Menu

Сыйкырдуу күчтөрдүн эмес, Чолпонбаевдин офиси

Бөлүшүү:

“Эркиндик” бульварында бир караган адамдын эсин чыгарган, ичи да кара, тышы да кара офис бар. Ага башбаккандар “айлана-чөйрө көрүнбөй, түн түшкөн жайга киргенсип калат экенсиң” дешип, сыртка чыкканда “оо, Кудай чын эле жарыкты көргөздүңбү?!” деп жакасын кармаарын айтып жүрүшөт. Анткен сайын бул офис сырдуу тартып, көпчүлүктүн кызыгуусун туудурууда. Айрымдары “асмандан түшүптүр” деген да сөздөрдү айтып жүрүшөт. А көрсө курулуп жатканда айлана тегереги тосулуп, кийин тосмосун алганда асмандан түшкөнсүп пайда болуп калыптыр. Анан калса бул офис сыйкырдуу күчтөрдүн эмес, кадимки эле Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин офиси дешет. Мындан улам бул депутатыбыз “Түшкө кирчүдөй түнөргөн жайда эмне иштерди бүтүрөт?”деген суроо жаралып жатпайбы…Жообун өзү эле билбесе биз кайдан.

“Жаңы Агым” – пресс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: