Menu

Нурлан Мотуев, моджахед-джихадист: “Жаңы узбечка аялымдан башка да кыргыз аялым бар”

Бөлүшүү:

Биздин каармандын төшөк жаңыртып, нике тойго баш урганы коомчулуктун кайрадан кызыгуусун жаратып, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда. Оригиналдуу жүрүш – турушка ээ, ар бир баскан кадамы таңданууну жараткан каарманыбыздын нике тою менен куттуктап, сөз арасында гезит үчүн да кеп козгоп койдук.

-Нурлан аке, куш боо бек болсун! 19 жаштагы секелек жеңебизди кайдан таап алдыңыз? Дегеле экөөңөрдүн ортоңордогу  сүйүүңөрдүн тутанышына эмне түртк болду? Сүлкүлдөгөн далай жигиттер үйлөнө ал бай жүрүшсө, дегеле аялдан жол- дуусуз ээ?

-Рахмат, иним! «Катын кетсе камчы сап, төшөк кай­ра жаңырат» дегендей, азыркы заманда катын алуу деле көйгөй эмес го. Туз, бир калыпта, эркекче зыңкыйып жүрсөң, ичпесең, чекпесең, бутуңа турган болсоң, жаркыраган кеңсең, машина «Джипиң», үстүндө үйүн, бизнесин болсо, намаз окусаң, суутулган күлүктөй болуп спорт ме­нен машыксаң, жүзүңдөн нур жанып турган кубаттуу бол­соц, «илибой» аялзаты имерилет да. Же андай эмеспи?

-Жеңебизди алганча бойдокчулук доордо кийим-кечектериңизди өзүңүз эле жуучу белеңиз?

-Өмүрү кийим жууп, же үй жыйнап көргөн жан эмесмин. Берки аялымдын мойнуна жүктөлгөн да баары. Эркек деген касиетин жоготпоого тийиш.

-Бул жеңебиз өзбек улутунан турбайбы. Башка улутка басым жасап, кан жаңыр­тып, генефондду өзгөртөюн дедиңизби?

-Биринчи аялым казак кызы болчу. Андан АКШ гражданы болуп  төрөлгөн 3 балам бар. Ал эми бул 19 жаштагы узбечка менен сүйүү оту жалындап, алоолонуп эле тутана түштү. Өзүм да түшүнбөй калдым, махабатка мас болуп…

Спорт залга барып, «качок» болуп чыкыйып турсаң, кыздарга жагат окшобойсуңбу. Же атак-даңк, аурам жеңип кеттиби, айтор… Негизи, никебиз декабрь айында эле кыйылган

болчу. Азыр наристе күтүүдөбүз. ЗАГСка арыз берген соң, «элге ачыкка чыгалы» деп чечтик. Анүстүнө, Исламда улутка, урууга бөлүнүү айыпталат.

-Сиздин мүнөзүңүз жайдын күнкү аба-ырайындай бирде бүркөлүп, кээде ачылып турат эмеспи. Ориги­налдуу жүрүш-турушуңуз менен бир  күнү секелек же­ңебиз ачууңузга тийсе колуңуз тийип, чаап-жаскап жибербейсизби? Анын үстүнө спорт менен дагы машыгып алыпсыз…

-Мен эзели аялзатына кол көтөрүп көргөн жан эмесмин. Өзүнө жараша өч алам. Үйгө кеч келсе, эртеси мен да андан 2 саат ашыра кеч келем. Суроо- сопкутсуз кафелеп же подружкалап кетсе, мен да эртеси дал ошентип ойноп кетип, жүрөгүн оорутам. Мындай эрегишүүнү сени сүйүп турган аял- заты көтөрө албай, «кысчу жерин бат эле кысат» да. Үйдөгү погоданы сакташ үчүн деле…

-Элдин баары эле аял алат, спорт менен машыгат. А сиздин аял алып, спорт менен машыкканыңыз коомчулукка дароо ажиотаж жаратат да. Мунун сыры неде?

-Эми-и, спорт менен машыксам, 6 айда эле 30 килограмм майымды ээритип, баякы семиз Мотуев жок, чыкчыйган эле сымбаттуу бирөө туруп калса, далайынын оозу Ошту карап, тебетейи тетири тегеренди да. Ал эми, Исламда 4 аял алууга уруксат. Тээ ата- бабасы мусулман болуп өткөн кыргыз азыр эле каапыр орусту туурап, 1 аялга байланып калганы үчүн менин үйлөнулөрүмө таң  калып жатса керек да. Ал узбечкадан тышкары дагы кыргыз аялым бар. Ии, эмне кылып аласыңар?

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: “АЗИЯnews

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: