Ош облусунун Кара-Кулжа районунда биринчи класстын окуучусу тогуз жаштагы кызды ойноп жатып, атасынын аңчылык мылтыгы менен бутка атып салган.
Окуя 8-мартта Сары-Булак айылында болгон. Үйүнө конокко келген кызды 32 калибирлүү мылтык менен кокусунан атып алган.
Ок кыздын балтыр сөөгүн талкалап, облустук ооруканадан операция жасатылган. Учурда абалы оор экенин оорукананын башчысы Абдисалим Анарбаев билдирди. Окуяны иликтеп жаткан Ош облусунун Ички иштер кызматкери Жеңиш Ашырбаев “Эгерде, үйдө мылтык болсо атайын сейфке, балдардын бою жетпечү жерге сакталыш керек. Бул эрежелерди сактабаганы үчүн баланын атасы жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн” деп билдирди.
Булак: “Эгемен”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ