Menu

Эркин Алымбеков, экс-депутат: «Саясий аренада Бабанов эң тың, заманбап, тажрыйбасы, өжөрлүгү жана саясий эрки жетиштүү саясатчылардан»

Бөлүшүү:

Көрүнүктүү коомдук саясый ишмер, мурунку премьер-министр, белгилүү саясатчы учурдагы «Республика-Ата-Журт»  фракциясынын лидери  Өмүрбек Бабановдун кемчилиги артыкчылыгы эмнеден көрөсүз?

Орустун учкай сөзүндө айтылгандай: аттар менен кишилер аралашып кеткен заманда, салыштырмалуу айтсак,азыркы расмий ( институционалдык) саясий аренада Бабанов эң тың, заманбап, тажрыйбасы, өжөрлүгү жана саясий эрки жетиштүү саясатчылардан. Жаңы тарыхыбызга кайрылып көз жүгүртсөк, Бабановду премьерликтен кетирүү менен биз Кыргызстандын жаңы төрөлүп,там туң баскан парламенттик өнүгүү жолуна балта чапкан экенбиз. Мен ал кездеги депутат, адам укуктары, конституциялык мийзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жетекчиси катары, Бабановду түрк ишкеринен коррупциялык жол менен аргымак алды деген айыпка ынанып, отставкасына колдоо көрсөткөнүм, өлкөнүн парламенттик өнүгүүсүнүн калыптануусуна стратегиялык залал келтиргенин, кийинки окуялардан көрүп билип, мойнума алам. Президент Атамбаев жаңы шайланып, президент катары баш аягын жыйнап ,президенттин көмүскө таасирлүү фунцияларын биле электе, жаңы конституциянын жоболорунун негизинде, ар кандай саясий татаал күрөш, компромисстер аркылуу, Бабанов премьерликке бекитилди. Ал учурдагы коомдун парламенттик өнүгүүгө чечкиндүү багыты, Президент Атамбаевдин дагы ички психологиялык ынамында дагы, парламенттин ичиндеги ынамында дагы, ошону менен бирге Бабановдун ынамында дагы, ага кошумча мүнөзүндөгү дагы чечкиндүү, бекемдигинин, өз алдынчалыгынын негизинде, чү дегенде эле өкмөт өз алдынча чечкиндүү  иш аракетке киришти эле. Ага далил Грузиянын реформаларын изилдеп, парламент, өкмөт өкүлдөрүн каттатып, коррупциянын гүлдөткөн булагы болгон  автоунаалардын формалдуу техосмотрун, ишеним кат ( доверенность) жоюп, эл аралык расмий сапарларга, Катар мамлекетине барып, болочок чоң инвестицияларды алып келүү боюнча жана башка иш аракетке өтүп жаткан эле. Ошол учурда түзүлүп калган саясий шарттын негизинде, ага кошумча Бабановдун жеке амбициясы, чечкиндүүлүгү, Өкмөттүн өз алдынча, көз карандысыз жүргүзүү саясатын жаңы калыптандырып жатканда, реформатор саясий күчтөр, ошонун ичинде биринчи кезекте Ата-Мекен фракциясы майда-барат пикир келишпестиктерге көңүл бурбай, Бабановду эмес-өлкөнүн өнүгүүсүнө керектүү багытты колдошубуз керек эле. Ошол кезде мага дагы саясий кыраакылык жетишпей, Бабановдун отставкасына салым кошконума өкүнөм жана ал кемчилигимди мойнума алам. Кумтөр боюнча дагы Бабанов чечкиндүү иш аракет кылып, мамлекеттик комиссия түзүп, өзү депутаттар тобу менен барып, экологиялык мыйзам бузуулар боюнча канадалыктарды дагы титиретип баштаган . Эгер премьер болуп турганда Кумтөрдү дагы үзүрлүү аягына жетип калат беле. Бабановдун отставкасы менен “шайтандын” бөтөлкөдөн чыгараарын биз байкаган эмес экенбиз. Атамбаев президент болуп, баш аягын жыйнап, бирок өзү президент болгонго чейин премьер катары чечкен маселелерге аралаша албай, Бабановко түз тапшырма бере албай,бирок бийликти кандай алууга кызыгып турганда, Ата Мекен аргымак жаңжалын чыгарып, Бабановду отсавкага кетирип,болочокту билип билбей, президент Атамбаевдин мүдөөсүн ишке ашырды. Сатыбалдиевди премьерге жылдырганда ,Атамбаев,президенттин көмүскө ,бирок өтө таасирлүү функциясын толук кандуу колдонуп, Сатыбалдиевтен эгер “ийкемдүү, кол бала” премьер болуп берүү шартын коюп, макулдук алып, премьерликке жылдырды. Ушул жерден “шайтан” бөтөлкөдөн чыгып, парламентаризм талкаланып, кайра Акаев-Бакиев системасы калыптанды. Кийинки премьерлер дагы ушундай эреже менен кетишти. Эми Бабановдун кемчиликтерин алсак биринчиден мамлекеттик ишмер катары жеке кызыкчылыгын четке кармап, бизнесин мамлекеттик иштерге аралаштырбаганга  эрки жетпегени. Ага далил ошол эле түрк ишкеринен алган аргымак, же болбосо Айдар, Максимдер менен кызматташып мамлекеттик кызыкчылык менен бизнес кызыкчылыктарын аралаштырганы. Азыр дагы депутат,партиянын,фракциянын лидер катары өткөн чакырылыштагы катачылыктарынан туура тыянак чыгарбай, саясий конъюнктура үчүн ар кошкон саясатчыларды алып, фракциянын ичиндеги чыр чатак жана пикир келишпестиктер. Андан сырткары өлкөдө болуп жаткан терс көрүнүштөргө, көйгөйлөргө нукура, тике баа бере албай, теориялык жактан жалпысынан айтып, тайсалдап Атамбаевке жагалданып, кандайдыр бир денгээлде мураскерликке бата алып каламбы деген үмүт менен көйгөйлөрдүн накта себептерин чечкиндүү айтып, накта мамлекеттик ишмер, өлкөнүн болочок лидери катары чыга албаганы. Эң негизгиси, эми кайра дагы премьер,же президент болуп калса, Россиядагы бизнесин коргош үчүн Кыргызстандын саясатын Атамбаев сыяктуу эле Россия жетекчиликтеринин көз караш буйругуна көз каранды кылуу коркунучу тилекке каршы бар.

Мавлян Аскарбеков,  активист: «Бабаного окшогон инсандар мамлекетибизди эң алдыңкы өнүккөн мамлекеттерге айландырууга чамасы жетмек»

Бабанов мырза, тажырыйбалуу саясатчы экенине шек жок, жашы да улуу. Саясатка аралашып жүргөн адам катары сын айтуум туура эмес, бирок жеке жаран катары Бабановдун саясий ишмердүүлүгү тууралуу  пикирим менен бөлүшөйүн.  КЕМЧИЛИГИ: Бабанов-ишкер. Бизнесте эң башкысы-пайда.  Пайда көрүү үчүн баардыгына барышат.  10-15 жылдын ичинде миллиард АКШ долларына жакын капитал топтоо, ак, таза иштеген батыш, европа бизнесмендери үчүн -ЖОМОК.  Саясатта да бизнес көз карашта, пайда, бүгүн жыйынтык үчүн аракеттери күч болууда.  АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ: Күчтүү уюштургуч. Мүмкүн бизнестеги тажырыйбасы. Чечкиндүү, абалга туура баа берүү, эффективдүү башкаруу жөндөмү. Негизи, саясатка аралашкан бизнесмендер башынан максаттарын аныктап алуулары зарыл. Эл эсебинен баюбу же элди багуубу. Илгертен кыргызда жакшы сөз бар, ” Өзүн баккан миң уулдан, элин баккан бир уул артык”, деген.  Өзүм дебей, элим, мекеним десе, Бабаного окшогон инсандар мамлекетибизди эң алдыңкы өнүккөн мамлекеттерге айландырууга чамасы жетмек.

Таабалды Тиллаев, ЖКнын депутаты: “Бабанов президент болооруна, мамлекетти гүлдөтүү жолуна түшүрөөрүнө ишенебиз”

Өмүрбек Токтогуловичтин артыкчылыгы чечкиндүүлүгүндө жана жөнөкөйлүгүндө.  Баардык ишке көзү жетет жана жетише алат, энергиясы күчтүү деп койсом да болот.  Лидер катары  кандай гана иш болбосун улам артка кылчактабай  бат чечим кабыл алган чечкиндүүлүгүн баалайм.  Реформатор деп айтсак жаңылышпасак керек. Азыр  эл арасында Өмүрбек  Бабановду  президенттикке талапкер катары көрүп жүрүшпөйбү. Мен элдин ушул оюна кошулат элем. Келечекте буйруса  сөзсүз түрдө  Бабанов президент болооруна, мамлекетти гүлдөтүү жолуна түшүрөөрүнө ишенебиз.

Калдарбек Баймуратов, ЖКнын депутаты: “Өмүрбектин  чоң кемчилиги өтө ишенчээктиги”

Өмүрбек  Бабановдун башка саясатчылардан артыкчылыгы жаш  кезинен ишкерлик менен алектенип көптү көргөн. Атасы Токтогул деген киши  “Миллионер” деген бай колхоздун башкармасы болгон.  Атасы  муну өзү менен биргеликте чогуу алып жүрүп кантип эл менен иштеш керек, башкаруу зарыл, чарбачылык жумуштарынын  баарын үйрөткөн.  Иштин көзүн билет.  Реформатор чечкиндүү десек болот.  Дайыма улам жаңы кадамдарды таштап заманбап жашоодон калышпайт.  Пенде болгондон кийин кемчилик ар бир адамда болот. Өмүрбектин  чоң кемчилиги өтө ишенчээктиги.  Мунусунан  көп  жабыркаса керек. Адамдарга ишенип алып зыянын тартып  кыйналып эле жүрөт.

Адиль Турдукулов, активист: “Бабановдун дал ушундай “өнөрүнө” азыр президент Атамбаев көз-жумду мамиле кылып, тап-такыр көңүл бургусу келбейт”

-Мен Өмүрбек Бабанов тууралуу ток этерин, кыскача бир гана нерсе айтып коеюн. Албетте, мен так билген иши боюнча. Бабанов кезегинде америкалык базага бүткүл Кыргызстандын “эрке талтаңы” болуп, көөп турган Айдар Акаев менен биргеликте мыйзамсыз керосин ташып, ошону менен негизги байлыгын топтогон болчу. Өмүрбек Бабановдун дал ушундай “өнөрүнө” азыр президент Атамбаев көз-жумду мамиле кылып, тап-такыр көңүл бургусу келбейт. Анткени, Атамбаев өзү дагы мындай “былыктарга” аралашкан. Менин силер “каарман” кылып жаткан Бабановго карата пикирим ушундай.

Баян Кулова

Булак: «Жаңы ОРДО»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: