Menu

Бишкек шаардык соту Келдибековду 10 миллион сом айыпка жыкты

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту экс-спикер Акматбек Келдибековдун иши боюнча өкүм чыгарып, ага 10 миллион сом айыппул салды. Бул тууралуу маалыматты Каныбек Темиров билдирди.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту Келдибековду жемкорлук боюнча актап, ал эми Жогорку Кеңештин Москвада өкүлчүлүгүн ачуу боюнча 3 миллион сом айыппулга жыккан. Шаардык сот Келдибековду эки иш боюнча күнөөлүү деп таап, алардын ар бирине 5 миллион сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирди.
Акматбек Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров соттун чечими саясый буйрутма болгонун “Азаттыкка” айтып, өкүмдү жокко чыгаруу боюнча Жогорку сотко көзөмөл арыз менен кайрыларын билдирген.
Мамлекеттик айыптоочулар Жогорку Кеңештин мурунку төрагасынын үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: