Menu

Эненин карызы (аңгеме)

Бөлүшүү:

 
Касым күтпөгөн жерден тез эле байып кетти. Элдин баары ушинтип сөз кылып калышты. Бирок, Касым  антип ойлочу эмес. Ал кыркка чыккынча башы менен жер казды. Ач калды, ток калды. Бизнесинин арты менен чуркап жүрүп суукка тоңгондо, ысыкка куйкаланганда, жаны кыйналганда, “Саргара жортсоң кызара бөртөсүң” деген элдик лакапты кайталап өзүн-өзү сооротчу. Жаш кезинде бул лакапты атасынан көп угуп, кулагына сиңип калыптыр. Атасы да айылдын орто байы эле, алты жашында тоголок жетим калып, тишинин кирин соруп жүрүп чоңойгон, анан  байып бутуна турган киши болчу. Бирок,  ата-энеси балдарын эч нерседен кем кылбай багып өстүрүшкөнү анык. Кийин Касым студент кезинде да каржыдан катуу жардам берип турушту. Дегеле Касым десе үстүнөн үйрүлүп түшүшчү. Ошондуктан ал ата-энесинин алдында өзүн кутулгус карыз сезип, “бутума турганда балалык карызымдан кутулам, алар карышканда эч нерседен кем кылбай багамын, дүйнөнү кыдыртып саякатка алып чыгам” деп кыялданып койчу. Москвага, Бээжинге, Дубайга барып калганда топ-топ болуп саякатташып жүргөнг жапан, англис, немис кемпир-чалдарын көрүп “биздин кыргыздын кемпир-чалдары да ушинтип топ-топ болуп, дүйнө кыдырып саякаттанганды адат кылышса” деп үмүттөнчү.
Байып кетери менен ата-энесин машинасына салып алып алгач Казахстанды, анан Өзбекстанды кыдыртты. Самолетко салып учуп Кытайга алып барды.  Алматынын бир кымбат ресторанында тамак ичип бүтүшүп, Касым официант менен эсептешкенде төлөгөн акчасын көрүп “мынча акчага биз айылда бир ай тамак ичмекпиз, кой Алматыдан кайра өзүбүздүн Кыргызстанга эле кетели” деп күлүштү. Кытайда беш жылдыздуу мейманканада бир жума жашагандан кийин “биз кытайларды балит калк болот деп жүрсөк, аябай эле пакиза, таза эл болот турбайбы, баарын эле жалтыратып таза кармашат экен” дешти. Кытай дубалына чыгып көрүп, анын 5 миң чакырымдай узун экенине, техникасы жок бир нече кылым мурун кол менен салынганына ишенишпеди. Кийинки жылга ата-энесин дүйнө кезитип келмекке план түзүп,  күн чыгыш өлкөсү Япониядан тартып Азия, андан ары Африка өлкөлөрүн кыдыртып,  Мароккодон Испанияга өтүп, Европаны кыдырабыз деп кыялданды.
Кеч күздө Бишкекке келген Касымдын апасын райондун врачтары “жүрөгүңүздү текшертиңиз шум бар, кант диабети кошулуп калыптыр тез дарылатыңыз, давлениеңиз да көтөрүлүп кетиптир” деп жөнөтүшүптүр. Шашып калган Касым Кардиологиялык ооруканадан тааныш врачты таап, акы төлөп дарыланчу палатасына жаткырды. Бирок, үч күн өткөндөн кийин кечки саат жетилерде врач капилеттен телефон чалып тез жетип келүүсүн суранды. “Капыстан эс-учун жоготту.  Жанында туруңуз, аягы кандай бүтөт билбейбиз” деп калды врач. Касым күндүз эле келип кеткен, жакшы эле жаткандай болчу. Апасы менен сүйлөшүп, “буйруса тез эле сакайып кетесиз” деп көңүлүн көтөргөнгө аракет кылган. Эми болсо апасы көзүн ачпай, эс-учун жоготуп кырылдап калыптыр. Касым апасынын колун кармап керебеттин жанында тургандан башка эч нерсе кылалбады. Бир убакта апасын айланып чуркап жүргөн тааныш, айылдаш врач “Апа, сүт акыңыздан кечиңиз, мен баарын кечтим!  деп айтыңыз” десе болобу. Муну күтпөгөн Касым айталбай мукактанып туруп калды. “Анда сыртка чыгып туруңуз” деп калды врач. Касым медиктер бир процедура жасашат го деп коридорго чыга калды.  Анан эле он мүнөт өтпөй айылдаш врач чыгып “апаңыз өтүп кетти, кайрат кылыңыз, колдон келгенди жасадык, бирок болбоду” деди башын шылкыйта. Касым уккан кулагына ишене албай дендароо туруп калды. “Бая апаңыз кете албай кыйналып жатканынан “Апа, сүт акыңыздан кечиңиз, мен баарын кечтим!  деп айтыңыз” дебедимби, сизди пусть ее отпустит дегемин, бири-бирине ыраазычылыгын айтып коштошуп калышсын дегемин. Анан сиз түшүнбөй туруп калганыңыздан апаңыздын өтүп бараткандагы кыйналганын, агониясын көрбөсүн деп сизди сыртка чыгарып жибердим. Сиз чыгарыңыз менен апаңыздан бир үшкүрүк чыкты да өтүп кетти. Сизди эле күтүп турган экен… “ деди.
Касымдын атасы өтө катуу, кайраттуу киши болчу. Ал кишинин көзүнө жаш алганын эч ким көргөн эмес эле. Бирок, кемпири каза болгондон кийин өтө жашык болуп кетти. Кемпири тууралу сөз болгондо эле жашып жиберчү адат таап алды. Касымдын дүйнө кыдырып келели деген сунушунан дароо баш тартты. Меккеге ажылык сапарга барып келиңиз десе ага да макул болбоду. Кыйнап жатып Дубайга көндүрүп, алып барса үч күндөн кийин кайра кетели деп кыйнады. Атасына кемпири жок саякаттын да кызыгы жок болуп калганы түшүнүктүү болду.  Эстесе, Кытайга саякаттын алдында да атасы кош көңүлдөнүп туруп алганда апасы көндүргөн. Дубайдан кийин Касым атасына саякатты анча оозанбай калган эле. Бирок, атам-энесин дүйнө кезитип саякаттатам деген убадасы ишке ашпай, ата-эненин алдындагы карызынан кутула албай калганына ичинен сызып жүрчү.  “Апам дагы жок дегенде 5 жыл өлбөй турса гана…” деп кейичү.
Бир күнү курсташы Керимдин үйүнө кире калса анын апасы сүйлөнүп жатыптыр.  Ошол кезде Керимдин иштери артка кетип, иши жакшы жүрүшпөй кыйналып жүргөн. Үйүндө ыйкы-тыйкы окуялар да болуп жатса керек. “Керим, сен мени Меккеге алты жолу жонуңа көтөрүп алып барып келсең да карызыңан кутулбайсын.  Мен сени тогуз ай денем сыздап, боюмда көтөрдүм, туудум, чөктүм, бактым, чоңойттум-чочойттум, катын алып бердим, эми сен мени төбөңө көтөрүп багышың керек! Сен билесин, Үпөл эжем менин эң жакын, эң жакшы көргөн эжем болот, ошол экөөбүздү Парижге алып барып келесин!” деп нааразыланып жатыптыр. “Макул апа, ишим жүрүшүп кетери менен Үпөл эже экөөңөрдү Парижге алып барып келемин” деп шылкыйды Керим. Ал эми Касымдын эсине апасын дүйнөнү кыдыртам деген ишке ашпай калган карызы түштү. “Бири кем дүйнө кургур,  мен апамды дүйнөнү кыдыртып саякаттатайын десем апам жок, эрте кетип калды. Керимдин апасы саякатка чыгайын десе азыр баласынын мүмкүнчүлүгү жок”, деп ойлонду ичинен. “Менин апамын да жакшы көргөн Канышай деген эжеси бар эмеспи эле. Айылда балдары менен турат, бирок балдарынын апасын дүйнө көрсөтүп саякатка алып чыгууга мүмкүндүктөрү жок. Өздөрүнүн жанын эптеп баккан эмелер. Эгер мен апамдын ордуна апамдын жакшы көргөн эжесин саякаттатып келсем апамдын арбактары ыраазы болор беле, мен апамдын алдындагы карызымдан кутулат белем” деген ой кылт дей түштү.
Эртеси эле айылга аттанды. Жол карай Канышай эжесин кантип табарын, ага кантип түшүндүрөрүн, анан экөөлөп кантип дүйнө кыдырып келерин элестеп кудуңдап баратты. “Апамдын арбагы ыраазы болор эле, Канышай эжемдин сөөгү агарар эле, мен да апамдын алдындагы бир карызыман кутулар элем”  деп күбүрөнүп келатты. Канышай эжесинин кандай кубанарын, кантип ыраазы болорун, кандайча бата берерин элестей берди. Айылга кирери менен Канышай эжесинин үйүн көздөй айдады.  Машинасын көчөгө токтотуп коюп, эжесинин короосуна кирсе жетимиштен эбак ашкан Канышай эже жүн сабап олтуруптур. Желкесине бир небереси асылып алган, бир небереси ыйлап жерде олтурат. Касымдын саламынан кийин аны тааный койгон Канышай апа кубанып кетти.
– Айланып кетейин, амансыңбы? Бала-чакаң ойноп-күлүп жүрүшөбү? Сенин шаарда кызматка чоңойгонуңду  угуп бүт баарыбыз сүйүнүп олтурабыз. Кана эми Түймө сиңдимдин көзү тирүү болгондо ушу сенин чоңойгонуңду өз көзү менен көрүп сүйүнбөйт беле, – деди бир кубанып, бир кейиген Канышай апа. Ал жай сурашкандан кийин эле шашылган Касым  келген ишинин  чоо-жайын айтты.
– Апче, мен сизди Бишкекке алып кеткени келдим. Апамды дүйнөнү кыдыртып саякаттатам деген максатым бар эле. Өзүңүз билесиз апамдын көзү өтүп кетти, апам болсо сизди аябай жакшы көрчү, ошондуктан сиздин барганыңыз апамдын барганы болот. Экөөбүз дүйнөнү бир кыдырып саякаттап келели,  – деди Касым.
– Ой, аның эмне? Кайсы дүйнөнү? – деп Канышай эже жакшы түшүнө бербей чочуп кетти.
– Мен сизге документтерди жасатып алып экөөбүз Японияга учабыз, саякатты күн чыгыш өлкөсүнөн,  батышты көздөй баштайбыз, андан Кореяга киребиз,  Азияны аралап Африкага барабыз, Африкадан Гибралтар кысыгы аркылуу Африкага коңшу континент Европага өтөбүз,  Европанын туу чокусу Мон-Бланды көрүп анан кайра аман-эсен үйүңүзгө жеткирип келем, – деди өзүнүн сунушуна өзү кубанган Касым.
– Койчу балам, карыганда мени кайда сүйрөгөнү жатасын?  Мен сени менен кетип калсам бул үйдү ким карайт? Бул балдарга ким көз салат? Байкуш балам менен келиним кечке жумушта жүрүшөт, кечинде бут тартарга алы келбей чарчап келишет, анан ушуларды билип туруп мен башка бир жерде айылдап тынч жата алат дейсиңби? – деди Канышай эже жактыра бербей.
– Апче, өмүр бою балдарыңызды бактыңыз, эми неберелериңизди багып жатасыз, ушинтип жаныңызды кыйнап жүрүп өтүп кетесизби? Жетимиштен аштыңыз, сизде эч кимдин акысы калган жок, баарын таштаңыз, күчүңүздү сактаңыз, эчкидей жашыңыз калды,  эми дүйнөнү да бир көрүп алыңыз, – деп ачууланды Касым.
– Жок Касым, мен ушул балдарыма жардам бербесем кимге жардам берем? Эненин балдар алдындагы карызы ушул да.  Күчүмдү ушуларга бербегенде аны сактап гөрүмө алып кетет белем? “Төрүмөн гөрүм жакын” калды, ушулардын жанында эле болгонум жакшы.  “Өз үйүм өлөң төшөгүмдө” эле өлгөнүм жакшы.  Эптеп эле гөрүмө жөрмөлөп жеткендей күчүм калса болду, калганын ушулар алсын, ушуларга берем. “Ичер суум, көрөр күнүм” түгөнгөн күнү балдарымды да кыйнабай акырын эле жөрмөлөп гөрүмө кирип кетип үзүлсөм болду…, – деп сүйлөнүп жатты. Касым унчуккан жок, баарын түшүндү,  көзүнө жаш келип, тамагына томуктай кичине бир нерсе туруп калгандай  буулугуп сыртка чыкты. Апасын эстеди, апасынын шартылдап жүргөн жаш кезин эстеди, өзүнүн балалык кезин эстеди…
Бегалы Наргозуев
Булак: “Искра”
 
 
 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: