ЖК депутаты Аскарбек Шадиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жалпы каражатынын 70 пайыздан ашуун бөлүгү кайра Россияга кайтарылып кеткенин Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.
Ошондой эле ал акча ЕАЭБ алкагында өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн, максаттуу жумшалууга тийиш экендигин белгиледи. Ошону менен ал каражат эмне үчүн кайтарылган, аны коомчулук эмне үчүн билген эмес деген суроолорго жооп жок. Сыягы чын эле Россиянын экономикасы алсырап акчага зарыгып калышканбы?
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ