Menu

Сузак районунда уйларды жасалма уруктандырууга арналган семинар болду

Бөлүшүү:

11-мартта Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу Таштак айылында Апсалам Каржодиев жетектеген жасалма уруктандыруу пунктунда жана Үлгү айылындагы Кахар Эшкозуев жетектеген «Бакыт» фермердик чарбасынын базасында жасалма уруктандыруу жана кара малдын асыл тукумдуулугун жакшыртууга арналган семинар болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Семинардын ишине Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунун акимдеринин орун басарлары, айыл чарба департаменттеринин башчылары жана мал чарбасынын адистери менен жасалма куут пунктарынын башчылары катышты. Семинардын ишине өкүл Жумагүл Эгембердиева, өкүлдүн орун басары Бакытбек Анаркулов, Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов, Жалал-Абад областтык мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Жумабек Аскаров катышты.

Барпы айыл аймагына караштуу Таштак айылындагы Апсалам Каржодиев жетектеген жасалма куут пунктунун ветеринар адистери элдин менчигиндеги уйларды асыл тукумдуулугун жакшыртуунун үсүндө иш алып барышууда.

– Индонезияда малдын асыл тукумдуулугун жакшыртууга арналган тажрыйба алмашуу семинар-кеңешмеге барып келдим. Малдын асыл тукумдуулугун жакшыртуу боюнча илим кыйла эле алдыга кеткендигин өз көзүм менен көрдүп ынандым. Азыркы күндө Барпы айыл аймагындагы элдин менчигиндеги уйлар менен койлордун асыл тукумдуулугун жакшыртуу боюнча иш алып баруудабыз. Уйларды асыл тукум урук менен  уруктандыруу кызматы 750 сомду түзөт. Эң баса белгилеп айта кетүүчү нерсе уй күүгө келгенде гана уруктандыруу талап кылынат. Жакшы асыл тукумдуу малды ылгап алууга ондогон жылдар кетээри анык,- деди жеке менчик мал куут пунктунун башчысы Апсалам Каржодиев.

Семинардын катышуучулары Барпы айыл аймагына караштуу Үлгү айылындагы  Кахар Эшкозуев жетектеген «Бакыт» фермердик чарбасынын учурдагы ишмердүүлүгү менен дагы кеңири таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.  Учурда Кахар Эшкозуевдин карамагында 170 баш асыл тукум кара мал болсо, анын 70 башы асыл тукумдуу саан уйлар болуп саналат. Фермерге карамагындагы асыл тукум малдарды асырап багуусу жана жем-тоют менен жетиштүү камсыз кылуусу үчүн Барпы айыл аймагынан 26 га. сугат жер аянты жана 10 га. кайракы жер аянты ажыратылып берилген. Мындан бир нече жыл мурун фермер Кахар Эшкозуевге USAID эл аралык уюму тарабынан 52 баш асыл тукум музоолор берилген.

– Уйдун асылдуулугун арттырам дегендер болсо мага кайрыла беришсин. Кааласа асыл тукум багытындагы уруктар менен жасалма түрүндө, болбосо табигый жол менен  асыл тукум букаларды пайдалануу  менен уруктандырып беремин. Азыркы учурда мен Шотландиядан алынып келинген ангус породасындагы асыл тукум буканы өстүрүп жатамын. Ал биздин жер шартка абдан ыңгайлашкан жана чөп-чарды такыр ылгап тандабайт,- дейт фермер Кахар Эшкозуев.

Семинардын катышуучулары жеке фермер Кахар Эшкозуевдин фермасындагы асыл тукум уйлар, букалар жана эки-үч айлык музоолорду жеринде көрүшүп, аларды асырап багуунун сырлары жана дарылап асыроо багытындагы иш тажрыйбалары жана сырлары менен  кеңири ой бөлүштү.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: