Menu

Эрнис Кыязов, тележурналист: “Алмас Шаршенович, учурдагы бийлик өз абийири үчүн жок дегенде уялабы, айтыңызчы?”

Бөлүшүү:

АЙТЫҢЫЗЧЫ?..
“..передачасын көргөн сайын ..Эрнис сага дайыма ыраазы болом да, уялбай барып туалетине чейин барып киресиң, көргөзөсүң, чын эле позор да.. Силердин (өкмөттүн) атыңардан Эрниске белек берейинчи бир,.. ичинде камчысы бар, жанакыдайларды камчы менен чапсын дагы..”.
(премьер-министр Алмазбек Атамбаев, 2007-жыл)
****
…Курманбек Бакиевдин буйругу менен дайындалган премьер-министр Алмазбек Атамбаев 2007-жылы менин КТРдеги “Багыт” автордук көрсөтүүмдө козголгон туризм, Ысык-Көлдүн жол боюндагы дааратканалардын абалы боюнча темадан кийин өкмөттүк чогулуштардын бирине мени чакырып, ыраазылык айтып, чын дилден алкап камчы белекке берген эле, “камчылап тур..” деп. Ошонку премьер министр Алмаз Шаршеновичтин илгерки өтүнүчү ар убак эсимде, такай камчылабасам да, кээ-кээде ошол аманатты эстеп, а киши президентке айланганда да колдон келишинче камчылап коюп келе жатам. Алмаз Шаршенович “..дайыма ыраазы болуп көрчү Багыт передачасы” ырас азыр эч бир телеканалдан чыкпаганы менен, Сүкөрбергдин Фейсбугу аркылуу камчы-салам узатып коюп турам. Бул жолку камчылоом да өзүңүз белекке берген камчынын деми менен жазылды урматтуу Президент, анда баштадык…
Айтыңызчы, урматтуу президент..
1). Акаев менен Бакиев кескин, батыл реформаларды жасай алышкан жок дешет. Парламентаризм терисин жамынган азыркы президентчил бийлик келечек муундар көп жылдар бою айта жүрчү көзгө жарк этип көрүнгөн олуттуу, уникалдуу кандай реформа жасады, манжалап санап айтыңызчы?
2). Мурунку президенттер бийликтин баарын бир колго топтоп алган авторитарлар катары мүнөздөлүп келет, азыркы өкмөттүн, парламенттин, соттордун куурчак ойноткуч жиптери сиз – президент Алмазбек Шаршеновичтин колунда болбосо кимде, айтыңызчы?
3). Акайып, Бакийип режимдерде көз каранды сот, көз каранды өкмөт, көз каранды парламент болгон экен,.. а азыр өкмөт, парламент, сот Атамбаевден көз карандысыз, өз алдынча иш алып барып жатышабы, айтыңызчы?
4). “Алга Кыргызстан”, “Ак жол” деген бийликке ляппай деген партиялар жашап өткөн экен илгери, а азыркы КСДП жана бийликтин батасын алып парламенттик орун алган көз каранды партиялары бар Жогорку кенеш мурунку режимдердеги кол жоолук партиялардын эмне айырмасы бар, айтыңызчы?
5). Мурункулар чече албай келген: Кумтөр, Энергетика-тарифтер, Мегаком, чек ара, сот реформасы сыяктуу маселелерди бүгүнкү Атамбаевдик бийлик чече алдыбы, чечсе кантип чечти, айтыңызчы?
6). Мейли Атамбаевди аялы башкарбайт экен, мейли Семетей, Сейтек деген уулдары, күйөө баласы саясатка кийлигишпей өзүнүн таланттарына жараша оокат кылып атышкан имиш, анда мурунку айдоочусу Икрам Илмиянов, мурунку жан сакчысы Мамбеталиев, УКМК башчысы Абдил Сегизбаев, кенешчиси Фарид Ниязовдор кимдердин ролун аткарып жатышат, айтыңызчы?
7) Акаевдик, Бакиевдик кадр саясатынан Атамбаевдин кадр саясаты идеалдуу болуп кеттиби? Европадагы, Батыштагы атактуу Оксфорд, Кембридж сыяктуу окуу жайларды бүткөн, ар кайсы мамлекеттерде иштеп тажрыйба топтогон жаңы, жаш, таза кадрлар ак үй, көк үйдө иштеп жатабы, айтыңызчы?
8). Атамбаев оппозицияда кезинде КТРди эле сындап, “туура эмес көрсөтөт” дечү эле, азыр коомдук деген көз боёмой күрмөнү жамынган КТРК башкача болуп, президенттин да, өкмөтүн да, башкасын да агы-көгүнө карабай сындаган, ачык, түз айткан, ак үйгө көз каранды эмес каналга айланып кеттиби, айтыңызчы?
9). Убактылуу өкмөт учурунда банк ячейкаларынын акчалар, алтындар сырдуу жоголгонун, Батукаевдин көз көрүнөө качырылышын, Оштогу Мырзакматовду атайылап жыдытыш үчүн өткөрүлгөн мэр шайлоонун бетпак мүнөзүн, бийликтин тымызын өкүмзордугу менен Омбудсмен шайлоо өнөктүгү өтө ыплас өткөнүн моюнга алып – учурдагы бийлик өз абийири үчүн жок дегенде уялабы, айтыңызчы?
10). Атамбаевчил бийлик алгач бийликке отурган жылдары “иштейли десек акайыпчылар, бакийичилер жолтоо болуп атат..” дегенсип күңк-мыңк этип атты эле, азыр ошол Акайып, Бакийип деген “желмогуздар” жок, бүтүндөй бийликти топтоп алган Атамбаевдин колунда азыр баары бар – соттор, өкмөт, парламент, күч органдары, УКМК,.. канакей реформа? Реформа болбосо да кур дегенде элдин аң сезиминде “ушулар бирдеме жасай алат окшойт..” деген үмүт жарата алдыбы, ачык айтыңызчы?
урматтоо менен, сиз бир кезде “ыраазы болуп, передачасын улам көргөн” журналист
Эрнис Кыязов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: