Menu

Билбегенге Бишкек мэри, билгенге…

Бөлүшүү:

Билгенге калкынын саны 1 млндон эбак ашкан Бишкек шаарынын мэрлик кызматы баарыдан мурда саясый кызмат. Түз эле премьер-министрликке, президенттикке секиргенге эң мыкты трамплин болуп саналат. (Албетте, мэр катары “итиң чөп жеп” элге алынып кетсең). Мисалы, Т.Усубалиев, А.Масалиев ушул жолду басып өткөн. Ал кездеги саясый система менен азыркы кадр саясатын салыштырып болбойт деңиздерчи, бирок, Кыргызстандын борбору болгон Бишкектин статусу өспөсө эле төмөндөгөн жери жок. Анын үстүнө бүгүнкү шарттарда Бишкектин калкынын саны кайсы гана партиянын көзүн кызыктырбасын?! Жанагы айрым партиялардын (М: Ата мекен) “биздин түкүнчөбүз жарайт” дегендей маалыматтарды ЖМКлар аркылуу жылдырып чыгышы тегин жеринен эмес. Бишкектин мэри ким гана болбосун өзүн мыкты чарбакер, уюштургуч катары көрсөткөнгө эң мыкты мүмкүнчүлүк бар. Анткени, ошончолук чети оюлбаган көйгөйлөр толтура. Бул жагынан да көзгө көрүнүп койсо болот. Айрымдар К.Кулматов мэр катары эки жыл ичинде өзүн анча ачалбады, “Тазалыкты” “тазалайм”деп жүрүп убактысын өткөрүп ийди деген ойлорду айтууда. Аныгында иштин жайы андай эмес. Биздин пикирибизче К.Кулматов Бишкек шаары боюнча бүгүн билинбеген менен эртең жемишин берчү иштерди жасаганга үлгүрдү. Ага төмөндө токтолобуз. Т.Сариев премьер-министр болуп келгендин алгачкы күндөрү К.Кулматовду ээрчитип алып, Бишкек шаарын дээрлик күн алыс кыдырып, аз жерден мэрлик кызматты өзүнө жүктөп ала жаздаган жайы бар. Ошондо ар жакта жасалып жаткан иштерди билип айттыбы, билбей айттыбы, айтор “буга чейин атаңыздын ысмы иштеп келди, эми өзүңүз качан иштейсиз” деген болчу. К.Кулматов коомчулуктан, айрыкча журналисттерден деле жакшы сөз укпады. Президент Атамбаев менен жолугушуу учурунда журналисттер мэр Кулматовдун ишине элдин ичи чыкпай жатканын айтышкан болчу. Президент К.Кулматовго “жыл аягына чейин убакыт берерин, ишин оңдоп кетет деген үмүтү бар экенин” айткан.

Кулматов жана Авгиев атканасы159f7f3b6a3b2311ab075fe0b7d976ad_XL

Эми өзүбүз койгон “Экс- мэр эмне иш кылды?”, деген суроого жооп издеп көрөлү. “Оозду куу чөп менен аарчый бербей” айтканда, бар же жок экени билинбей “интеллигент” иш алып барган экс- мэр К.Кулматов эки жыл аралыгында Бишкек мэриясындагы “Авгиев атканасындай” болгон коррупция системасын бир топ эле ооздуктай алды десек да болот. Алар кайсылар: — Эң башкысы Бишкек шаарынын бюджетин 1,5 млрд. сомдон 5 млрд. сомго чейин өстүрдү. — “Тазалык” ишканасын жолго коюп, ага конкурент катары башка фирмаларга жол ачып, “Тазалыктын” монополиясын жокко чыгарып, таштандынын наркын түшүрдү. — Шаардын жерлерин көз боемочулук аукцион өткөрүү жолу менен алып жатышкан курулуш компанияларына карта берүүнү токтотту. — Шаардын көркүнө, санитардык нормасына туура келбеген курулуштарга уруксат берүүнү тыйды. — Шаардын парктарын четинен кыркып, бай адамдарга мыйзамсыз жер берүүнү токтотту. — Шаардын ЖӨБдөрүндөгү (жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарындагы) коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып, миллиондорду шаардын казынасына кайтара баштады. — Мурдагы башаламан курулуштарды (М: “Бишкек-парк”, “№70 мектептин тушуна салынган Бөкөнбаева көчөсүндөгү турак үй, “Караванга” окшогон үйлөр ж.б.) токтотту. — Ар жуманын ишемби күндөрү шаарда ортомчусуз дыйкан базарларын уюштуруп, элге жагымдуу иш кылды. — Шаардын борборуна АЗСтерди курууга тыюу салды. — Бишкек башкы архитектурасын Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктен кайра Бишкек шаарына берилишине жетишти. — Акчасы чөнтөккө кетүүчү муниципалдык автопарковкаларды жойду. Ошентип, “интеллигент” К.Кулматов кернейсурнай тарттырбай, бир иш жасаса аны ЖМКлар аркылуу дүңкүлдөтпөй иштеди. Мүмкүн анын башкы кемчилдиги ушул болгондур. Буга караганда К.Кулматовду жасаган ишинин жемишин жедирбей, тескерисинче эртерээк ишинен кетүүгө аргасыз кылыштыбы деген да пикирлер бар.

Деги бизге кандай мэр керек?2015-12-03_09-32-44_267308

Жогоруда айтылгандардан улам “деги Бишкекке кандай мэр керек?” деген суроо жаралып жатпайбы. Айрымдар “К.Кулматов өтө интеллигент, токтоо адам. Ал эми мэрликке экспрессивдүү, элге белгилүү адам керек” деген ойлорун айтышуу да. Президент А.Атамбаев да “бир ирет анын өз иштөө стили бар” деген болчу. Бул сөздөрдүн тигинисинде да, мунусунда да талаш жок. Анда кандай? Же өтө интеллигент, өз иштөө стили бар адам кийинки бир мезгилдеде келбесе, Бишкектин көөнөрбөгөн көйгөйлөрү м у ш т а ш к а түшчүдөй “жеңди түрүп салып эле” күн-түндөп иштей турган, чечкиндүү адамды талап кылып турабы?! Мындан улам статусуна жараша Бишкек, Ош шаарларынын мэрин жалпы элдик шайлоо тууралуу айтылып жүргөн пикирлер туурабы деп кетесиң. Балким, ошол жол менен “чыгаан” мэрди эл арасынан чыгарып алат белек ким билет?

Бабановбу? Текебаевби? Султановбу? Ибраимовбу?

Ал арада депутат А. Шыкмаматов: “Шаардын мэри бир гана элге белгилүү болбостон, абдан активдүү жана жаны тынбаган адам болушу керек. Эл аны телевизордон эмес, социалдыктиричилик маселелерди чечкенине жараша тааныгандай болсун. Бизде таңдан кечке баш көтөрбөй иштеген адамдар бар, менин эркиме койсо Бабановду мэрликке коер элем”- деп жиберди. Кызыгы, ошол эле учурда социалдык желелерде “жараса Ө.Текебаев жарайт” деген да сунуштар айтылган. Саясатты жазып жүрөбүз, мындай пикирлер тегин жеринен коомчулукка таңууланбай турганын да жакшы билебиз. Буга караганда “Республика-Ата-Журт”, “Ата-Мекен” партиялары жогоруда айтканымдай 1 млн.дон ашык калкы, тагыраагы шайлоочусу бар Бишкек шаарынын мэрлигине көз кысып жатышы, алысты ойлогон кадам болушу да ыктымал. Андыктан, “чабал өрдөк эрте учат” болуп демилгени илип кеткенге аракет кылган, маалымат шамалынын каяктан согуп жатканын аңдабай коюуга болбойт. Бирок, мэрдин кызматы партия лидерлери кийин-соңкусун ойлоп ыктытып жаткандай кызмат эмес. Муну саясат тануучу М.Казакпаев жакшы айтыптыр: “Мэрди тандоодо анын кайсы партияга таандык экендиги эмес  тажрыйбасы, чарбакерлиги маанилүү”,-дейт ал. Ушул жагын мэрликке жулунгандар мээсине сиңирип алса жакшы болор эле. Кошумчалай кетсек экс- министр К.Султановдун, “Манас” эл аралык аэропортунун президенти А.Ибраимовдун кандидатурасы каралып жатыптыр деген да сөздөр жүрүүдө.

Кулматовду “куткарбайбыз” дейт1014464528

Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комиссиясынын төрагасы Эрнис Докенов Кулматовдун кетишине ушунчалык кубанычта экенин жашыра алган жок. “К.Кулматов жөн эле кете бербей, өзү жасаган иштерине жооп бериши керек. Ал жергиликтүү өзүн өзү башкаруу системасын жок кылды. Эң башкысы – “Бишкек шаарынын мэриясынын токтому” демиш болгон нормативдик актыларды чыгарышы болду. Мындай укуктук акт КРнын мыйзам системасында дегеле жок. Мэр мындай токтомдор менен муниципалдык менчиктерди берип, жерлерди бөлүштүрдү”…Э.Докенов андан ары мэр кызматынан кетип калгандыгына байланыштуу мындай токтомдор үчүн комиссия мэриянын өзүн сотко берерин айтты…Бирок, менде бир суроо турат. Кандайдыр бир токтом же чечим кабыл алалбаса, ал эмне болгон мэрия? Болгондо да Бишкек мэриясы? Ал токтом же чечим туурабы, туура эмеспи териштирчү органдар бар эмеспи. Бир сөз менен Кулматовду оңой эле куткарып жибергиси келбеген күчтөр да топтолуп калса керек. Ошентсе да биз К.Кулматовго кайсы жерге барып иштебесин, ийгилик жана ден соолук каалар элек. Аныгында бийик потенциалын, чыныгы интеллигенттигин, иштин көзүн билээрин көрсөттү, негизгиси Бишкек мэриясындагы кыйраган системаны жолго салууга катуу аракет жасады.

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: