Menu

Кыргызстанда байыркы жаныбардын сөөгү табылды

Бөлүшүү:

Эзелки доордогу жаныбардын сөөгүн 10-мартта Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн жашоочулары Жыргалаң суусунун боюндагы жардан таап алышкан.

Казуу иштери жүргүзүлүп, жаныбардын баш, ооз бөлүктөрү жана тиштери аныкталган. Калдык мамонттуку болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылууда. Кеңири иликтөө үчүн Улуттук илимдер академиясынан окумуштуулар чакырылды. Ак-Суу районунда белгисиз жаныбардын сөөгү табылган жерди милиция кайтара баштады.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, дубан жетекчиси Аскат Акибаев бул ишти жеке көзөмөлүнө алды.

“Быйылкы Тарых жана маданият жылындагы бул табылга Ысык-Көлдүн климаты жана биологиясы тууралуу жаңы маалыматтардын чыгышына өбөлгө болот. Тарыхчы, археолог жана палеонтологдордун кызыгуусун арттырат”, – деди өкмөт өкүлү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: