Menu

Жүздөгөн мигранттар дарыяны кечип Македонияга өтүүдө

Бөлүшүү:

Грециянын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жүздөгөн мигранттар Македонияда кармалды. Миңге чукул адам Грециядагы толуп калган качкындардын лагерин таштап, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, дарыяны кечип өтүшүүдө. Айрымдары тикенек зымдарды аттап кетүүгө аракет кылганы менен аскерлер аларды токтотуп калды.

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, 700дөн ашуун мигрант Грецияга мыйзамсыз келген. Армия жана полиция аларды кайтаруу чараларын көрүүдө. AFP агенттигинин маалыматына ылайык, мигранттарды коштоп жүргөн 20дай журналист полиция бөлүмүнө жеткирилди.

Грециянын Идомени кыштагында жайгашкан качкындардын лагеринде 14 миңдей адам бар. Өткөн жумада Македония мигранттарды мындан ары кабыл албай турганын айтып, “балкан каттамын” жаап таштаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: