Menu

Өзбекстанда экстремисттердин жосундары үчүн туугандары жооп берүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматы, милиция, имамдар, махалленин активистери диний мотивдер менен соттолуп, издөөгө алынгандардын туугандарын уяткарышууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү баштаган активистердин тобу Сирия жана Иракта согушуп жаткан экстремистик “Ислам Мамлекети” тобуна каршы иш-чараларды баштады. Аймактын инспекторлор аларга түрмөгө кесилгендердин туугандарын, жакын арада кармалып бошотулгандардын жана диний айыптар менен издөөдө жүргөндөрдүн жакындарын алып келишүүдө.

Ташкентте жана Анжиян, Наманган, Фергана, Ташкент облустарында иш-чаранын уюштуруучулары эл көп чогулган жерлерде алардын ата-энелерин куугунтукка алып, уяткарышууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын бул аракети жергиликтүү басылмаларда кеңири чагылдырылууда. Соттолгон, кармалган, издөөгө алынган жарандардын туугандарын маскаралаган берүүлөр телеканалдарда обого чыгып, гезит жана журналдарда макалалар басылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: