Menu

Кеч болсо да «Восток-геолдобыча» менен Өкмөттүн аферасы ачыкка чыкты

Бөлүшүү:

«Искра» гезитинин жамаатына «Талас эл ынтымагы» кыймылынын башкармалыгынын мүчөлөрү:

  1. Шейшенов Серен Манапбаевич,-төрага
  2. Токтогазиев Соотбек Кемелбекович,
  3. Кашкаралиев Эсен Молдалиевич,
  4. Айтбаев Каныбек,
  5. Жумашев Райымберди Токтосунович,
  6. Огомбаев Жаныш Жаманкызович,
  7. Медетов Бектур Тынчтыкбекович.

Базарбай  Мамбетов,- КРнын үч жолку вице-премьер министри, , тоо-кен өндүрүшү боюнча эксперт, тажрыйбалуу курулушчу инсанга «Талас Эл ынтымагы» кыймылынын жүздөн ашуун мүчөлөрүнүн атынан, терен ыраазычылык билдирүү менен;

« Восток-геолдобыча менен өкмөттүн ортосунда чоң афера бар».. деген аталыштагы Базарбай Мамбетовдун маегин окуп чыккандан кийин өз пикирибизди билдирип коюну туура көрдүк.

Өткөн жылы Базарбай Мамбетов айыл өкмөттөрдү кыдырып, «Жерүй алтын-кени ачылсын деп үгүт иштерин жүргүзгөн, көпчүлүк айылдарда эл каршы болгон, ага карабай айыл өкмөттөрдү кыйнап макулдук кагаздарга кол койдуруп алышкан. Ошондо Мамбетов Талас Элинин «Жерүй» боюнча канчалык даражада маалыматтары бар экенине көзү жеткен болчу. Таластыктар 1990-жылдан бери «Жерүй» кени ачылбасын деп талап коюп келет. Себеби ал кенден экологияга жана экономика жагынан караганда да  тийгизген таасири өтө зыяндуу экенин жакшы билишет. Ага кошумча биздин өлкөдө тоо-кен өнөр жай өндүрүшү өлкөгө пайда алып келип жатпаганын, «Кумтөр» алтын-кенинин алтыны ит бекер казылып кетип жатканын иш жүзүндө көрүп-билип турушат. Ошондуктан 19-февралда өткөн тегерек столдо, өлкөнүн 1-чи вице-премьер министри А.Карашов баш болгон 21 министр, мамагенттиктин директорлорунун, ЖКтин депутаттарынын көзүнчө «Кумтөр» кени эл үчүн пайдалуу кылып иштеткиле, ошол кен казылып бүткөндөн кийин, «Жерүй» кени  жөнүндө анан сөз кылгыла деген талап коюлду, ошондой эле ЖКдан келген депутаттарга «Жер казнасы» мыйзамын (2012-ж. 9.08 толугу менен кайра карап чыккыла, тез аранын ичинде.

Кеч болсо да «Восток-геолдобыча» менен Өкмөттүн аферасын ачыкка чыгарган Мамбетов Базарбай мырзага ырахмат! Эми Базарбай , Таласка коркпой келе берсең болот. Талас Эли «соцпакет» деген кайыр-садагага алданып калчу Эл эмес. Кут конгон, Манас бабабыздан калган аманат үчүн, алтын чөйчөк жерибиздин экологиясын буздурбайбыз, Таластын элинин жер ооду болушуна жол бербейбиз!

29.02.2016-жыл, Талас шаары.

Булак: “Искра”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: