Menu

Алмаз Атамбаев,«эт менен чел- дин» ортосунда жүргөн сабатсыз, иш билбеген депутаттардан арылып, келечекке карай бир силкинбесе, эртең кеч болуп калат…

Бөлүшүү:

Негизи эле саясатчылар оппозициялык күндөрүндө көптөгөн убадаларды бере беришет. Элдин таламын талашкандары жашыруун эмес. Союз ыдырагандан бери канча бийлик алмашты, баардык лидерлер бийликке жеткенге чейин «алтын шилекейлерин» чачыратышкан. Тилекке каршы, реалдуу турмушта убадаларды толук кандуу аткарышмак турсун, элдин байлыктарын сатып келишкени кандай?

Бүгүнкү оппозициянын баардыгы Акаев, Бакиев, Атамбаев доорунда ар кандай кызматтарда иштешкени, анан креслодон кыйшайып калган сон, кай­ра бийликке жетүү учун турдуу саясый оюндар менен шугулданышып, эми жаз келгени митинг, курултай сындуу эски «өнөрлөрүнө» өтүштү. Фамилияларын тизмектегенде не? Алардын аттарын айтып, популярдуу кылгым келбейт. Эми жалпы саясый кырдаалды карапайым калк деле түшүнүп турат. «Артык кылабыз деп, тыртык кылып алуудан» көпчүлүк катмар коркуп калышты. Ток этери, оппозиция бугун оюндагысын «оруп» отуруп, кокус эртең бийликке келсе, элдин турмушу бүгүнкүдөн дагы начарлап, ого бетер итке минип калбайбызбы?

Ошол эле учурда бийликтегилердин дагы ахвалы кубанарлык эмес.

Пре­зидент Алмазбек Атамбаевге күчтүү, жогорку профессионалдуу деңгээлдеги команда жетишпей турат. Көпчүлүк  чиновниктер кызмат үчүн  кулдук урушканы, өлкө кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыктарын жогору коюшканы калппы? «Портфель» үчүн кошоматтануу, жагалдануу жагы белгилүү, кокус эртең алар кызматынан же мандатынан ажырашса, дароо эле шефине душман катары чыга келишет. Андыктан, А.Шаршенович биринчи кезекте айланасындагы кадрларды иргеп, СДПК фракциясындагы «эт менен чел- дин» ортосунда жүргөн  сабатсыз, иш билбеген депутаттардан арылып, келечекке карай бир силкинбесе, эртең кеч болуп калат. Алсыз жоокерлер эч убакта мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө салым кошушкан эмес. Ушул жагын ойлонуу парз. Ошол эле учурда азыркы өкмөттү отставкага кетирип, билимдүү, тажрыйбалуу, чарбачыл жетекчини

премьер-министрлик кызматка сунушташ керек. А болбосо, күндөн-күнгө өкмөттүн иштөө арымы начарлап, элдин баары какшаган Темир Сариевдин популизми бүтпөй, а жөнөкөй элдин тур­мушу оорлоп баратат. Мына ушундай жөнөкөй, бирок, ишке аша турган кадамдарды президент жасаса, өзгөчө чиновниктердин тартибин оңдосо, коомго адилоеттүүлүктүн үлгүсүн көрсөтсө, сөз эркиндигин жана демократияны колдосо, эмнеге болбосун? Тоңгон музду дароо эритуу кыйын. Кыргызстандагы баардык көйгөйлөрдү бир моментте чече салуу андан дагы оор. Бирок, сергектик, эрктүүлүк менен ийгиликтүү саясый кадамдарды, натыйжалуу бурулуштарды жасаса болот эмеспи.

Баса, бизде көп эле жакшы мыйзамдар бар. Аныгында, алар иш жүзундө толук кандуу иштебей, элдин нааразычылыгын жаратууда. «Кадрлар баарын чечет» деп бекер айткан эмес да. Эң оболу, элге кызмат кыла турган белдүү кадрларды саясый элитадан тартып, ошол эле учурда прагматик жаштарды да жөндөмдөрүнө  жараша кызматтарга коюп, ынтымак менен элибиздин келечегине кам көрүшүбүз зарыл. Себеби, Кыргызстаныбыз бирөө эле.

А эгер «ишеничтүү, бирок деңгээли жок» чиновник сөрөйлөр (Бишкек мэри Албек Ибраимов сыяктуулар) бийлик­ке келе берсе, андан мамлекеттик башкаруу жаатында катуу доо кетет. Элдин бийликке болгон ишеними азайып, нааразычылыктар арбый турганы ажеп эмес. Акыры барып, коомдо чыңалуу күчөп, ар кандай күчтөр Ак үйдү алууга ашыга башташат. Андыктан, прези­дент Атамбаев ойлонушу зарыл. Күчкө-күч колдонгондон майнап чыкпайт. Эң башкысы, адилетүү заман бекемделсе, курсагы убактылуу тойбой турган жарандарыбыз деле эртеңки жаркын келечектен үмүт кылып, мамлекеттин ынтымагына, өнүгүсүнө салымдарын кошушат эле…

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: «АЗИЯnews»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: