Menu

Путин Сириядан аскерлерди чыгарууга буйрук берди

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин 15-марттан тарта Сириядан негизги күчтөрдү чыгарууга буйрук берди.

Анын айтымында, Орусиянын аскердик кийлигишүүсү бир кыйла максатына жетти. Ошону менен бирге Путин тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүлөрдө Орусиянын ролун активдештирүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал Кремлде 14-мартта коргоо жана тышкы иштер министрлери менен жолугушусунда билдирген.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, Путин Сириянын президенти Башар Асадга чалып, Орусиянын чечими тууралуу маалымдады.

Путин баса белгилегендей, деңиздеги Тартус менен авиациялык Хмеймим аэродромунда жайгашкан орусиялык пункттар өз ишин мурдакы режимде уланта берет.

“Биздин аскерлер жерде, деңиз жана абада ишеничтүү коргоого алыныш керек. Сирияда калган аскерлер ок атуу режимин сактоо боюнча көзөмөлдү улантышат”, – деп айткан президент Лавров жана Шойгу менен жолугушусунда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: