Menu

Бакыт Төрөбаевдин амбициясы

Бөлүшүү:

Азыркы өкмөттүн чабалдыгынан пайдаланып анын ордуна отуруп калууну көздөгөндөр четтен чыгат. Мисалы, бир кездеги Бакиевдин “Ак Жол” партиясынын министри Бакыт Төрөбаев өкмөт башчы болуу максаты бар экенин ачык эле жар салып жүрөт.

Бул мырзанын амбициясы абдан баарыбыздыкынан жогору экен. Эгер Темир Сариевдин ордуна ал келип калса эмне өзгөрөт? Трактор алып келип кымбат баага дыйкандарга берүү менен мамлекетибизди оӊдосо болобу? Орустар айткандай “послушный” болушу ыктымал.

Бирок, өзгөчө жакшы иштеген өкмөт башчы болушу күмөн. Анын парламентке кантип келип калганын көпчүлүк жакшы эле билет эмесби. Карандай эле акчанын күчүнө салбадыбы. Шайлоого катышкан партиялардын ичинен эӊ көп акча короткону ушул “Өнүгүү” болду. Партиянын арасында “Аю” же “Дордой” сыяктуу ири акча өндүрүүчү мекемеси барлар деле жокко эсе.

Бакыт Эргешович деле өзү мамлекеттик кызматтарда иштеп келген киши. Тракторлорду Беларусиядан алдырып келип, ошону менен кадыр барк дагы, байлык дагы топтой баштады. Албетте, Белорусия десе эле баягыл Бакиевдер менен байланышы бар экен деп ой келиши мүмкүн. Далил болбогондон кийин алар менен байланышы бар деп айтуудан алысбыз.Бакыт Төрөбаев партиясында мандат чырын аралаштырбай, эл алдында өззүн жакшы көрсөтүүгө аракет кылып келатат.

Булак: “Эгемен”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: