Menu

Ош облусунда дин кызматкерлери иш кагаздарын жүргүзүүнү үйрөнүштү

Бөлүшүү:

Кечээ, 13-март күнү Ош облусунун мусулмандар казыяты жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду биргеликте уюштурган дин кызматкерлери үчүн “иш кагаздарын жүргүзүү” аталышындагы семинар болуп өттү. Аталган семинарга райондордун баш имам-хатибдери, диний окуу жайлардын мүдүрлөрү жана айыл өкмөттөрдүн жооптуу имам-хатибдери катышышты. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Семинарда Ош облустук казыяттын маалымат жана кадрлар бөлүмүнүн  башчысы Нургазы Каримов тарабынан дин тармагында иш кагаздарын жүргүүзүү процесстери, кат жазуунун эрежелери жана иш-кагаздарын каттоо боюнча мастер-класс өтүлдү. Мындан сырткары райондук хатипчиликтердин атайын фирмендик бланктарын жасоо, буйруктарды, каттарды жазууда жана аткарууда  КРнын өкмөтү тарабынан бекитилип берилген типтүү нускаманын үлгүлөрү үйрөтүлдү. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Эскерте кетсек, казыят тарабынан райондук хатипчиликтер, диний окуу жайлар жана мечиттер кагаз иштерин жүргүзүүнү толук жолго коюуусу милдеттендирилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: