Menu

Оппозициялык кыймыл түзүлдү

Бөлүшүү:

2010-жылдан кийин Ак үй алдында саналуу гана митинг өттү. Анын эң эле шойкомдуусу экс-депутат Камчыбек Ташиевдин Ак үй тосмосунан аттаганы эле. Ошону менен нааразылык акциялары тыйылгандай болду. Ал арада экс депутат Равшан Жээнбеков оппозициянын башын бириктирүүгө бир нече далалат жасап, ар кандай оппозициялык кыймылдардын түзүлгөнүн жарыялады. Бирок ал күткөндөй майнап чыгып, таасирдүү кыймылга айланбады. Бир сөз менен айтканда, оппозициялык күчтөрдүн аракетин эл жапырт колдого алып кетпеди.

Анын башкы себеби бийлик парламенттик шайлоону да, президенттик шайлоону да мурдагыларданалда канча таза өткөрүүгө умтулганы, коррупция менен күрөшүүдөгү
аракеттери, анын ичинде жогорку кызматтагы аткаминерлердин сот жообуна тартылышы, тарифтердин жүйөсүз кескин көтөрүлбөгөнүнө байланыштуу эле. Ал эми экинчи себеби, оппозиция өкүлдөрүнүн алсыздыгы, элдин ишеничине ээ болбогону менен түшүндүрүүгө болот. Ошого карабай кече жакында кайрадан «Оппозициялык күчтөрдүн бирикмеси» (ОКБ) деген ысым менен кыймыл түзүлдү. Чү деген эле жерден айта кетчү нерсе бул кыймыл түзүлгөнү боюнча расмий чакырык таштап, бийликке 7 бөлүктөн турган талап койгондон. Анын башкысы бүгүнкү кризиске өкмөт менен кошо аны түзгөн КР Жогорку Кеңешинин башкаруучу коалициясы да отчет берип, жыйынтыктарына толугу менен жоопкерчилик тартуу, Жерүйдү, «Мегакомду» сатууну токтотуу сыяктуу өкмөттүн талуу жерине тийген көйгөйлөр. Бирок ОКБны түзгөндөр жаңы саясатчылар эмес. Алар “Бишкек форумунун” атынан форумдун төрагасы Адахан Мадумаров, “Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын” атынан теңтөрагалар Өмүрбек Суваналиевташиев, Бегалы Наргозуев, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан төрага орун басары Дүйшөмбү Сооронбаев жана “Ата журт” партиясынын атынан теңтөрагасы Камчыбек Ташиев.

 

мадумаровАдахан Мадумаров Оппозициялык кыймылдын бирикмеси түзүлгөн форумда: «Өлкөдө түптөлүп калган үч чоң саясый партия бул бирикмеге кошулуу ниетин билдирди. Жакынкы күндөрү бул тууралуу толук жарыялайбыз. Биз жөн эле бийлик үчүн күрөшүү эмес, Кыргызстанды учурда батып бараткан саздан кантип сактап калабыз деген бир гана саясый платформанын астында биригип жатабыз. Биз аягына чейин талкаланып бараткан кадр саясатын оңдоп, экономикалык кургуйга түшүп бараткан абалды жөнгө салуунун жолдорун бирге издейбиз» деп түптөлүп калган 3 чоң саясый партиянын атын атабады. Чындыгында эле ОКБ чет өлкөлүк долбоор болушу мүмкүнбү деген суроону талдай турган болсок, анын кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бардай сезилет. Биринчиден, Кыргызстан акыркы мезгилде Россияга ыктап, АКШ менен бир тараптуу мамилесин үзгөн. Ошондон улам саясат таануучу Марс Сариев «Бул толук мүмкүн, себеби Президент Атамбаев күтүүсүз Москвага учуп кетти. Ал өлкөдө кандайдыр бир толкундоолорду болтурбоо үчүн Кремлге баргандыр» деп болжолдойт. Экинчи бир мунун чындыгын ырастаган көрүнүш Ташиев Келдибековду «Ата журт» партиясынын катарынан чыккан эмес деп, аны таасирдүү фигура катары сыпаттайт. Анан дагы жайчылыкта Мадумаровдун, Суваналиевдин, Ташиевдин бир кыймылга биригиши өтө эле күмөн болчу. Экинчиден, булар эл алдындагы өздөрүнүн кадыр-баркын, дараметин билип туруп, оппозициялык кыймыл түзүп жатышы кандайдыр бир ишенимдүү күчкө үмүт артып турушканын ырастап турат. Эгер чын эле ошондой болсо эртең эле булардын ка-
тарын Мелис Мырзакматов, Акматбек Келдибеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Садыр Жапаров, Азимбек Бекназаров толукташы ыктымал. Ал эми Адахан Мадумаров айткан 3 чоң саясый партия башында «Республика» турары айтпаса да түшүнүктүү. Ал эми ОКБнын лидерлеринин бири Бегалы Наргозуев кыймыл боюнча төмөнкү пикирин айтат:
— Негизинен биз койгон талаптарды бийлик аткарат деп ойлойбуз. Анткени бул талаптардын ишке ашышы бийликтин кызыкчылыгы үчүн иштейт. Эгер бийликтин өзүн-өзү сактоо инстинкти иштесе анда талаптарды аткарат. Бирок бийлик дагы эле мурдунун учунан алысты көрө албай,”өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип”, өз билемдикке сала берсе, ОКБ койгон талаптарды аткарбаса анда биз саясый күрөштүн алкагында саясый иш-чараларды уюштуруп, митингдерди, пикеттерди өткөрүү жолдору менен мыйзамдардын аткарылышын талап кылабыз жана бийликти мыйзамдын чегинде иштөөгө мажбурлайбыз. Бул жаатта коомчулук бизди колдоруна ишенебиз. Эл бүгүнкү бийликтин 6 жылдан берки жалган убадаларына тоюп бүттү. Азырынча Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев баштаган саясый топтор бир туунун астына биригишти. Дагы бир нече саясый күчтөр менен тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана жакынкы убактарда дагы бир нече топтордун биздин ОКБга кирүүсү тууралу билдирүү таратабыз. Өзүўүздөр байкагандай бул биригиүү узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин, бүгүн өлкөдө түзүлгөн катастрофалык абалга байланыштуу ишке ашкандыктан узак убакытка такай иш алып баруучу бирикме болот. Чындыгында бийлик элдин турмушуна карабай, ага кайдыгер болсо оппозиция ирденет, ал сес көрсөтүүчү күчкө айланат. Андан ары элдин колдоосуна ээ болот.

Кадыр Бостон

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: