Menu

Жалал-Абадда оппозиция өкүлдөрүнө бийлик тараптан куугунтуктоолор башталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-мартта Жалал-Абад шаарында митинг  өтүү алдында турат. Ага бир катар оппозиция өкүлдөрү катышуу үчүн аталган шаарга кечээ барышкан. “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, оппозициялык маанайды тутунган саясатчы Бектур Асановдун “Саясат.kgге” билдиришине караганда, жергиликтүү бийлик митингди болтурбоонун айла-амалын жасап баштады.

Саясатчынын айтымында, Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери оппозиция өкүлдөрүнүн унааларын токтотушуп,  ар кандай терс көрүнүштөрдөн улам шаарда көзөмөл күчөтүлүп, паспорт текшерүү болуп атканын айтып, кармап атышат.

“Жергиликтүү эл көзү менен көрүп тургандыктан, бийликтин мындай жоругуна нааразы болушууда. Жер-жерлерден телефон чалган адамдардын катары көбөйдү. Алар: “Биз бүгүн эле облустук администрацияны басып алабыз”, -дешти. Мен күч менен токтотуп турам. Биз эртең, эч кандай мыйзам бузууга барбайбыз. Мыйзам чегинде демократиянын эрежесине ылайык, топтолуп, бийликтин айрым аракеттерине нааразычылык гана билдиребиз. Элдин маанайын көргөн бийлик балким калкка ооручулук келтирчү аракеттеринен баш тартар деген гана ниет”, – дейт Бектур Асанов.

Эске салсак, оппозициялык күчтөр тарабынан уюштурулуп аткан митинг эртең, 14-мартта, Талас жергесинде, Жалал-Абад шаарында жана Аксы районунда болот. Бул митингди Улуттук оппозициялык кыймылы да колдоого алаарын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: