Menu

Өкмөттүн «өкөнөш-нөштөйү» же тариф табышмагынын артында эмне бар?

Бөлүшүү:

“Жаңы Агым” гезитинин “өкөнөш-нөштөй” деген рубрикасы бар эле. Мааниси, кадимки “абракадабра” дегенди түшүндүрөт. Ошонун кыргызчасы деп да койсок болот. Башкача айтканда эч нерсени түшүнүп болбогон абалды билдирет. Бүгүнкү өкмөттүн кадамдарын карап отуруп, көп нерсени түшүнө албагандыктан, ушул сөздү башына кийгизе салсак, атасынын тебетейиндей жараша калып жатпайбы.

Эскини эстеткен депутаттар

Фактыга кайрылсак, өкмөттүн апрель айында электр энергиясына жаңы тарифтерди киргизүү ою бар экендигин Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси жана жер байлыктары комитетинде Мамлекеттик отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин статс-катчысы Миргүл Айдарова айтып чыкты. Ошол айтып чыкканы жакшы болуптур. Анын үстүнө канчалык сындабайлы парламентте деле эгерим эч нерсени унутпаган депутаттар бар экен. Бул жагы- нан эски-жаңы депутат, кадимки Кожобек Рыспаевдин башы тимеле компьютерби деп калдык. Анан оңойбу биз эске албаган нерсени эстетип атса. Эстеп көрсөк, былтыр суунун аздыгынан энергия каатчылыгы боло калганда өкмөт коңшулардан энергия импорттоп келүүгө аргасыз болуп, энергияны 700кВт/сааттан ашыра керектегендер 2.16 сомдон төлөмөй болгонбуз. Ошол тариф өзгөрбөй, биз төлөп келе бериптирбиз. Депутат К.РыспаевIMG_4749туура белгилегендей азыркы учурда энергияны импорттоп келген жерибиз жок. Тамашага салып айтканда былтыр баарыбыз тост көтөргөн сайын “Токтогул толсун” дей бергенибиз жетинчи асманга жеткен окшойт, Токтогул суу сактагычы бир топ эле толуп берген. Ошонун үзүрүн көрүп жатканыбыз менен былтыркы тариф алынбаптыр. Депутаттардын ою боюнча энергиянын куну импорттук болбогондон кийин ашып кетсе 1,28 тыйын болушу керек экен. Бирок Мамлекеттик отун-энергетикасын жөнгө салуу агенттигинин статс-катчысы Миргүл Айдарова моюн берген жок. Анын айтымында импорттук энергияга болгон дебитордук карыздар жоюлбаса мурунку тариф өзгөрүлбөй кала берет экен. Бул жерде өкмөттү деле түшүнүп турабыз. Энергияга карызы барлар импорттолгон энергияны пайдаланышканы анык. КЫРДААЛ “Жаңы Агым” гезитинин “өкөнөш-нөштөй” деген рубрикасы бар эле. Мааниси, кадимки “абракадабра” дегенди түшүндүрөт. Ошонун кыргызчасы деп да койсок болот. Башкача айтканда эч нерсени түшүнүп болбогон абалды билдирет. Бүгүнкү өкмөттүн кадамдарын карап отуруп, көп нерсени түшүнө албагандыктан, ушул сөздү башына кийгизе салсак, атасынын тебетейиндей жараша калып жатпайбы.

 Демди кескен дебитордук карыз

Үстүбүздөгү жылдын январь айында өкмөттө өткөн селектордук жыйында премьер-министр Т.Сариев энергияга болгон дебитордук карыз 2015-жылы 2014-жылга салыштырмалуу 80 млн. сомго өсүп кеткенин айткан болчу. Ал эми “Чыгышэлектро” ААК ишканасынын берген маалыматына караганда 2016-жылдын 1-январына карата бөлүштүрүүчү компанияларга дебитордук карыздар -1 млрд. 810 млн. сомду түзгөн. Көрүнүп тургандай бул сумма оңой эмес. Демек, мынча өлчөмдөгү дебитордук карыздарды жапмайын Мамлекеттик отун-энергетикасын жөнгө салуу агенттигинин статс-катчысынын айтымында, өкмөт былтыркы бекитилген тарифтерди төмөндөтүүгө барбайт окшойт. Ошону менен апрель айында энергетикалык жаңы тарифтерди киргизебиз деген өкмөт Жогорку Кеңештин чалмасына өзү келип түшүп берди. Бир жагынан бул маалымат элдин эсин чыгарып, энергия дагы кымбаттайбы дешип үрпөйө калышты. Бардык балээнин баары ушу энергетиканы жогорулатуудан же кандайдыр бир тарифтик өзгөртүүдөн башталаары башы- быздан өткөн. Муну өкмөт билиши керек эле. Анан билип турса эмне үчүн кезектеги тарифти жогорулатуу боюнча сөз болуп жатат, өкмөттүн бул эмне деген “өкөнөш- нөштөйү” деп жатканымды себеби ушул. Анын үстүнө азыр жумурткадан кыр табалбай турган айрым саясый күчтөргө мындай кадам майдай жагары, эртең эле элдин колтугуна суу бүркүп чыга келери турган иш. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары, ошол эле Кожобек Рыспаев башка тарифти сунуш кылышууда. Алар керектөөчүлөрдү 700кВт/сааттан ашып кеттиң же жетпей калдың деп бөлүп отурбай, 90 тыйындан же 1 сомдон бирдиктүү энергетика тарифин бекитүү тууралуу сунушун айтууда. Буга караганда жаңы тариф тууралуу дагы далай сөз болгону калды окшойт.

Техникалык жоготууларды азайтса болобу?

Дегеле, эгемендик алгандан бери этеги узарбаган тармактардын Өкмөттүн «өкөнөш-нөштөйү» же тариф табышмагынын артында эмне бар? бири ушул энергетика экендиги баарыбызга дайын. Эл деле бул тармакта эмне болуп жатканын жакшы билип калышты. Башкы көйгөйдүн бири техникалык жоготуулар боюнча ааламда алдыңкы орундагылар менен тизгин талашкан абалга жетип калыптырбыз. Премьер- министр Т.Сариев 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын бөлүштүрүү компанияларындагы жоготуу 14,9 пайызга жеткендигин айткан. (Эксперттер бул көрсөткүчтү дүйнөдө эң жогору деп эсептешет). Маселени катуу көзөмөлгө алган премьер быйылкы жылы 13 пайызга чейин төмөндөтүү талабын койду. Кебетеси бул колдон келчү эле иш окшойт. Мисалга кайрылсак, былтыр “Түндүкэлектро” техникалык жоготууну 8 пайызга чейин азайтса, “Чыгышэлектро” тескерисинче 17 пайыздан түшпөптүр. Эмне үчүн техникалык жоготууларды бир компания 8 пайызга чейин төмөндөтсө, экинчиси ошол абалында калганын түшүнүш кыйын.

Жабдууларды жаңыртпасак болбойт

Кыргызстандын энергетика компанияларынын жабдуулары (линиялар,ГЭСтер, трансформаторлор) Т.Сариев белгилегендей жаңы жабдууларга муктаж. Ал өзү “Токтогул ГЭСиндеги авария – бул биз үчүн коркунучтуу сигнал” деп айтканы бар. Ошону ме- нен бүгүнкү абалында Кыргызстан энергетика тармагынын жабдууларын сырттан карыз алып болсо да жаңыртууга аргасыз. Эмне кылуу керек? Биздин оюбузча, энергетика тармагындагы айтыла берип тил тешилген коррупциялык схемалардан канчалык тез арылсак, ошончолук ишибиз оң болгон турат. Андан кийин элге “мындай аракеттерди кылдык, эми энергетиканын тарифин көтөрүүдөн башка жол жок” десе эл деле түшүнүп, атургай колдоп кеткени турат. Эсибизде, былтыр энергияны импорттоп келүүгө аргасыз болгонубузда, тарифтин жогорулашын эл түшүнүү менен эле кабыл алышкан. Ошону менен өкмөттүн энергия тарифи боюнча апрель айында өзгөрүүлөр болот дегени элди ойлонтуп турган чагы…

P.S .Ал арада Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин директору Таалай Нурбашев апрель айынан тар- та энергетикалык тариф жогорулайт деген маалымат чындыкка жатпай турганын билдирип чыкты. Ал Жогорку Кеңештен электр энергиясын сырттан сатып алуу азайгандыгына байланыштуу тарифтерди кайра карап чыгуу тууралуу сунуш түшкөн дейт. Ал эми премьер-министр Т.Сариев жакынкы мезгилде электр энергиясынын баасын жогорулатуу каралбай турганын, бул маселе боюнча элге туура түшүндүрүү зарыл экенин айтты. Буга караганда өкмөт депутат Кожобек Рыспаевдин сунушуна макул болгондой.

Темирбек Алымбеков

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: