Айтылуу Болот Шер баштагыдай катуу күркүрөй албай, бирок, тымызын күрсүнүп, ыңгайы келгенде Алмаз Атамбаевден өч алуу пландарын алдыга жайып атканы байкалууда. Баса. Учурда чоң саясатка бүлүк салган, элдин назарын бурдурган Дуулат баатыр чыкканын интернет сүйүүчүлөр жакшы билет.
Мына ушул жигитти Бокең аламанга таптап, шакирт катары чыгарган кербези экен. Эсиңерде болсо, 2010-жылы Таласта көтөрүлүш бапггалганда, дал ушул Дуулат мырза министр Молдомуса Конгантиевди, губернатор Бейшен Болотбековду, Талас УВДсынын орун басары Данияр Абдыкаровду ж.б. чиновниктердин баарын колго түшүрүп, алгач өзү кол салып, анан облустук бийликти басып алганы эл оозунда айтылып жүрөт. Сыягы, Б.Шердин таптаган шакирти алгырга айланып, президентке мүрзө устүнөн кайрылуу кылганы коомчулукта катуу талкуу жаратууда.
Булак: «АЗИЯnews»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ