Menu

Корина Чепой, “Internews Networkтун” Кыргызстандагы миссиясынын директору: «Быйыл ММКлар арасындагы тажрыйба алмашуу иш-сапары Кыргызстанда өтөт»

Бөлүшүү:

“Internews Network”  коммерциялык эмес уюму  Кыргызстанда 1995-жылдан бери иштеп келет. Уюмдун лозунгу “Дүйнөдөгү жергиликтүү ММКларды колдоо”. Бул уюм 1982-жылы  түзүлүп, анын штаб-квартирасы АКШнын Калифорния штатындагы Арката шаарында жайгашкан. Кыргызстандагы Internews Networkтун  негизги миссиясы Кыргызстанда объективдүү, сапаттуу жана эркин  журналистиканы өнүктүрүү болуп саналат. Мына ушул уюмдун бизде жасаган иштери жана ишмердүүлүгү тууралуу Интерньюстун Кыргызстандагы миссиясынын директору Корина ЧЕПОЙ айым менен маектештик.

-Интерньюстун Кыргызстанда иш жүргүзгөнүнө жыйырма жылга чукулдады. Ушул мезгилдин ичинде эмне иштер жасалды? Сиз ийгиликтүү ишке ашкан, абдан орчундуу кайсыл долбоорлорду белгилеп кете аласыз? Мүмкүн болсокененирээк?

— Үч жыл мурда мен Бишкекке келгенде көп журналисттер жана медиа чөйрөсүндө иштеген адамдар Интерньюс жөнүндө билгендерине таң калдым, биздин программалардын бүтүрүүчүлөрү же биз менен иштөө тажрыйбалары бар адистер экен. Өлкөнүн журналисттик кадрлары Интерньюс тарабынан өткөрүлгөн тренингдик программаларда катышканы жана өздөрүнүн программалары менен бөлүшүп же биз менен бирге чыгарганы Кыргызстанда биздин бар болгонубуздун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Биз КРТРК «Ынтымак», КФ «Клооп Медиа» жана КТРК өңдүү өлкөнүн негизги медиа уюмдарына колдоо көрсөттүк. Бардык жеке TВ/радио компаниялары контент жаратуу үчүн Интерньюстан техникалык жана гранттык колдоо алышат. Медиа, коммерциялык эмес уюмдар жана донорлор Кыргызстандагы медиа мейкиндигинде жагдайды жакшыртуу процессинде биздин өнөктөштөрүбүз болууда.

-Айтмакчы, Интерньюс өзүнүн миссиясын ишке ашырууда көп партнерлор менен кызматташат эмеспи? Алардын ичинен омоктуусу ЮСАИД менен Кыргыз өкмөтү Макулдашууну денонсациялагандан бери шериктеш аткарып жаткан долбоорлору үзгүлтүккө учураган жокпу?

-Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы келишимди жокко чыгаруу биздин ишибиздин кээ бир багыттарын токтотту, бирок жаңы келишим күчкө киргенде, биз кайрадан иштей алабыз деген үмүттөбүз. Андан тышкары биз башка донорлордун колдоосу менен ишти улантып жатабыз жана бул мүмкүнчүлүктөр менен биздин internews.kg веб-сайтында, Facebook социалдык тармагындагы баракчабызда (https://www.facebook.com/Internews.Kyrgyzstan) жана электрондук почта ([email protected]) аркылуу бөлүшүүгө даярбыз.

-Үстүбүздөгү жылы маалымат каражаттары үчүн кандай долбоорлор бар?

— Бардык кулактандыруулар биздин http://internews.kg веб-сайтыбызда жеткиликтүү. Бул жерде биз быйыл иштей турган негизги багыттар келтирилген: “Маалымат алууга мүмкүндүк берүү” долбоору — бул долбоордун алкагында өндүрүлгөн контентти алмашуу максатында Google-drive/FTP тейлөөсүндө жергиликтүү ММКларга орун берилет. Медиа-кампанияларга санариптик берүүлөргө өтүү мезгилинде жана атаандаштык чөйрөсүнүн шарттарында жергиликтүү контентти жакшыртууга колдоо көрсөтүлөт. Кесипкөйлүктү жакшыртуу үчүн журналисттер Интерньюстун вебинарларына катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Вебинарларда спикерлер катары тренерлер жана жергиликтүү, регионалдык жана эл аралык деңгээлдеги эксперттер катышат. 2016-жылдын күз мезгилинде тажрыйба менен алмашуу жана Борбордук Азиядагы ММК чөйрөсүндөгү жаңы тендецияларды талкуулоо боюнча конференция өткөрүлмөкчү. Конвергенция бардык региондогу ММКлар үчүн алмашуу иш-сапарлардын жана окуу семинарлардын темасы болуп саналат. Быйыл ММКлар арасындагы алмашуу иш-сапары Кыргызстанда өтөт. Андан тышкары Интерньюс Борбордук Азиядагы ММКнын биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кичи гранттар программасын да колдойт. Ал эми “Коомдук телеберүүнү колдоо” долбоору Кыргызстандын КТРК жана КРТРК “Ынтымак” эки коомдук берүүлөрүнө багытталат. Алар үчүн мониторинг жана тренингдер өткөн жылы ишке ашырылды. Ошондой эле КРТРК “Ынтымак” Кыргызстандын түштүгүндө көп тилдеги контентти өндүрүүнү колдоого арналган дагы бир биздин долбоордун грант алуучусу. “Мейкин Азия онлайн” долбоору — бул региондогу медиа-уюмдардын кызыкчылыгы үчүн журналистикадагы инновациялык ыкмалары көрсөтүлгөн көп тилдеги интернет-платформасы http://theopenasia.net. Тренингдер жана өнөктөштүк долбоордун бөлүгү болуп эсептелет.

-Маалымат каражаттарына багышталган программалар гранттарды кандай негизде берет?

-Гранттык колдоо көрсөтүү Интерньюстун мурдагыдай негизги иши болуп саналбайт. Мезгил-мезгили менен долбоордун башка кененирек максаттарын колдоо үчүн кичи гранттар ар кандай программалар боюнча берилет. Бул жерде журналисттик иликтөөлөрдү колдоого багытталган, журналисттер жана жарандык активисттер ортосундагы өнөктөштүктө өткөрүлгөн сынак тууралуу акыркы кулактандыруу бар. (http://internews.kg/?p=8631)

-Сунуш этилген долбоорлорду электен өткөргөндө калыс баа берилип, демократиялуу чечилеби?

Албетте, бардык кулактандыруулар жеткиликтүү жана эл алдында кең жайылтылат. Грант берүү чечими Интерньюс, донорлор жана тышкы эксперттер катышкан гранттык комитеттин отурумунда кабыл алынат. Гранттык комиттетин бардык чечимдери протоколго жазылат.

-Байкашыбызча, Интерньюс кыргыз тилинде чыккан басма сөзгө анча көңүл бөлбөйт өңдөнөт же алар өздөрү активдүү катышпай жатышабы?

-Интерньюстун тренингдери кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт. Азыркы учурда биз кыргыз жана орус тилдерин билген журналисттерди жана медиа адистерди чакырууга аракеттенип жатабыз. Бизде контентти өндүрүү үчүн гранттык колдоо алкагында регионалдык ММКлар тарабынан өндүрүлгөн кыргыз тилиндеги видеонун чоң архиви бар. 2013-жылдан баштап Интерньюс маалыматты кыргыз тилинде жайылтып жана которуп баштады. Азыркы учурда бизде кыргыз тилдүү журналисттерге багытталган бир нече долбоорлор бар. Мисалы, өткөн жумада биз биринчи жолу кыргыз тилинде өткөн вебинар уюштурдук. Андан тышкары, кыргыз тилиндеги маалымат менен биз медиа-уюмдарга үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүнү Борбордук Азиядагы платформанын алкагында “Новый репортер” www.newreporter.org жана “Мейкин Азия онлайн” http://theopenasia.net ММКлары өнүгүү боюнча улантабыз. www.internews.kg веб- сайттын кыргыз тилиндеги версиясы бар, ал жердеги маалымат социалдык тармактарга жарыяланат.

-Айтмакчы, долбоорлор англисче эмес, биздин мамлекеттик тилде-кыргыз тилинде жазылып кабыл алынса болобу?

— Биз андай талап койбойбуз, кыргыз тилиндеги табыштамаларды дароо кабыл алабыз. Интерньюстун жергиликтүү офистеги кызматкерлери кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билишет.

-Сиздин оюңуз боюнча кыргыз журналистикасында кандай көйгөйлөр бар?Алардын сапатына кандай баа бересиз?

— Кыргызстандагы медианын өнүгүү деңгээли боюнча мониторинг жүргүзгөн бир нече уюмдар бар. Ал басма сөз эркиндиги туралуу Фридом Хауз (Freedom House), Медианын туруктуулугунун индекси Айрекс (IREX), Чектөөсүз репортерлор жана шайлоо убагында ММКлар тууралуу доклад БДИПЧ (ODIHR) тарабынан иштелген отчеттор. Алардын жыйынтыгы Кыргызстан басма сөздүн динамикалуу өнүгүүсүнөн, ар кандай платформаларда пикирдин плюрализминен пайда алып жатканын билдирет. Көйгөйлөр салык төлөөчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен медиа уюмдарды башкарууда сакталат. Өлкөнун кичине жарнама рыногу көзкарандысыз коммерциялык ММКлардын өнүгүүсүнө тоскоол болот. Ошентсе да, регионалдык контекстте кыргыз ММКлардын жагдайы уникалдуу жана бардыгы тарабынан бааланат. Бул эл аралык өкүлчүлүктөрдүн колдоосу менен дагы тастыкталат.

Эркинбек ӨКҮМАЛИЕВ, Нурдин АМАНКАН

Булак: “Эл деми”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: