Menu

Сайдулладан сурак, какаган Касымалиев

Бөлүшүү:

“Ата-Мекен” партиясынан депутат болуп келген Сайдулла Нышанов деген бар. Аны көпчүлүк бензин саткан адам катары жакшы тааныйт. Ал дагы акылга сыйбаган суроолорду бергени менен өзүнүн деңгээлин көрсөтүп келет. Кечээ  күнү да Каржы министри Адылбек Касымалиев өлкө кризистин кайсыл деңгээлинде турарын билгиси келген суроону берди.

Министрге берген депутаттын “Өлкө кризистин башталышындабы же аягында турабы?” деген суроосу да оңтойсуз болду. Депу­тат дагы ушундай суроону береби капырай. Бул суроого министр да жооп таба албай чайналды эле, Сайдулла финансист катары баа берүүнү талап кылды. Жооп бербесе кутулбасын Касымалиев да аңады окшойт, салык жыйноо акыркы эки айда артка кетип жатканын айтты. “Демек, ортосундабы?” деп кайра суроосун узатты сурак алган Сайдулла Нышанов. “Балким, ошондой” деп жооп узатты министр. Мына азыркылардын деңгээли.

 Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: