Menu

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: “ Мактанып  көкүрөгүн урган Атамбаев кокус революция болуп кетсе, Түлеевдин жанына барабы же балким, Нарынбаев экөө бир бөлмөгө ээлик кылышабы?”

Бөлүшүү:

 

Кыргызстанда жаз келип, жаратылыш жандана баштаганда бийликке нааразы болгондордун күбүң-шыбың кептери жүрүп, эл арасы да жандана баштайт. Бул синдром өлкөнүн тарыхындагы бийликке нааразычылыктан улам чыккан бир эмес, эки көтөрүлүштүн жаз мезгилине, тагыраагы, март-апрель айларына туш келгендигинен улам пайда болуп, терс өнөкөт көрүнүшкө айланды.

Албетте, ар жаз сайын карапайым элди козгоп, көтөрүлүшкө үгүттөп, революция кылуу менен бийликти алмаштыруунун натыйжасында мамлекет башына келген элитанын андан ары эл үчүн ак кызмат өтөө менен максатына толук кандуу жетишине кепилдик жок экендигине баарыбыз күбөбүз. Ошентсе да, эл эртеңки келечекке үмүттүү карап, бийликке болгон нааразычылыгын сыртка чыгарып, тилек-мүдөөлөрүн жүзөгө ашырууга умтулат. Ошонун негизинде теңсиз бийликке каршылык кылуу митингдери кандуу кагылышууларга айланып, эки бирдей төңкөрүштү башыбыздан кечирдик. Арамза, жүзүкара саясатчылардын чындыгында көпчүлүктү өз кызыкчылыктарына колдонуп, алдап келгенин аңдабай, тескерисинче, кош колдоо көргөзүп, чоң ишеним артып, кызмат орундарына алып келдик. Ошондогу Текеси, Кочкору болобу,  оппозициялык маанайдагы саясатчылар элге жакшы мамиле кылып, “колдоп тургула, бийликке келсек, бир айдын ичинде өлкөнү оңдоп-гүлдөтүп жиберебиз” деп ооз толтуруп, кучак-кучак убадаларды беришчү. Ошентсе да, алардын бийликке келери менен хамелеондой түстөрүн өзгөртүп, башка нукка бурулуп кетээрин эч ким билген дагы эмес. Ырасында, өз бийликтерин коргоо максатында канга колдору малынып, кырчындай жаш жигиттерди садага чаап, адам өмүрлөрүнө кол салышканы далилдүү факт. “Шибегени капка ката албагандай” эле, адам канынын төгүлүшү артында бийликке келгендерин унутуп коюшуп, өлкөнү экономикалык каатчылыкка ого бетер белчесинен батырып, коррупциялык, жемкорлук, паракорлук көрүнүштөр арбын, кылмыш чөйрөсү күч алып, буйрутма адам өлтүрүү фактылары жандана баштаганы жашыруун эмес. Ошентип, “кайда барса мамайдын көрү” демекчи, мамлекетте бир дагы өзгөрүү болбостон, баягы таз кейпибиз менен калдык. Ошондуктанбы, айтор, быйылкы жылы да жаз баш багаары менен көнүмүшкө айланган революцияны эңсегендер да четинен чыгып, көтөрүлүш болобу, жокпу деп алдын-ала болжоп, көпчүлүк уу-дуу болуп аткандай. Айрым төбөсү көрүнгөн кыраакы серепчилерден тарта көзү ачыктарга чейин бири “революция Нарындан башталат” десе, экинчиси “Таластан”, башкасы “Жалалабаддыктар көтөрүлөт” деп маалымдоо каражаттары аркылуу ар кыл малыматтарды жар салып баштады.

Жогоруда айткандай, буга чейинки эки революция өзүн өзү актаган жок, карапайым эл убадачылардан эчак эле түңүлгөн. “Революцияны фанаттар жасашат, ал эми жемиштерин шумпайлар колдонушат” деген кеп дал келгендей, революцияны эл жасады, бирок, бийликке мурдагы уурулардан ашынган уурулар келишип, баарынын  кыжырына тийип бүтүштү. Кыргызстанда качантан бери келаткан саналуу саясатчылар гана бар, алардын баары Ак үйдөн кызмат өтөп чыгышып, элдин элегинен өтүшкөн. Ошентсе да, бири дагы элдин ишенимине толук кандуу кире алган жок. Кимиси болбосун, кызматка келгени элди жогорудан төмөн карап, мансабына манчыркап, жең ичинен байлыктарын топтоого киришишти. Акыры демагог, кошоматчы, жүзү кара, ууру элита пайда болду. Мындай кооптуу акыбалга кантип келип, жарга такалып калганыбызды өзүбүз да байкабай калдык.
Өз кезегинде ажо Атамбаевди кетирсек, анын ордуна ким келет, татыктуусу барбы? – деген кабыргасынан коюлган суроо жаралат.  Саясатчылардын буга чейинки ишмердүүлүктөрүн талдап, баам салып карап көрсөк, бир дагы камчыга сап эл жүгүн көтөргөн, жаратмандык бийик сапаттарга эгедер кыргыздын уулу жок экен. Президент болууну самагандар өтө көп, бирок, алардын кимиси элди сүрөй алат, кимиси элдин ырыскысын көтөрө алат? Ырасында, республикалык деңгээлдеги менменсинген жетекчилердин эл үчүн өтөгөн кызматтарын таразага салсак, саясатка  кирдебеген, эл ишеничине татый турган бирөө-жарымды табуу кыйынчылыкта туудурчудай.
Маселен, тээ алыста жүргөн Бакыт Бешимовдун талапкерлигин сунуш кылгандарга “жок, ал  Атамбаевдин акчасын уурдап кеткен” деп артынан кеп кылышат экен, жел болбосо, чөптүн башы кайдан кыймылдасын, балким, ошол себептен эл-журтуна кайрылбай, бөтөн жер, бөтөн элде жүргөн чыгар.  Айтымда, кыргыздын кандан-бектен тартынбаган мекенчил уулдарынын бири, өз убагында Ош шаарынын мэри болуп турган кезде даңкы далайга угулган жетекчи Мырзакматов, Садыр Жапаров алдыга баштап чыкса, бийлик камап коюшу мүмкүн. Ал эми тыңчыкма жигиттердин бири, иштин көзүн билген, уюштуруучулук, жаратмандык сапаттарга ээ Нариман Түлеевди деле жалган жерден жалаа жаап, абакка салып, оокат-мүлкүн өздөрүнө ала албай жатпайбы. Аксакал жетекчилердин бири Мамат Айбалаевдин туусун көтөрбөйлүкбү, – дегендерге “Мамат аксакалдын каруу-күчү кетип калды” деп, ишеним артышпагансыйт. Ошондой эле, Адахан Мадумаров бийликте жүрүп кеткен, Акылбек Жапаровду өтө кооптуу, куу саясатчы, өлкөнү “оптом” менчиктеп алып коёт имиш. Айтмакчы, Акылбек Жапаровго бийлиги  жокто баарына дос болсо, кызматка келгенден кийин, манчыркап, баарынан качып калмай адаты бар деп мүнөздөмө беришет. Саясатка аралашкан демагогдор көп, бирок, эл  кооз сөздөн, куру убададан, алдамчы саясаттан тажап бүткөндүктөн, эч ким колдобойт. Андыктан, Атамбаевдын бактысына жараша, оппозициячыл башка альтернатива дээрлик жок болуп, ажобуз казанчынын эркиндей каалаган жерден кулак чыгарып, билгенин жасап турган кези.
Жакында эле Нарында нааразыланган тарап  митингге чыкты эле бийликтин жүрөгү болк этип, Алласы оозуна келе тушту, теңиртоолуктарга байма-бай каттап, эл менен жолугушууларды өткөрүп, ак үйдөгү, көк үйдөгү уурулар алдап-соолап тынчытышты. Чындыгында, өлкөнү экономикалык каатчылыкка өздөрү учуратып алып, эми аргалары куругандан бир гана Россия жардам береби деп үмтөтүп турган кездери. Атамбаевдин ишенген кожосу Путин “Эрдогандын чалгынчысы” деп сыртын салып, геосаясат дагы өзгөрүлүп, жардам берет деп үмүт кылган Россия өзү жандалбастап туру. Мактанып  көкүрөгүн урган Атамбаев жок, кокус революция болуп кетсе, Түлеевдин жанына барабы же балким, Нарынбаев экөө бир бөлмөгө ээлик кылышабы, а балким, айрым экс-президенттердин салтын улап качып да кетиши ажеп эмес. Ал эми эл эскирип, дат баскан бульдозер, тракторлордой сыртынан калбаат болгону менен ичинен желип, иштетилип бүткөн мародёр, алдамчы саясатчыларды таптакыр колдоого албайт, ал тургай аттарын укканда тетири карап, кол шилтешет. Ал эмес “үч-төрт “идиотту” атып таштагыла да, Ошко дүрбөлөң сала бергиле” дегендерди, “эки миллион долларды адистер менен кеңешип туруп алалык” деп, 19 тонна Максимдин лабораториясындагы алтынды тоноп алгандарды, банктарды карактагандарды, Ысык-Көлдөгү пансионаттын тоногучтарын эл эч качан унутпайт. Баарына баары беш манжадай белгилүү болгону менен, муз ордунан козголбой, бир дагы кылмыш иши  ачылган жок жана бири да жоопкерчилик тарткан жок. Эл ууру-кески саясатчылардан, шайлоолордон тажап, эл башына акылман жаратман лидерди эңсеп турган кези. Эгерде эл таза инсанды жарата албаса, мыйзам үстөмдүгүн өлкөнө орното албаса, уурулардын туткуну болуп, Сирия, Ливия, Афганистан синдромуна айланарыбызга аз калды. Эгерде саясатчылар мыйзамдуу өлкө кура албаса, анда сакалчандар башаламан жагдайдан пайдаланып, бийликке келип халифат куруп алуулару толук мүмкүн. Арийне, мындай кудай сактасын, башыбыз бүтүн, боорубуз эсен болсун.
Укук коргоочу Качкынбек БУЛАТОВ
Булак: “Азияньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: