Жаңы тартылып жаткан «Үркүн» тасмасынын режиссеру Муктар Атаналиевдин айтуусунда, тасманын кышкы эпизоддору тартылып бүтүп калды. Эми тартыла турчу жерди өзгөртүп, калган бөлүктөрүн тасмага түшүрүү улантылат.
Азыркы тапта көркөм тасма Жети-Өгүз районунун Саруу жана Дархан айылдарында тартылууда. «Үркүн» тасмасын тартуу 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата тартылууда.
Сценарий, пландар бир жыл мурда даярдалып, тартуу процесси өткөн айда башталган.Фильмди ушул жылдын сентябрь айында бүткөрүү пландалууда.
Булак: “Жаңы Агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ