Ушул айдын 14-24-мартта оппозициялык бириккен кыймыл Бишкек жана Ош шаарларында бийликке өз үндөрүн жеткирүү максатында жыйын өткөргөнү жатат. Буга Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев дагы оппозициянын үнүн укпай аягы бийликтен кетүү менен аяктаган. Азыркы бийлик оппозициянын үнүн угат деп ишенесизби?
Мен дайыма айтып келем. Көп чыр чатактын баары колдон келсе парламенттин ичинде чечилсе болмок. Себеби ар бир аймактын, райондордун өкүлдөрү бар. Алар өз маселесин айтса бийлик угуп чечкиндүү кадамдарга барбаса болбойт. Жакында эле өкмөткө “ар бир айыл өкмөттөрүн барып кыдырып элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө” деп тапшырма бергем. Бүгүн өкмөт, бийлик эмне жумуш аткарып жатканы боюнча маалымат жетпегендиги үчүн элдин нааразычылыгы туулуп жатат. Ал эми оппозиция болсо ар дайым өзүңөр билесиңер өкмөт менен бийликтин туура эмес иштерин айтып турганга сөзсүз акысы бар. Аларды угуп коюга бийлик башындагылар милдеттүү.
Баян Кулова
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ