Menu

КСДПчылардын мыйзамы башкабы? Же А.Артыков ким өзү?

Бөлүшүү:

12-март күнү Кыргызстан боюнча массалык ишембилик өткөрүлдү. Ага бардык мамлекеттик кызматкерлер, президент, ЖК спикери, премьер-министр баш болуп катышышты. Ошол күнү унаасын мыйзамсыз жерге токтотуп жол кайгуул кызматынын мыйзам бузгандыгы тууралуу эскертүүсүнө баш ийбестен, айып пул төлөбөй кетип калган Анвар Артыковдун кылыктары интернет булактарынан талкууга түшүп турган кези. Коомчулук тарабынан Артыковго карата канчалаган гана терс пикирлер айтылып жатканын ал киши өзү деле угуп жаткандыр. Эми ал кишини 100 пайыз Кыргызстандыктар тааный бербейт.

Ошондуктан Анвар Артыков тууралуу кыскача кеп кылсак. Ош облусунда туулуп, чоңойгон. Андижандагы институттардын биринен инженер-механик адистигин окуп чыккан. Кийин кесиби менен Ош шаарында ар кандай кызматтарда иштеп Жалал-Абад облустук компартиянын экинчи катчылыгына чейин көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты дагы болуп шайланган. 2005-жылдагы ыңкылапчылар тарабынан Ош облусунун губернатору болуп дайындалып кийин Бакиевдер менен келише албай кызматынан кеткен.

2010-жылдагы революциядан кийин “Ар-Намыс” партиясы менен депутат болуп шайланып келген. Ал чакырылышта депутат болуп иштеген мезгилинде коомчулуктун эсинде кала турган мыйзам долбоорлору же демидгелери деле жок. Публикада аны Роза Отунбаеванын күйөсү денен такталбаган маалыматтар тарап кеткен.

Социалдык тармактарда айрым жаш активистер депутат Анвар Артыковдун 12-марттагы жол эрежесин бузуу менен айып пул төлөбөй кетип калганына нааразы болуп “‪‎Артыков‬ ‪уят-барбы‬? ‪Штрафтытөлө‬!” аттуу акция өткөрүшүүдө. Депутат эл алдында үлгү көрсөтө турган адамдардын алдында турушу керек эле.

Бирок, “кызматым болсо, мага баары бир” деген түшүнүктү ого бетер бекемдеп, артында жакшы эмес жаман из калтырып жатканын ал киши билет болду экенби? Кыргызстан Социал-Демократтар деген бакыйган партиянын атынан депутат болуп отуруп, партиялаштарын эл алдында уят кылып жатам деп ойлонот болду экенби? Ушул сыяктуу мүчөлөрүнүн айынан партия кашыктап чогулткан кадыркын-баркын чөмүчтөп чачып жатканына депутатка карата чара көрүшөт деп ойлойбуз.

Булак: “Эгемен”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: