Ушул күндөрү Кочкор районунун акимдик креслону талашуу кызык маанайда уланганы туру. 15-мартта белгиленген район башчысын шайлоо өнөктүгүнө жалпы 4 талапкер ат салышаары маалым болсо, негизги кармаш 2 талапкердин ортосунда болоору болжолдонууда. Буга дейре райондогу кызарган жердин баарысын өздүк кишилерине ыйгарып алууну адат кылып алышкан Кочкор кланынын бийликтеги «көзүрлөрү» (Мухаммедкалый Абылгазиев, Дуко мырза, Сапар Исаков) учурдагы акимдин милдетин аткаруучу Нурлан Керимкуловду сүрөөнгө алышса, өкмөт башчы Темир Сариев Бурканбек Акишов аттуу айылдык кеңештин депутатын туртмелеп жаткандыгы кабарлан- ды. Премьер-министр Темир Сариевден «бата алган» Бурканбек Акишовго парламент депутаты, айтылуу көпөс Нурлан Макеев каржылык жактан колдоо көрсөтүп жаткандыгы, натыйжада, Букең жергиликтуу кеңештин депутаттарынын тамагын «майлоого» өткөнү каңкууланды. Эми качанкыга чейин бийликтеги Кочкор кланынын өкүлдөрү районго «өз бала» деп эле өкүлдөрүн түртө беришет? Көрдүк го алардын буга чейинки кадрларын. Бул сапар Темир Сариев Кочкорду «менчиктеп» алышкан береги чиновниктерди укпай, өз кадрын дайындап алса, кызык интригалар башталат окшойт. Темике деле оңой жоо эмес да, өзүнө карата моюн толгоп жатышкан берки чиновниктерге жемин жедирбесе керек.
Булак: “АЗИЯnews”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ