Menu

Урматтуу бийликтегилер жана оппозициядагылар, УБКдан үлгү алгыла!

Бөлүшүү:

Ушул күнгө чейин Улуттук Биримдик Кыймылынын төрагасы болуп иштеп келген белгилүү коомдук ишмер, экс-ЖКнын спикери Мукар Чолпонбаев аксакал өз демилгеси менен кийинки муундун келечектүү саясатчысы Темирбек Асанбековко коомдук кызмат ордун өткөрүп берди. Анан да УБКнын бүгүнкү жыйынында «Кыргызстандын идеологиясынын жана коомдук-саясий түзүлүшүнүн негиздери» аттуу документтин долбоору кабыл алынды. УБК башка саясий кучтөрдөн айрымаланып, Кыргызстан өзүнун улуттук жолу менен өнүгүшүн туура деп эсептейт жана ага ылайык атайын Программа иштеп чыкты. Бүгүнкү күнгө карата УБКга 40 тан ашык улуттук-мекенчил багыттагы саясий партиялар, коомдук уюмдар жамааттык мүчө болуп киришкени белгилүү.

Кыргызстандын улуттук идеологиясынын
жана коомдук-саясый түзүлүшүнүн негиздери

Кыргызстандын эли – өлкөнүн башкы байлыгы, мамлекеттүүлүктүн, эгемендиктин жана бийликтин ээси. Кыргызстандын түпкү тилек максаты – адамдардын эркиндигин, теңдигин, жыргалчылыгын камсыздоо, акыйкаттыкты, адилеттикти, калыстыкты орнотуу, адеп ыйманды сактоо, ынтымак, биримдик, эмгек аркылуу ар таптуу өнүккөн адилет коом куруу болуп эсептелет.
Элибиз эгемендикке жетишкен 25 жылдан бери өнүкмөк турсун, мамлекетибиздин коомдук- саясий башкаруу түзүлүшү, идеологиялык багыты кыргыз элинин улуттук табиятына туура келбегендиктен туташ саясий, экономикалык, руханий кризиске кептелди. Сырттан жылма жүргүзүлгөн идеологиялык жана экономикалык диверсиялар өз “жемишин” берип, коомдо улуттук деградациянын пайда болушуна, мамлекеттик мүлктүн талап-тонолушуна, коррупциянын терең тамыр жайышына алып келди. Кумтөр сыяктуу кендерибизден түшкөн каражаттар бюджетти эмес, башкалардын капчыктарын кампайтууда.
Бюджеттин таңсыктыгы азайбай көбөйүүдө, тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 62 пайызына чыкты. Бүгүнкү күндө да максатсыз карыз алуу аракети уланууда. Саясат-бизнес-криминалдын биригүүсү акыркы жылдары күчөп, мамлекеттүүлүккө коркунуч туудурган факторго айланды. Биздин бийликтеги аткаминерлерибиз жеке кызыкчылыктарынан чыга алышпай, «сырткы күчтөргө» кызмат кылышууда. Алар бизди кайрадан «көз каранды» элге айландырууга аракет жасашууда.
Курамына кырктан ашуун саясий партиялар, коомдук уюмдар кирген Улуттук Биримдик Кыймылы (УБК) мезгил талабын эске алып, өзүбүздүн өнүгүү жолубузга эртерээк түшүп, коом түзүү жана эл башкаруу тажрыйбабызды заманбап иштеп чыгып, жалпы адамзаттык илимий-техникалык жетишкендиктердин үлгүлөрүнүн бизге ылайыктуусун гана ыктуу пайдалануу зарыл деп эсептейт Азыркы дүйнөлөшүү доорунда кыргыз элинин улут катары сакталып калуусу, мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы бекем болушу үчүн улуттук тилектештиктин ыйык туусунун астында биригүү зарылчылыгын белгилейт.

Элдин биримдиги. Кыргыздар – кырк уруудан турган түптүү, нарктуу эл. Түрдүү себептер менен дүйнөгө чачырап кеткен кыргыз тектүү элдер кайрадан биригүүчү мезгил келди. «Ырыс алды – ынтымак», «Элиң менен бийиксиң», «Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок» – деген накыл кептеринде айтылгандай, жеке адамга караганда, элдүүлүктүн жолун бийик карманып келе жатканыбыз чоң олжо, Эгемендик – бул элдин жогорку саясий эрки, каалоосу жана бактысы. Салттуулуктун негизинде мыйзамдуулукту орнотуп, ач көздүктүн жолунан кетип, ата-бабалардан келе жаткан айкөлдүктүн жолуна чыгууга мезгил жетти. Бакыбаттуулук эмгекке жараша. Доор талабын туура түшүнүп, улуу муундун бай тажрыйбасын, орто муундун жүк көтөрөөр ар тараптуу кубатын, жаш муундун жалындуу жигерин түзүүчүлүк, өнүп-өсүүчүлүк багытка буруу менен биримдиктин күчүн сезебиз. Улуттук ар-намыстын, улуттук духтун сакталышы – элдин кебелбес түбөлүктүүлүгүн аныктап турат. Манас күчү – биримдик!

Мекен-жердин бүтүндүгү. Мекен эч нерсеге алмашкыс дөөлөт, ата-журттун бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактоо башкы милдет. Кыргыздар бир гана Кыргызстанда улут катары тукум улап өнүгүүгө, өрнөктүү, дөөлөттүү, ооматтуу элге айланууга шарты бар. Улуттук менталитетибизде меймандостук, кайрымдуулук,кең пейилдик, күйүмдүүлүк, башкаларга жардамдашкан боордоштук касиет жакшы өнүккөн. Биз дүйнө элдери менен канатташ, жанаша жашоо принцибин кармануу менен бирге, кызматташууга даяр болуп, бирок да төрүбүздү ээлеп алышына, жер-суу, байлыктарыбызды талап-тоногонго, тукумубузду булгаганга жол бербешибиз керек. Чек ара бекемдиги-бүтүндүк белгиси. Мекендин топурагы ыйык!

Мамлекеттин кубаттуулугу. Элге таянган гана бийлик мамлекеттүүлүктү чыңдай алат. Эл болсо анан мамлекет болот. Эгемендиктин жана бийликтин бирден бир ээси эл. Эл бийлиги -элге! Эл байлыгы -элге! Коомдо руханий-экономикалык баалуулуктардын тең салмактуулугун сактоо – туура өнүгүүгө өбөлгө. Бийлик элдин көзөмөлүндө болсо, адилеттүүлүк орноп, өнүгүү ырааттуу жолго түшөт. Бийлик күчү – эл ишениминде. Экономика, саясат жана руханият шайкештикте жүргөн жерде коом тазарат, тең салмактуу өнүгүү болот. Бийлик менен байлык эл кызыкчылыгына иштегенде коом кубаттанат, өлкө өнүгүүнүн даңгыр жолуна чыгат.

Кыргыз элинин өзүн өзү таануусу. Кыргыз эли өз тегин жана дөөлөт-мурастарын таануу аркылуу күчүнө кирет. Өзүн-өзү улут катары таанып, өнүгүү багытын илимий талаптарга негиздеп, руханий баалуулуктарга таянып жүргүзгөндө гана кыргыз эли дүйнөлөшүүнүн сыноосун кыйгап өтүп, чоң мамлекеттердин үстөмдүгүнөн өзүн коргойт жана коопсуздугун камсыздайт. Көөнө тарыхы бар кыргыз эли, дүйнө цивилизациясына жана руханий маданиятына кошкон салымы менен татыктуу орунга ээ.
Манас баштаган элибиздин улуттук баалуулуктары – коомдук аң-сезимди чагылдырып, ата-бабалардын айкөлдүгүн, баатырдыгын даңазалап, элдик идеалдарды, духту толук өзүнө камтыган кыргыз элинин улуттук идеологиясынын негизин түзөт. Улуттук өзөк-өнүгүүгө өрнөк.

Дил биримдиги. Улуу максат-тилекти , уңгу ишенимди карманып, бир туунун астында кыргыз элинин улуттук тилектештик кубатын күчөтөлү.Коомдогу сый-урмат – улуттар аралык ынтымакты жаратат. Ак дил менен адал жашоо – Ойдун, Сөздүн жана Иштин кыймылын түздөйт. Манастуулук Диларымы айкөлдүккө, аруулукка багыттайт. Демек, улуттук дилбагыт элибиздин жалпы биримдикке умтулуу агымын бир нукка салат жана улуу максаттарга жетүүгө дем берип, шыктандырат. Кыргыз элинин ар тараптуу биримдик күчү, ооматы, куту, унутулуп кеткен билим, касиеттери кайра ордуна келет жана күчөйт. Дили таза дөөлөттүү кыргыз пейилине аалам батат.

Жаратылышка шайкештик. Адам жана жаратылыш бөлүп алгыс бир аалам. Тегинен табият менен тамырлаш жашаган кыргыз эли Жараткандын керемети – отту, сууну, абаны, жерди өзүнөн бөлүп карабай, жандуу кабыл алып, алар менен бир бүтүндүктө өмүр сүрүп келген. Табият – жарык жашоо үлгүсү, өмүр булагы жана нурлуу акыл-эс уюткусу. Жаратылыш мыйзамын аярдык менен тутунуу – парз. Адам – ааламдын кичи кейипкери. Туура жашоо – бул табият мыйзамын сыйлоо. Жаратылышка жасаган мамиле жана анын сулуулугун баалай билүү – адамдын билиминин жана руханий деңгээлинин көрсөткүчү. Экономикалык өнүгүү багытындагы өндүрүштүк кызыкчылыктар экологиялык талаптарга шайкеш келиши парз.

Дүйнөлүк өнүгүү менен бирге бүтүндөлүү. Азыр бүткүл дүйнө бүтүндөлүү арымына кирди. Ааламдык өнүгүүнүн агымынан сырт калууга мүмкүн эмес. Бул кең түшүнүктөгү илим-билимге умтулуу, руханияттын жаңы сересине көтөрүлүү, сергек жашоо мыйзамы коштогон жалпы адамзаттык – биригүү, бүтүндөлүү агымы. Кыргыз эли да ошол табигый агымга кошулууда жана өзүн дүйнөгө таанытуу менен, жаңы доордун суроо-талаптарын өзүнө сиңирүүгө көкүрөгүн ачты. Кыргыз түпбашаттан келе жаткан өзүнүн нарктуу жолуна түшкөндө, дүйнө эли бизди түшүнүп, баркы менен кабылдайт.

Бизге кандай коом керек.

Өлкөнүн коомдук-саясий башкаруу түзүлүшү менен улуттук идеология мамлекетти түзгөн түпкүлүктүү элдин баалуулуктарынан келип чыгышы максатка ылайыктуу. Мамлекеттүүлүктү кармап турган төрт түркүк: 1.Коомдук-саясий түзүлүш, 2.Руханий-идеологиялык баалуулуктар, 3. Экономикалык кубаттуулук, 4. Социалдык теңдик жана адилеттик маселелери илимге негизделип, руханий баалуулуктардын алкагынан чыкпай жүргүзүлгөндө шайкештиктин мыйзамы иштеп, коом тазарат, адашуу болбой, тең салмактуу өнүгүү болот. Түпкүлүгүндө адам, эл, мекен, мамлекеттин кызыкчылыгына шайкеш келген, адамдагы адеп-ыйманды, коомдогу адилеттикти, бийликтеги жоопкерчиликти ийкем айкалыштыра алган улуттук идеология өз ишин жүргүзүүгө шарт түзүүбүз зарыл.
Коомдук-саясий түзүлүш маселеси. Элдик бийликти орнотуу негизги максат болуп жаткандыктан, Өлкөнүн аталышын “Кыргыз Эл Республикасы” (КЭР), кыскача Кыргызстан -деп атоо сунушталат.
Административдик-аймактык бөлүштүрүүлөрдү натыйжалуу башкарууга ылайыкташ үчүн, эч нерсеге жооп бербеген облус, райондорду жоюп, алардын ордуна жалпы өлкөнү 14-21 аймакка гана бөлүп, айыл өкмөттөрдү ирилештирүү менен, башкарууга кетип жаткан каражаттарды үнөмдөп, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу түзүлүшүн кубаттандыруу керек жана аймактарды өнүктүрүүгө багыт алганыбыз оң.
Элдик бийликти жана адилеттикти орнотуу, коомдук көзөмөлдү күчөтүү максатында КЭРдин коомдук-саясий түзүлүшүнө Курултай системасы киргизилет. Бул система – айылдарда – жыйын, аймактарда – аймактык Курултай, жалпы өлкөдө – Улуу Курултай деп атоо сунушталат.
Улуу Курултай – коомдун өнүгүшүнүн концепциясын, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт. Элдин нарктуу, салттуу, ыйгарым укуктуу, өкүлчүлүктүү жыйыны катары, бийлик бутактарынын ишмердүүлүгүн коомдун кызыкчылыгына багыттайт жана көзөмөлдөйт. Эл бийликтин ээси экенин аныктап, республикалык жана жергиликтүү маанидеги көйгөйлүү маселелерди талкуулап, алар боюнча чечим кабыл алат.
Улуу Курултайдын алдында Элдик демилгелер борбору, Элдик көзөмөл комитети, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Аткаруу комитети иш алып барат.
Улуу Курултайдын делегаттары коомдук башталышта иштешет, алардын жалпы саны 900 өкүлдөн туруп, эки жылга түз шайланып келишет. Төрт миң шайлоочу бир делегат жана калкынын санынын аздыгына карабастан ар бир айыл өкмөтүнөн бирден өкүл шайланат.
Улуу Курултай Президенттин, Жогорку Кеңештин жыйындарынын, Жогорку соттун, Башкы прокурордун, Эсептөө палатасынын, Улуттук банктын, Статистика комитетинин жана Жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча улуттук комиссиянын отчетторун жылына бир жолу угат жана өз баасын берет. Айыл жана аймактык жыйындарда жергиликтүү башкаруу органдарынын башчыларынын отчеттору угулат жана алардын ишине баа берилет. Элдик Курултайдын жана жерлигиликтүү жыйындардын чечимдери мыйзам чегинде милдеттүү түрдө аткарылууга жатат.
Парламент Жогорку Кеңеш деп аталып, эки палатадан турат, Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны. Баардык мыйзамдар эки палатада тең каралып кабыл алынышы шарт. Мыйзам чыгаруу жыйыны жалпы шайлоочулар тике, алты жылга шайлаган 35-45 депутаттан турат. Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарын кошкондо Жогорку Кеңештин жалпы депуттарынын саны жүздөн ашпоого тийиш. Улуу Курултай өз ичинен, аймактарды эске алуу менен 2 жылга Эл өкүлдөр жыйынынын депуттарын шайлайт. Элинин санынын аздыгына карабастан чакан аймактардан сөзсүз жок дегенде бирден депутат шайланууга тийиш.КЭРдин эки палатасынын тең депутаттарынын үчтөн бири, ар эки жылда жаңыланып туруусу шарт. Бул Мыйзам чыгаруу бийлигинин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешин камсыздайт.
Аткаруу бийлигинин (Өкмөттүн) башында Президент турат, ал мамлекет башчысы жана аткаруу бийлигинин башчысы болуу менен бирге Конституциянын гаранты болуп, мамлекеттик жана саясий жоопкерчиликти мойнуна алат.
Президентти шайлоо үч этап менен ишке ашырылат. Биринчи этабында ар бир аймак өз жыйындарында бирден талапкерин шайлап, Улуу Курултайга жиберет. Экинчи баскычында Улуу Курултайдын шайлоосунан өтүп биринчи, экинчи орундарды алышкан талапкерлер жалпы элдик шайлоого сунушталат. Ал эми жалпы элдик шайлоодо жеңип чыккан талапкер Президент болот, экинчи орунду алган талапкер вице-Президенттик кызматка дайындалат да, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын милдетин аткарат жана Президент өз ишин аткара албай калган шартта токтоосуз анын ыйгарым-укуктарын аткарууга киришет.
Сот бийлигинин башында Жогорку сот турат. Конституциялык соттун милдетин да ошол Жогорку сот аткарат. Жогорку соттун ичинде эң жогорку сот органы болуп анын Президиуму турат, Жогорку соттун ичинде ошондой эле коллегиялар иштешет, алардын чечими Президиумда каралышы мүмкүн. Жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү соттор иштешет.

Элдик Курултай иниститутунун коомдук –саясый системага кириши эмне берет?
•Бийликтин ыйгарым-укуктарын элдин кызыкчылыгын канааттандырууга багыттайт;
•Бийлик бутактарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишпей көзөмөл салат;
•Бийлик бутактарынын башчыларынын отчетун угат жана баа берет;
•Бийликти узурпациялоого жол берилбейт, кылмыштуулуктун, коррупциянын тамыры кыркылат, адилеттик орнойт.
•Сырттан башкаруунун күчү азайып бара-бара токтойт. Мамлекет, эл, бийлик бир бүтүндүккө айланат. Элдик бийлик орнойт.
•Эл арасында улуттук нарк-насилди, каада-салтты, үрп-адатты, жакшы жөрөлгөлөрдү, бийик моралдык-нравалык сапаттарды калыптандырууга, ал эми жоосунсуз жоруктарды, ысырапкорчулукту четтетүүгө өбөлгө түзүлүп, башка элдердин да жакшы өрнөктөрүн пайдаланып, жаратмандыкка жана өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик идеология түптөлөт.
•Курултайдын чечимдери императивдик күчкө ээ. Элдик Курултайдын чечимдери бүткүл республиканын, ал эми жергиликтүү Жыйындардын чечимдери тиешелүү аймактын бардык мамлекеттик жана коомдук уюмдары, жеке жарандары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга жатат.
•Элдик Курултай өзүнүн чечимин өзү гана жокко чыгарат же өзгөртүү киргизет.
•Натыйжада, Курултай түзүмү мамлекеттүүлүктү сактоонун, бекемдөөнүн негизги түркүгүнө айланат.
Мамлекеттик башкаруу системасы өнүктүрүлүп, бир бүтүндүк камсыздалат. Эл менен бийликтин ортосундагы ажырым, ишенбөөчүлүк жоюлат. Республиканын негизги бийлик бутактарынын өзөктүү иштери Улуу Курултайда каралып, баа берилип, болочок иш багыттар аныкталат. Улуу Курултайда кабыл алынган чечимдер элдик өкүлдөр аркылуу түздөн-түз бардык жергиликтүү аймактарга жеткирилет жана анын аткарылышы элдин көзөмөлүндө болот. Курултай – элдин эркин, каалоосун чагылдырган, улуттун жүзүн, ар-намысын аныктап турган чен-өлчөм, көрсөткүчкө айланат.

Руханий-идеологиялык баалуулуктар. Улуттук ой-тутумдар менен идеялдарга негизделген идеологиялык ишмердүүлүк үй бүлө, коом, мамлекет масштабында системалуу жана иреттүү жүргүзүлгөндө гана өз жемишин бермекчи. Бир бүтүн кыргыз эли бүгүн, миңдеген коомдук уюмдарга, жүздөгөн саясий партияларга, ондогон диний агымдарга, кала берсе түндүк-түштүк, бай-кедей, кыргыз-киргиз болуп бөлүнүп турган учур. Сырткы идеологдор таңуулаган эрежелерди бейпарасат кабыл ала берүүнүн натыйжасында Кыргыз улутунун кызыкчылыгы тебеленип, жеке адамдын укугун көкөлөтүү күч алууда. Муну тереңден түшүнүү убактысы келди. Чачыранды болуп жаткан кыргыз духун чогултуп, ар намысын көтөрүү максатында “Манастөр” улуттук руханий борборун түптөө зарылдыгы туулду.
Жалпыга билим-тарбия берүү тармагында элдик педагогиканын уяткаруу, намыска чакыруу сыяктуу бай тажырыйба-усулдарын ыктуу колдонуу заман талабы.
Коомдогу тереңдеп бараткан туташ кризистен чыгуу үчүн биз улуттук идеологиянын негиздерин аныктап, көйгөй жараткан себептер менен күрөшүүбуз зарыл. Коомдук турмуштун чөйрөсүндөгү улуттун кызыкчылыгынын артыкчылыктары менен руханий биримдиктин принциптери айкалышып келип, ошол элдин көз караш, түшүнүк, баалуулуктарынын системасын жаратуу аркылуу улуттук идеология калыптанат. Кыргыз элин улут катары сактап турган баалуулуктар- дүйнөтааным, тарых, тил, ишеним, каада-салт, маданият, адабият, ар кандай өнөр туундулары өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнүн өбөлгөсү

Экономикалык кубаттуулук. Экономиканын кан тамыры болгон менчиктин формалары, өндүрүш жана банк системасы мыйзамдуу түрдө мамлекеттик колдоого, коргоого, керек учурда коодинациялоого жатат. Бийлик алсыз болуп, мыйзам иштебеген жерде коррупция гүлдөп, көмүскө экономиканын азыркыдай күчөшүн шарттайт. Жаратылыш кен балыктары, жер-суу, отун-энергетика, жолдор ж.б стратегиялык обеьктилер Кыргызстан элинин менчиги катары улуттук кызыкчылыкка кызмат кылуусу үчүн мамлекеттин менчигинде болгону туура деп эсептейбиз. Жер чет элдиктерге белгилүү мөөнөткө арендага өзгөчө көзөмөл алдында гана берилиши мүмкүн.
Кен байлыктарды иштетүү Кыргызстандын ишкерлерине жана жарымынан кем эмес үлүшү Кыргызстанга тиешелүү болгон биргелешкен ишканаларга берилиши керек. Ошондо гана жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы жана экологиялык коопсуздук сакталат. Кендерди иштетүүдөн түшкөн кирешелер аймактын жана республиканын кызыкчылыктарын эске алуу менен калыс чечилиши зарыл.
Айыл чарбасына өзгөчө көңүл бөлүнүп, үрөнчүлүк, асыл тукумдуулук жана ветеринариялык маселелер толук мамлекетте болушун туура деп эсептейбиз. Ар бир аймакта селекциялык станциялар, үрөнчүлүк чарбалар, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар түзүлүшү керек. Айыл чарба азык-түлүктөрүн дүйнөлүк рынокко чыгаруу максатында даярдоо конторалары мамлекеттик сатып алууларды жана сактоону уюштурушу максатка ылайыктуу. Жеңил өнөр жайында мурунку тигүү ишканаларын калыбына келтирүү керек.
Финансы жана банк системасын коррупция жана сүткорлуктан арылтып, насыялар жеңил үстөктөр менен узак мөөнөткө берилиши улуттук кызыкчылыкка жооп берет. Кыргыз сомун мамлекет өзү Кыргызстанда басып чыгарууну колго алмайын, экономикалык эркиндикке жетишүү мүмкүн эмес. Элдин турмушун жакшыртуу үчүн экономиканын реалдуу секторуна артыкчылык берүү, ата мекендик өндүрүштү көтөрүү, калкты жумуш орундары менен камсыздоо жана биридиктүү жеңилдетилген салык саясатын калыптандыруу зарыл болууда

Социалдык адидеттүүлүк. Кыргыз коомунда теңдикти жана социалдык адилеттикти калыптандырууда «Ар кимден мүмкүнчүлүгүнө жараша, ар кимге каалоосуна жараша» деген принцип менен жашоону камсыздоо башкы милдет.
Саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарындагы коррупцияны жоюп, дарылоону жана билим берүүнү толук мамлекет тарабынан каржылоого өткөрүү зарыл. Саламаттыкты сактоодо оорунун алдын алып, сергек жашоо, дене тарбия жана спорт тармактарын мамлекеттик колдоого алуу маанилүү маселе.
Кыргызстандын жаратылыш артыкчылыктарын эс алуу, туризм, илим тармактарын өнүктүрүү иши менен айкалыштырса өз натыйжасын бермек. Элге руханий азык берүүчү, туура жолго багыттоочу илим, билим, маданиятка мамлекеттик деңгээлде маани берилбей, илимий-чыгармачыл чөйрөнүн үнү угулбай, баалуулуктун баары байлык менен бийликке байланып, акчалуулардын алаңгазар кармашынан чыккан кара түтүнгө бүткүл коом ууланып, Улут тагдыры устаранын мизинде турган учур.
Биздин ата бабалар бизге караганда даанышман экен. Карт тарыхка кайрылсак, илгертен мамлекет менен улуттун өнүгүү жолун аныктагандар, маселе чечкендер эл ичинен тандалып чыккан төрөлөр менен билгилер тайпасы болгон. Алтын-күмүш, мал-мүлкү жерге батпаган бай болсо да, акыл кенчи, даанышман Бакай атадан аша түшүп кеп айтуу мүмкүн эмес экендигин алар жакшы түшүнгөн. Байлар коомдук-мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдө негизги ролду аткарышкан эмес. Ал эми азыр акыл-эс эмес –акча, баш эмес – чөнтөк маселе чечкен мезгилде жашап жатабыз. Багытыбызды таба албай коомдо адилеттик, теңдик болбой, адашып жаткандыгыбыздын бир себеби ушунда.
***
Азыр замандын талабы өзгөрдү, дүйнөлүк элдер менен интеграция күчөп жатат. Бараткан багытыбызды, басар жолубузду аныктабасак адашуу улана берет. Кыргыз элинин коом түзүү, эл башкаруу тажырыйбаларын -жолу улуулук, улуттук дух жана ар намыс, Элдик курултай институту, мекендин ыйыктыгы, үй бүлөдөгү ата-эне жана баланын орду, аксакалдык, жигиттик, кыз намысы ж.б түшүнүктөрүн турмушта негиз тутуп, мыйзамдаштыруу зарылчылыгы туулду.
Биз түпбашаттан келе жаткан салттуу жолубузга түшкөндө гана учурда күн санап жукарып бараткан адеп-ыйман, уят-абийир, сый-урмат, ар-намыс, ынтымак, биримдик маселелерин ордуна келтире алабыз. Бабалардан келе жаткан баалуулуктар – Эл, Жер, Мекен; Манас, Тил, Боз Үй; Ак Калпак, Ак Элечек, Комуз; Улуттук мүнөз, Тарых, Салт бизди Улуу журт катары бириктирип турат. Биз эми өз ата-бабаларыбыздын жолуна түшүүгө, алардын атын, атак-даңкын кайра көтөрүүгө жана өзүбүз да ошолордой эрдик жасап жашоого милдеттүүбүз! Кыргыз жолу – ал байыркы ата-бабаларыбыз баскан жол. Биз ошол улуу жолду татыктуу улантууну көздөп жатабыз.
Кан төгүү, кармашуу, тирешүү келечеги жок, пайдасыз жол. Аны эки жолку революция да көрсөттү. Бийлик менен байлык талашуу- жалпы элдин тагдыры, жаркын келечегине байланышкан маселеге салыштырганда алда канча мажес, майда маселе. Учурда улуу максаттын урматына колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү, бардык руханий, илимий, материалдык, бийлик, адам ресурстарын бир нукка багыттоо зарылчылыгы бышып жетилди.
Азыр өнөкөткө айланып бараткан ач көздүктү, түркөйлүктү, көрө албастыкты түптамырынан жулуп салып, ордуна айкөлдүктүн, адилеттиктин, аруулуктун үрөөнүн себиш үчүн нарктуулуктун негизинде мыйзамдуулукту орнотушубуз керек болууда. Орошон ой, омоктуу максат, айтылган улуу сөз- жасалган иш менен бекемделүүсү шарт. Коомдогу текши өзгөрүү, улуу бурулуш, ар бир адамдын жакшы жака өзгөрүүсүнөн башталат. Карайлаба кан Манастын урпактары,кана эмесе кыргыз көчүн уланталы!

Улуттук Биримдик Кыймылы (УБК)

УБКнын ураан-чакырыктары:

  • Улутум кыргыз – урааным Манас!
    • Мамлекет – эл үчүн, Эл – мамлекет үчүн!
    • Улуттук өзөк- өнүгүүгө өрнөк!
    • Өнүгүүнүн өз жолуна түшөлү!
    • Кыргыз табиятына ылайык заманбап Баш мыйзам кабыл алынсын!
    • Жашасын, Элдик бийликтин, адилеттиктин кепилдиги – Элдик Курултай!
    • Эл – бийликтин ээси! Эл бийлиги-элге! Эл байлыгы элге!
    • Биримдик, ынтымак, эмгек – аркылуу гүлдөгөн дөөлөт курабыз!
    • Салттуулуктун негизинде мыйзамдуулукту орнотолу!
    • Ач көздүк эмес, Айкөлдүк жолго түшөлү!
    • Илим жана техникага, билим жана руханиятка басым жасайлы!
    • Жашасын, океандай Манасты жараткан Кыргыз тили.!
    • Мекенди көздүн карегиндей сактайлы!
    • Тынчтык жолу менен жаңыланууга!

Улуттук Биримдик Кыймылы (УБК) ушул Кыргызстандын идеологиялык жана коомдук-саясий түзүлүшүнүн негиздери боюнча Кыргыз Эл Республикасынын Конституциясынын долбоорун сунуштайт.

 Кадыр Кошалиев, Улуттук Биримдик Кыймылынын мүчөсү

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: