн ойготуу, тарбиялык санатты жайылтууну колго алууну чечтик. Кыргыз элинин өзөгүн маданият, тарых аркылуу бекемдөө, ыйман асылдуулугун арттыруу. Эне- Асылзат ыйыктыгы менен коомду терс таасирлерден сактоо болуп саналат. Кыргыз айымдарынын үлгү болчу жолун көрсөтүү жана аларды даңктоо башкы максат. “Ак элечекчен айымдар майрамы – 2016” иш чарасынын бирден бир максаты, 5-6-март кыргыздардын улуттук баш кийим күндөрү деп майрамдоо демилгесин көтөрүп чыгуу болду. Эл ичиндеги энелерибиздин мамлекет алдында, улут алдында, үй бүлө алдындагы өрнөктүү кызматын алдыга алып максатында өткөрүлдү.

ак элечек 2– Эмне үчүн элечекти тандап алдыныздар?

– Бүгүн улуттук касиетибизде элечектин орду чоң. Элечек кут, жаратмандык алып келе турган символ. Элечек аруулукту, тазалыкты, ыйыктыкты тартуулайт. Мына ушундан улам бул долбоорго негизги предмет Элечек тандалып алынды…

– “Супара” этно борборунда өткөн бул иш чарага канча айым катышты?

апалар– Жалпы дубандан 180 айым катышты. 7 дубандан келген 11 айымга алтын диплом ыйгарылды. Бул жерде дагы бас белгилеп кетчү жагдай “ Ата бейитти” ачкан 86 жаштагы Б.Кыдыралиеваны , 81 жаштагы театрда иштеген Ж.Быйтыкееваны, кыргыздын спорт сыймыгы Канат Бегалиевдин апасы Б.Маниярованы, журналист Кален Сыдыкованы өзгөчө белгиледик.

– “Кыргыз тилектештиги” коомдук бирикмеси жөнүндө маалымат берип кетсеңиз?

эль2– Курамына 20га жакын коомдук уюм жана фонд кирген, “Кыргыз тилектештиги” биримдиги, 2015-жылдын 14-октябрында уюшулган. “Кыргыз тилектештигинин” багыты элибиздин биримдиги, мекенибиздин бүтүндүгү, ниетибиздин тилектештиги, ак дил, асыл ой, адал жашоо аркылуу сөздүн иштин бир нукка түшүүсүнө жетишүү. Бир сөз менен алганда өнүгүүнүн тилектештик жолун табууга бел байлоо. “Кыргыз тилектештигинин” биринчи кадамын коомдогу баалууктарга болгон сый мамиле көрсөтүү менен Кыргызстанда алгачкы жолу, алтындан жасалган диплом менен өзгөчө инсандарды белгиледи. Бул кадам, улуттук аң сезимге, улуттук демге азык болчу саамалыктарга тилектештик билдирүү менен биз дүйнөлөшүү агымында элдин руханий жүзүн, дөөлөт кадырын сактап кала алабыз. Ойдун, иштин кыймылы бул – тилектештик. “Кыргыз тилектештигинин” каармандары бир тилектин, бир уңгунун карапайым адамдары. Иш-аракеттерибиздин баары жаркын мамилекетибизге багышталат. Эскерте кетүүчү негизги нерсе, бул долбоорду ишке ашырууда Жамалбек Ырсалиев, Сайрагүл Дуулатова жана Дана Абдыбекованын эмгегин айтпай кетүүгө болбойт. Аталган долбоорго экөөнүн салымы чоң.

– Жакын арада дагы кандай долбоордун үстүндө иштегени турасыздар?

– 21-мартта Нооруз майрамына карата “Сүмөлөк” фестивалын уюштуруунун алдында турабыз. Фестивалда кыргыздын улуттук  оюн- зооктору коюлат. Аталган долбоор дагы “Супара” этно борборунда болуп өтөт.

-Акыркы жылдары кыргыздын улуттук тамактарын, каада-салттары унутта калып бара жаткандай. Андыктан сүмөлөктүн келип чыккан таржымалынан окурмандардын эсине салып кетсеңиз?

сумолок– Сүмөлөк кыргыздардын эң байыркы салттуу тамактарына кирет. Бул тамакты ата-бабаларыбыз Нооруз майрамында, эски жыл менен жаңы жыл тогошкон күнү жаңы жылдык тамак-аш катары жасашкан. Кыргыз элинде Ноорузга байланышкан мындай аңыз кеп бар. Илгери бир каатчылык жылы жаш айелмет үй-бүлө колу жукарып аябай кыйналат. Курсагы ачкан балдар тамак сурашып, энесинин зээнин кейитишет. Эне байкуш отко казан асып, ага суу куюп, ага кошуп беш-алты таш салып кайната баштайт. «Чыдагыла… бир аз чыдасаңар тамак бышып калат», деп ачка балдарын жооткотуп, казанын аралаштырганды койбойт. Балдар да кайнап аткан казанга каниет кылышып, от илебине көшүлүп уйкуга кетишет. Таңга жуук эненин өзү да уйкуга алдырат.

Айылма-айыл кыдырып, жер кезип, ак урган дубана ошол үйгө кирсе, бардыгы уйкуда. Чогу тартылган кемегеде казан асылып, бор-бор кайнап турат. Казанды ачса суу ак көбүктөнүп, ичиндеги таштар апакай болуп жылтырап калганын көрөт.

«Оомийин! Таш болсоң да аш бол! Ылайым балдардын ырыскысы түгөнбөсүн,
ушул түн кыдыр жолдогон жаңынын, таза ыймандын түнү болсун!», деп Кыдыр ата алаканын жайып бата берет.

Эне чоочуп ойгонсо күн кызара атып калган экен, казандын капкагын ачып көргөн көзүнө ишенбейт. Баягы таштардан дайын жок, казан толо бышкан аш болуп чыгат. Дасторкон жайып, балдардын алдына тамакты коёт.

«Аябай таттуу экен. Апа бу кандай тамак?», деп сурайт экен балдарынын бири. Эне азга ойлонуп «бу сүмөлөк» деп жооп берет экен.

-Маегиңизге рахмат.

 

Булак: kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: