Menu

«Музыкант же болбосо наркоман болмокмун»

Бөлүшүү:

Учурда өздөрүнүн тамаша жаатындагы тасмаларда катыра роль аткарып  эл араснда таанымал болгон жаштар жок эмес . Биздин бүгүнкү каарманыбыз  » Жарайт Сити » деп аталган долбоордун негизинде тартылган скетчтерде ( кыскача комедиялык пьеса же интермедиа ) агайдын образын жараткан  «мурутчан агай» Нурсултан КУРСАНАЛИ уулу менен ар дайым шайыр , тентек студент кыздын образын ийине жеткире аткарган Айпери ЧОТОНОВА . Москва шаарында окуп жатканына байланыштуу . Нурсултандан интернет аркылуу интерьвю алдык.

— Адегенде суроону бала чагыңдан баштасак. Балалык издерин кайда калды?mD9sjdWZUn0

— Мен өзүм Баткен облусунун Кадамжай районунан болом. Ата-энем ошол жактан төрөлүп өскөн. Ал эми бала чагым борбор калаабыз Бишкек шаарында калды. Бишкектеги бала бакчада, андан кийин мектепте, эми болсо университетте окуп жатам.     — Шайырлар жана тапкычтар клубуна (КВН) канча жашында эмне болуп аралашып калдын?

— КВНге келип ойноп калышыма маркум досум Исмаилов Ислам түрткү болгон. Мени КВНдин ички ашканасына аралаштырган ошол болду. Ким менен кантип сүйлөшүш керектигин, баскан-турганыма чейин, тамашалардын кантип жазыла турганын да үйрөттү десем болот. Исламга окшош болгум келчү, алтургай андай адам болуу менин максатым дагы болгон. Арабызда жок болсо дагы Исламга өмүр бою ыраазымын. Анткени ал жок болсо КВНге аралашпайт элем, музыкант же болбосо наркоман болмокмун (күлүп). Ал эми КВНдик карьерам 9-класста башталган. Ата-энемдин да колдоосу абдан чоң болду                — Кеп кезеги келип калганда ата-энең тууралуу да айта кетсең…
default— Менин ата-энем эң мыкты ата-энелерден. Аларга чоң ыраазычылык айтмакмын. Алар бар үчүн, мен ушундай деңгээлге жеттим. Негизи өзүм теңдүү жаштарга айтаарым ата-энеңерди урматтагыла, алар биз үчүн көп нерсеге барышат, алар биз үчүн баарына даяр. Кудайга шүгүр, мен азыр Москва шаарында магистратурада окуп жатам, ошону менен бирге шоу-бизнесте кандайдыр бир деңгээлге жетип турган кезим. Мунун баары ата-энем үчүн. Өзүмдүн ийгиликтеримди университетте мугалим болуп иштеген атам Жолдошбаев Курсанали Мурзакозуевичке, апам Зиябидинова
Болдухан Зулпукаровнага арнайм!
— Канткен күндө да эл арасында таанымал болушуна «Жарайт Сити» долбоору себепчи эмеспи. Бул чөйрөгө кантип аралашып жана агайдын образын кантип аткарып калдын?12044.410.1452750520
— Албетте, бул долбоорду көптөгөн адамдар теле аркылуу, интернет аркылуу көрүштү. Кээде көчөдөн адамдар таанып сүрөткө түшүп, автограф алып калышат. Мунун баары «Жарайт Ситинин» аркасы менен деп эсептейм. Негизи «Жарайт Сити» долбоорун өзүбүз эле жазып чыкканбыз. Бирок ал жерде эч кандай агай деген образ жазылган эмес. Өзүңөр байкагандай бизде атайын бир образ деле жок. Мисалы, агайлар, милиция кызматкерлер, деги эле ар түркүн каармандарыбыз бар. Ал эми менин агайдын образын жаратып калышым бул кокустан болгон.
Катардагы эле бир съемкабызга башка бир байке келип тартылмак. Шартына байланыштуу ал байке келе албай калып, анан ким ал ролду жаратат деген суроо туулуп калды. Ошондо режиссер Данияр байке мурутту алып келип жармаштырып койду. Мурутчан болгондон кийин эле баардыгы түшүнүктүү болуп калган. Ошондон бери агайдын, «байкешкалардын» образын жаратып калдым. Бул ролдун эң жакшы жагы агайлардын, чыныгы кыргыздын байкелеринин күчүн сезет экенсиң. Ролдорду да ошол күч менен аткарам десем болот.
— Тамашалар кайдан жаралат, өзүн да тамаша жазсан керек?2630e83037af696c062e770f94bcd13b9e61ea
— Албетте бардык тамашаларды командадагылар өзүбүз эле жазабыз. Бизге башка бирөө келип тамаша жазып бербейт да, чынбы? Болгону ар бир жазылган тамашаны меники, сеники, аныкы деп эч качан бөлбөйбүз.
— Сьемка учурунда кызыктуу окуялар болобу?
— Көп эле болот. Алардын бири мектептин инструктору болуп ойногон скетчте МАИ кызматкерлери колумду кайрып унаага кыйнап киргизген жери бар. Ошол съемка тартылып жатканда көптөр унааларынан түшө калып мага жардам бергилери келип жатты. Ал гана эмес бир машина токтобостон биздин машинанын номерин тартып да кеткен. Түшүндүргөнгө да жетишпей калганбыз. Ал жерде оператор дагы болгон эмес, анткени ал видео «го про» (унаада орнотулган) камерасы менен тартылган.
— Силер жараткан тамашалар КТРК каналынан көрсөтүлгөн. Ошондой эле бүтүндөй Орто Азияга тараган «ТНТ Азия» телеканалынан көрсөтүлүп жатабы?
— Ооба, «ТНТ Азиядан» көрсөтүп башташкан. Жакынкы күндөрдө да көрө аласыздар. Кийинки сезондор мурунку сезондогу тамашалардан да кызыктуу болмокчу. Кой эми анча-мынча «секреттерди» ачпай эле коеюн.
— Биз сени келечекте актер катары көрүп калабызбы?
— Буйруса кино тармагында да роль жаратып жатам. Ал эми келечекте актер болбой калсам да сценарий жазган сценарист
болуп калышым мүмкүн. Эми келечегибиз алдыда го, буйруганын көрөбүз да.
— Кел эми жаштык жөнүндө сүйлөшөлү, бойдокчулук менен качан коштошоюн деп жатасың?
— Бойдокчулук менен коштоштура турган кыздар барбы? Азыр бойдок болуп эле жүрө турайынчы. Качан гана коштошойун деп калганда айтам.
— Кандай кыз сени бойдокчулук менен коштоштурат?
— Ыймандуу, акылдуу, адамгерчиликтүү, маданияттуу, өзүн жакшы алып жүргөн, билимдүү анан арык болсо сонун болмок (күлүп). Анан дагы өтө эле «скромная» болсо деле болбойт.
Тааныш-билиши жок эле “звезда” болгон Айпери Чотонова
image— Сени биз «Жарайт Сити» долбоорунун скетчтери аркылуу тааныйбыз. Аталган долбоорго кастинг менен келдинби же тааныш-билиш аркылуубу? — «Жарайт Ситиге» мен кадимкидей эле кастинг аркылуу келип калгам. Мага Нурсултан, Ильгиз байкелер кастинг болорун кабарлашканы менен алар мага эч кандай тааныш-билиштик кылышкан жок. Кастинг болгондон кийин эки жума чыдамсыздык менен күткөм. Телефон чалып өттүңөр деп айтышканда аябай сүйүнгөнүм азыр да эсимде. — Жалпысынан аталган долбоордо канча адам (актерлор) бар? Сени менен чогуу тартылып жүргөн Айжана Аденова менен жашоодо да курбусунбу?
— Негизги курамда он бештей адам бар.
Айжана эже менен мен ошол жактан таанышкам. Ал мага башында эже, кеңешчи болсо азыр курбумдай эле болуп калды. Албетте, эже деп сыйлайм, көп нерселерди үйрөнүүмө жардамчы да болду деп айта алам.
— Аткарган каармандарындын ичинен кандай каармандын образын жаратуу сен үчүн кыйынга турат?
— Албетте, башында бардык эле ролду жаратуу кыйын болду. Жаңы барганда эч кимисин деле тааныбайсың, сүрдөйсүң дегендей. Кийинчерээк кыйынчылык жаратпай деле калды. Негизи биздин режиссер байкелер абдан таланттуу десем болот. Ар кимибиздин кулк-мүнөзүбүзгө жараша каармандарды бөлүп берет.
— Ошондо сен жошоодо деле каармандарындай тентек, «шустрая» кыз турбайсынбы?getImage6
— Ооба, ошондой элемин. Анткени кичине кезимден баштап ар кайсы жакка чуркап катышып активдүү болуп жүрчүмүн. Төрт жашымдан баштап улуттук бийге катыштым, мындан бир жыл мурун эле хореография боюнча окуп бүтүп, эми ошол диплом менен иштесемби деп жатам.
— Азыркы учурда эмне менен алексин?
— Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында 1-курстун студентимин.
— Айтмакчы университетте да Нурсултандай агайлар бар бекен?
— «Жарайт Ситини» көргөн агайларым кадимкидей эле Нурсултан байкедей болуп «ахаха Чотонова» деп тамашалап
турушат. Бирок агайлар ошентсе дагы юрист болгонунанбы, айтор мага аябай эле сүрдүү көрүнүшөт. Бир жолу сүйүктүү агайым Медетбек Кубанычбекович «ай Чотонова, тамашаларды кайдан табасыңар» дейт, «жашоодон, агай» десем, «ха-ха-ха Чотонова десе…» деп күлгөн. Сабактар кээде фамилиямдын аркасы менен кызыктуу өтөт.

Нурмухамед ЖУМАБЕКОВ

Булак: “Жаы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: