2015-жылы 31-декабрда Баткен облусуна караштуу Кара бак айыл өкмөтүнун башкы жер адиси Таштанов Абдурасул жер бөлүштрүү аукцион өткөрүп жатканда, мыйзамдын чегинен чыгып, кол ийрисине тартат кылган. Мындай жоругуна айылдык тургундар, колу туткак жер адисин, Баткен облусунун ИИБ билдирүү жасап, 20 миң сом пара алып тургун кезде кармалган.
Кармалган кезде видео камерага тартылып, коррупцияга каршы иш кылып жаткандай болгон. Бирок көп өтпөй эле Таштанов Абдурасул жоопкерчиликтен бошоп, кайра эле өз кызматында иштеп жатат. Мындай жорукка жергиликтүү тургундар аябай нараазы болушууда. Бийлик бутактары эми айылдык деңгээлдеги коррупцияга киришип жатат. Айылдык жер адисине «крыша» болуп жаткандан кийин, мыйзамдын чегинен чыгып, акыркы чекке келген турбайбызбы, аттиң…
Качкынбек Булатов, укук коргоочу
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ