Menu

Казакстандыктар эки жолудан добуш берүүгө камданышууда

Бөлүшүү:

Казакстанда март айынын соңунда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоолор өтөт. Биздин өлкөгө бул окуянын эч кандай тиешеси жок өңдүү болсо да, ал көптөгөн политологдордун көңүлүн өзүнө бурат. Асыресе, ар бир шайлоо – бул мамлекеттин турмушундагы жаңы этаптын башталышы жана анын кандай болушу көпчүлүккө, анын ичинде коңшулаш өлкөлөр үчүн да, биздин жагдайдан алып караганда ЕАЭС сыяктуу ири экономикалык биримдикке кирген кырдаалда бөтөнчө мааниге ээ.
Мажилиске мөөнөтүнөн мурдагы шайлоолор 20-мартка – бир эле учурда бардык деңгээлдердеги маслихаттарга депутаттарды кайра шайлоо белгиленген. Депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну мажилисмендер өздөрү сунуш кылышып, буга үч себепти жүйөө же аргумент катары келтиришкен. Атап айтканда, электораттык жуп жарышта миссияларын аткаруусун айкалыштырууда үнөмдүүлүк жана өлкөнүн парламентине жаңы күчтөрдү тартуу зарылдыгы менен түшүндүрүшкөн.
Ал эми пункттар боюнча бөлүп карасак, “өз миссиясын аткарышты” деген эмне? Депутаттар төрт жыл ичинде Мажилисте 460 мыйзам долбоорун кабыл алышкандыгын, булардын ичинде, мисалы, кеңири масштабдагы модернизациялоо жана реформаларды жүргүзүү үчүн баарынан мурда зарыл болгон мыйзам долбоорлорун эсептеп чыгышты. Бул мыйзамдар мамлекеттин бардык жашоо-турмушун камтыган чөйрөлөргө – кайра иштетүү өнөр жайына, АПКга, коопсуздук секторуна жана мамлекеттик органдардын иштерине тийиштүү. Кабыл алынган нормативдик актылар соңунда өз жемиштерин берери шексиз. Булар тыкыр иликтенип, иштелип чыккан, конкреттүү каатчылык учурларын жүзөгө ашыруу жаатында бир катар эл аралык мыйзам долбоорлору изилденди.
Экинчи аргумент — бул үнөмдүүлүк. Борбордук шайлоо комиссиясында айкалыштырылган электораттык процесске канча каражат кете тургандыктарын эсептеп чыгышкан: мажилистин жана бардык деңгээлдердеги маслихаттардын депутаттарын шайлоого республикалык бюджеттен 8 млрд тенге каражат керектелет. Эгерде эки шайлоо процесси өткөрүлсө, наркы жогорулап, 4,8 млрдды түзмөк. Шайлоо фонддору боюнча алып караганда да шайлоолордо үнөмдүүлүк орун алат: үгүттөө каражаттарына жана башка электораттык керектөөлөргө бюджеттен акча бөлүнбөстөн, партиялар шайлоо фонддорун өз алдынча түзүшөт. Шайлоого катышууну каалаган саясий бирикмелер маслихаттардын депутаттыгына талапкерлер сыяктуу эле БШКна аныкталган суммадагы акча төлөмдөрүн жүргүзүүлөрү кажет. Бул акчалар чыгымдалбастан, депозитте сакталат жана жети пайыздык барьерди өткөндөргө кайтарылып берилет. Калган учурларда каражаттар депозиттен республикалык бюджетке которулат. Бүгүнкү күнү өлкөдө жети саясий партия катталган: «НұрОтан», «Ақжол» демократиялык саясий партиясы, Жалпы улуттук социал-демократиялык партия, Казак республикасынын коммунисттик партиясы, «Бірлік» жана «Ауыл» партиялары, ошондой эле, «Азат» демократиялык партиясы. Булардын ар бири эң көбүндө 127 талапкерди чыгарууга акылуу жана ар бири үчүн 15 минималдуу айлык акынын көлөмүндө шайлоо үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө туура келет. Ал эми маслихаттарга шайланууну каалагандар Боршайкомго беш минималдуу айлык акынын көлөмүндө акча каражаттарын төлөшү кажет.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду өткөрүүнү демилгелеген мажилисмендердин үчүнчү аргументи – парламентти диверсификациялоо зарылдыгынан улам пайда болгон. Мажилис жаңы күчтөргө жана идеяларга муктаж. Бул шайлоо өнөктүгү жигердүү жана интенсивдүү болуп, саясий партиялар кызыктуу программаларды алып чыгышат. Парламентте саясий уюмдардын айрыкча, калктын катмарынан “өкүлчүлүктөрү” өңүтүндө көбүрөөк болушу абдан маанилүү.
Бүгүнкү күндө Казакстанда да жана анын чегинде да жөнөкөй эмес экономикалык кырдаал өкүм сүрүп жатат. Энерго алып жүрүүчүлөргө дүйнөлүк баанын төмөндөшү, америкалык жана кытайлык биржалардын кыйрашы, Россияга каршы экономикалык санкциялар жаңы эрежелерди талап кылат. Бийликтин мыйзам чыгаруу базасындагы креативдүү идеялар жакынкы убактарда чындыгында алтынга барабар болот. Мажилистин курамына бир да жолу өтпөгөн партиялар өз программаларын даярдап жатышат. Шайлоо алдындагы платформалар аныкталуучу жана талапкерлер көрсөтүлүүчү партиялык съезддерди өткөрүү белгиленүүдө.
Ошол эле убакта “талаа” тажрыйбасын эбак топтоп койгон саясий структуралар дагы көбүрөөк депутаттык мандаттарды ээлөөнү көздөп жатышат. «Өзүңөр калыс болгулачы, мурдагы шайлоолордо башка партиялар менен катар барганбыз, бизде азыркыдай саясий тажрыйба дагы, парламенттик ишмердүүлүк тажрыйбасы дагы болгон эмес. Ал эми азыр бизде бул бар. Андыктан, максималдуу 15 орунду ээлөөнү мерчемдеп жатабыз», — дейт Мажилистин бешинчи чакырылышынын депутаты коммунист Владислав Косарев, өз божомолдору менен бөлүшүп.
Парламенттин курамынын жаңырышы боюнча аргументке токтолсок, политологдор менен серепчилер жаштарга, айрыкча, “болашакчыларга” көңүл бурууну сунушташат. Казакстан эгемендүүлүккө ээ болгону батыштагы кадыр-барктуу жогорку окуу жайларын миңдеген жаш адистер бүтүрүп чыгышты, алардын билимдери ааламдашуу жана интеграция кылымында абдан керектүү. Айрыкча, «Болашак» стипендиясынын бүтүрүүчүлөрү өнүккөн өлкөлөрдө чет жактардагы мамлекеттик аппараттардын чыны менен таасирдүүлүгүн арттырган тигил же бул экономикалык мыйзамдардын кандай иштей тургандыктары тууралуу алдыртан кабардар экендиктерин эске албаса болбойт.
Ошол эле убакта серепчилер Мажилиске мөөнөтүнөн мурда шайлоолор Казакстандагы парламентаризм институтунун өнүгүшүнө толук кандуу импульс бере алат, жөнөкөйлөтүп айтканда, мажилисмендердин ыйгарым укуктарын кеңейтет. Депутаттар өкмөттөн келген мыйзам долбоорлорун коррекциялап гана тим болбостон, өздөрү дагы актуалдуу жаңычылдыктарды демилгелөөгө өтүүлөрү абзел. Аларды казакстандыктар тандашат. Парламентарийлер калк менен байма-бай жолугушууларды өткөрүшөт, ошондуктан, пикирлердин социалдык кесими деп аталмакчы, тагыраак айтканда, жөнөкөй казакстандыктар үчүн эмне маанилүү экендиктерин билишет.
Жалпысынан, республиканын жарандарында кайсы партияларга өз келечектерин ишенип тапшырууга мүмкүн экендигин чечүү үчүн жетишээрлик убакыт бар. Анткени, шайлоолор айтылган сындарга жана чагымдарга карабастан, чындыгында өзгөрүүлөрдү алып келет.
Алина Майчиева

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: