УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жетекчи болуп Улан Исраилов дайындалды. Тийешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Улан Исраилов тууралуу кенен маалымат айтылбаганы менен жаш активист, бир учурда Атамбаевге жардамчы болуп жүргөн Адиль Турдукулов “Улан Исраилов дагы Атамбаевдин жансакчысы болгон. Азыр ал УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп дайындалды” деп социалдык баракчасына жазып чыкты. Эгер жансакчылар УКМКга келип коррупцияга каршы күрөшүп жаткан болсо, жыргайт экенбиз.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ