Menu

Бишкекте жалган милиционер кармалды

Бөлүшүү:

Өздүк коопсуздук башкы башкармалыгынын кызматкерлери милициянын формасындагы адамды кармашты, деп билдирди Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

Анда, 9-март күнү Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, саат 14:00дөр чамасында 6-кичи райондо ага милиционер басып келип, анын өздүгүн тастыктаган документтерди көрсөтүшүн талап кылганын билдирген. Бирок ал (милиционер) мас абалында болгондуктан, А.Э. 102 линиясы боюнча милицияга кабарлаган.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө милициянын формасын кийген 34 жаштагы бишкектик турган Б.А. кармалып, териштирүү иштери башталды.

Бишкек ШИИБ төмөндө сүрөттө көрсөтүлгөн жалган милиционерден жабыр тарткан жарандар болсо 0550 102 680 телефон номуру аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: