Menu

Баткен шаарын таза суу менен камсыз кылуу тутумун жакшыртууга насыялык, гранттык каражат бөлүнүп, техникалык шаймандар сатылып алынат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Баткен шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” жөнүндө Насыялык макулдашууга жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасынын, Баткен шаарынын мэриясынын, “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну” ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Архитектура, курулуш жана туракжайкоммуналдык чарба агенттигине караштуу Суу менен камсыз кылуу жана жеткирүү департаментинин жетекчиси Аскар Токтошевдин берген маалыматына караганда, Келишимге ылайык, Баткен шаарынын суу тутумун жакшыртуу багытында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан 5,020 млн евро каражат каралууда, анын ичинде: 1,5 млн евро ЕРӨБ насыялык каражаты; 2,5 млн евро, ЕРӨБ атайын уюштуруучу фондунун инвестициялык грантты; 1,020 млн евро, грант түрүндө долбоорду ишке ашырууга техникалык колдоо. Насыянын мөөнөтү 1 пайыздык үстөгү менен 15 жыл, 3 жылдык жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат.

Бул каражатка Баткен суу каналы модернизацияланып, суу эсептөөчү шаймандар, суу насостору жана башка тиешелүү техникалары дагы сатылып алынат. Ошону менен катар консультанттарга да каражат каралган.

Жыйын жүрүшүндө долбоорду ишке ашырууда өткөрүлө турган тендерди Баткен шаардык мэриясы аныктаары, шаарды таза суу менен камсыздоо системасынын жарымы жаңыртылаары белгилүү болуп, консультанттарга каралган каражат боюнча маселе көтөрүлдү.

Ратификациялык мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.

Белгилей кетсек, Баткен шаарын суу менен камсыз кылуу тутуму калыбына келтирүүгө муктаж. Баткен шаарынын суу менен жабдуу тутумун куруу 1955-жылы башталып, калктын өсүшүнө байланыштуу 1960-1970- жылдары кайрадан кеңейтилген. Бүгүнкү күндө суу түтүктөрү эскилиги жеткен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: