Элдин бийлике болгон нааразычылыгы көбүнчө эки себептен улам келип чыгат. Бириничиси, бийликтин акыйкатсыздыгы ал эми экинчиси мамлекеттеги экономикалык кризис. Мамлекетибиздеги кризис жакында боло турган митингдерге шылтоо болуп жатат десек болот.
Себеби, бийлик акыйкатсыздык кылды деп эсептелген орой, элин кыжырын келтире турган деле далилдер жок. Бирок, эконмикалык, өнөр-жай тармагын тейлеген буга чейинки өкмөттөр сыяктуу эле Сариев башкарган министрлер курамынын чабалдыгынан ушул кырдаал жаралды десек жарашчудай.
Темир Сариевди мыкты экономист деп айтайын десек өзү мамлекеттеги эконмикалык абалды өзгөртүүгө мүмкүчүлүк бере турган кызматтарда иштегенине 5 жылдын тегереги болуптур, бирок, экономикабыз алакан чаап сүйүнө турган кадамдарды жасай элек экен. Бакиевдин мезгилинде электр энергиясын кымбаттатпагыла, элге салык салып кыйнабагыла деген маанидеги ураандарды колуна микрофон тийери менен тамагы айрылганча кыйкырчу эле.
Азыр Темир Аргенбаевич жалгыз отурган кезинде эрдин тиштеп “кеч түшүндүм, жөн эле куру кыйкырык кылыпмын” деп кайгырып жатса керек. Жер-жерлерге барып “иштебей жатасыңар, иштегиле” деп кыйкыруудан маселе чечилбей турганын качан сезет болду экен. Бажы биримдигине киргенден кийин ага жараша иштеш керек экенин иш билги эксперттер, коомчулук жакшы эле консультация кылды эле. Бажы биримдигине жетелеп кирген Сариев тоого эмес аңгеке жетелеп кирип баратканын билбей турабы же билсе дагы алы келбей жатабы? Эмнеси болсо дагы акыркы беш жылдагы экономикалык абалга Темир Аргенбаевич жооп берээрин унутпаса гана болгону…
Булак: “Эгемен”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ