«Быйылкы жыл кургакчыл болушу мүмкүн, бирок, биз ага даярбыз»,- деген Айыл чарбасы жана мелиорация министрлиги жаз келгенге шыктанып кеткенби, «Жер кыртышын жогорулатуу»боюнча концепция” иштеп чыга салышыптыр. Бир жагынан ошол иштеп чыкпай, жөн деле коюшса, көп нерсени байкабай көңүлүбүз чөкпөйт беле дейбиз да. Айталы, суу баскан жерлердин 80, жайыттардын 50 пайызы деградацияга туш болуптур. 10651,2 миң гектар айдоо жеринин 4752 миң гектарын таш, 1333,8 миң гектар жерди туз басыптыр. Дагы 650,6 миң гектарды туз басып баратыптыр. 599,8 миң гектар жерди суу эрозиясы басса, 5789,3 миң гектардын кыртышын шамал учуруп кетип жатыптыр…Мындан улам “деги эмнебиз калды?”,- деп сурагандан да чочуп турабыз…Мүмкүн “бирдемебиз” калса Айыл чарбасы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев туурасын айтып кабарлап коер.
“Жаңы Агым” – пресс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ